Кылыч чабышуу

Википедия дан

Оюнчулардын саны 2—6 киши.

Оюн аянтчада, талаада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда колдонулуучу аспаптар-таяктар.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулар колдоруна таяктарын алышып, экиден болуп турушкандан кийин шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бири биринин таяктарын өз таяктары менен уруп колдорунан түшүрүүгө тийиш. Эгерде оюнчулардын бирөөсү атаандашынын таягын уруп түшүрсө орун алмашышып оюнду кайрадан каалашкан убакытка чейин улантышат. Атаандаштарынын таяктарын көп жолу уруп түшүргөн оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таяк менен таякчадан коргонуу.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине жакын турууга, жакындоого, тоскоолдук кылууга, таяктан эки кол менен кармоого, таяктан башка жерге уруп жиберүүгө, адепсиздик кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч, шамдагайлык, ылдамдыкка тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, чечкиндүүлүккө, тартипти сактоого үйрөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]