Кыз Оюн

Википедия дан

Кыз Оюн, жар көрүшүү — кыргыз элдик оюндардын бири. «Манас» эпосунда Семетей баатыр Акун кандын шаарына күйөөлөп барганда, Айчүрөктүн тоюнда К. ошондой жөнүндө айтылат:

Сексен келин, сексен кыз

Сексен жигит, сексен уул

Серпилип оюн салышып,

Оромолдон жоолугун

Токмок кылып бурушуп,

Ургаачы, эркек аралаш,

Бири-бирин урушуп,

Мына минтип турушуп,

Кезек токмок алышып,

Сүйгөнүнө салышып,

Эркектери ырдашып,

Ургаачылар тыңдашып,

Эрикпей ойноп алышып

Сүйгөнүнө барышып,

Кымыз ичип кызышып,

Сөөк тери ысышып,

Жыргалдын четин караса,

Кайран жеңең Айчүрөк

Ушундай салды тамаша (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 69).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4