Кыз көрүү

Википедия дан

Кыз көрүү каада-салты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыз көрүү - баласы 15-16га чыкканда (андан мурун деле) баланын атасы кыз көрө баштайт жана кыздын ата-энесине да карайт. Башка уруудан ала берет, өз уруусунан канча ата өткөндөн кийин кыз алышарын билбейт, бирок жакын туугандар кыз алышпайт дейт.

Кызды ата-энесин, үй-жайын карап туруп баланын атасы жактырат да, теңтуштары аркылуу айттырат (жаш болсо айтпайт). Эгер балага жакпаса өзүнүн оюндагы кызды айтат, атасы макул болсо же атасы каалаганга баласы макул болсо, кээде атанын эле ою менен, бирине (кызга) кудалашмак болот.

Баланын атасы жакын көргөн 1-2 жакшыны (көбүнчө өз тууган уруусунан) жиберет. Буларды жуучу дейт. Булар жөн эле (эчтекесиз эле) сүйлөшүүгө барат. Кыз атасы макул болсо эч калың бычпай эле кабарын айтып келет. Жуучу түшкөн жер макул болсо баланын ата-энеси куда түшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каада-салттар. Ак баталар / А. Акматалиевдин жалпы ред. астында; Түзгөндөр: А. Акматалиев, К. Кырбашев, М. Өмүрбай уулу, Ө. Шаршеналиев. Кырг. Улут. И. А. ж.б. — Б.: «Шам», 2003-ж. («Эл адабияты» сериясы). ISBN 9967-10-123-1