Кылчык жүндүү кой

Википедия дан

Кылчык жүндүү кой — жүнүнүн ичкелиги жана узундугу ар кандай кой породасы. Алынган продукцияга жараша Кылчык жүндүү кой төмөндөгү топторго бөлүнөт: тондук тери багытындагы койлор (роман кою, кулунду кою, түндүк кыска куйрук кой); көрпө-сүт багытындагы койлор (каракөл кою, сокол кою) жана башка; эт-май багытындагы койлор (гиссар кою, эдилбай кою, жайдары кой жана башка); жүн-эт багытындагы койлор (кучугур кою, черкас кою, дарваз кою жана башка; эт-жүн-сүт багытындагы койлор (балбас кою, мазех кою, карабах кою, карачай кою, лезгин кою, авар кою жана башка). Кылчык жүндүү койдун ар жүзүнөн 100-140 (роман коюнан 200-300) козу алынат, ар биринен 0,85-2,5 кг жүн кыркылат. Кылчык жүндөн кийиз, кийиз өтүк жасалат, килем жана башка токулат. Кылчык жүндүү койдун салмагы бирдей эмес. Мисалы, гиссар породасындагы соолуктун тирүүлөй салм. 90 кгдай, ал эми роман породасындагы соолуктуку 45 кг.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]