Кылычев Абдырасул

Википедия дан

АБДЫРАСУЛ КЫЛЫЧЕВ (1919–1951) - акын, котормочу, жазуучу.

Абдырасул Кылычев Тянь-Шань районунун Ак-Кыя айылында 1919-жылы туулган.

1939-жылы Фрунзедеги мугалимдер институтун, кийин Республикалык партиялык мектепти, 1942-жылы аскердик окуу жайын бүтүргөн.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

Мектепте мугалим, «Тянь-Шань правдасы», «Ленинчил жаш» гезиттеринин редакцияларында, Кырмамбаста иштеген.

«Ырлар» аттуу алгачкы поэтикалык жыйнагы 1949-жылы жарык көргөн. Элге кеңири тарап кеткен «Алмага», «Журтум, сага жаным курман», «Сармерден» ж.б. көптөгөн белгилүү лирикалык чыгармалардын автору. Көптөгөн орус акындарынын жана Г.Х.Андерсендин жомокторун кыргыз тилине которгон.

1942-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жаш акындар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 45-47 б.

Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 47 б.

Эне: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 136 б.

Мурас: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 140 б.

Орус тилинде

Антология кыргызской поэзии. – Б.: Кыргызстан-Сорос фонду, 2000. – 2-т. – 144 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]