Кыйба

Википедия дан

Кыйбатопоним. "Манас" эпосунда өлкө, шаар, эл аты, көбүнчө тажиктердин мекени катары көп эскерилет. Мисалы, Жакып Манаска колукту издеп К. журтуна барып жана анын каны Атемирдин кызы Санирабигага (Каныкейге) куда түшүп, уулун үйлөндүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 350—488). Тарыхый жана географиялык реалияда Хива кандыгы Орто Азиядагы 16жана 20-кылымдын башындагы мамлекет. Борбору — Вазир, Үргөнч, Хива болгон. Хива мамлекети кыргыздар менен байланышта болгону «Семетейдеги» Акункандын шаары Үргөнч болгону да, «Кедейкан» эпосунда Кедейкан К. шаарында өкүмдар болгонунан да көрүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4