Кыз-Коргон капчыгайы

Википедия дан

Кыз-Коргон капчыгайы - Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталында. Чолпон-Ата суусунун сол куймасынын алабынан орун алган. Ысык-Көл районунун аймагында. Байыркы мөңгү эригенде КызКоргон суусу көбөйүп, тик капталдуу жалама капчыгайды пайда кылган. узундугу 7 км, деңиз деңгээли бийиктиги 2000-2800 м. Туурасы 10 мден 500 мге чейин. Капчыгай Сарала-Саздын тушуна жеткенде кууштап, тектон. жарака боюнча шаркыратма пайда кылып, улам төмөндөгөн сайын 500 мге чейин кеңийт. Төмөнүрөөк Агала-Таш тоосун кесип өтүп, кайрадан кууштайт. Чыгыш капталы байыркы түздүктүн калдыгы. Суунун нугунан 30-450 м көтөрүңкү. Батышы байыркы мөңгүнүн шилендилеринен туруп, суунун нугунан 150-300 мге көтөрүлөт, өсүмдүктөргө бай. Каледондун кызыл, боз, гранит, гранитдиорит жана башка тектеринен түзүлгөн. Капчыгайдын таманында жана батышында карагай, арча, табылгы, бөрү карагат, карагат жана башка, чыгышында бийик чөптүү шалбаа өсөт. Туризмге ылайыктуу. Жай мезгилде эмгекчилер эс алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]