Мазмунга өтүү

Кыл чайнаш

Википедия — ачык энциклопедия
Кыл чайнаш
РежиссеруМайкл Манн
Продюсер
ЖазуучуМайкл Манн
ОператоруДанте Спинотти
Тартылгандар
МузыкасыЭллиот Голдентал
Редактору
ЖайылтуучуWarner Bros.
Чыккан жылы
  • декабрь 15, 1995 (1995-12-15)
Узактыгы170 мүн.
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$60 млн[1]
Киреше$187.4 млн[2]

“Кыл чайнаш” (англ. Heat, орус. Схватка) – 1995-жылы тартылган америкалык криминалдык тасма. Продюсери жана режиссеру Майкл Манн. Тасмага тартылгандар: Роберт Де Ниро, Ал Пачино жана Вал Килмер. Де Ниро ашынган ууру Нил Макконини аткарса, Пачино Макколинин изине түшкөн уурулук жана киши өлтүрүүнү изилдеген детектив лейтенант Винсент Ханнаны ойногон. Тасманын окуясы Чикагонун мурунку полициясы Чак Адамсондун 1960-жылдары Макколи аттуу кылмышкердин артынан түшүү окуясына негизделген. Ошондуктан Де Ниронун каарманы да Макколи деп аталган. Манн алгач сценарий жазып, аны телевидение сериясы катары тарткан. Бирок сериялуу тасма көп деле оозго алынбагандыктан, аны кайрадан тасма катары тарткан. Тасма алгач 1989-жылы эксперименталдык тасма катары “L.A. Takedown” деген аталышта телевидениеде экранга чыккан.

“Кыл чайнаш” $60 млн бюджети менен Американын өзүндө $67 млн, дүйнөлүк аренада $187 млн (2017-жылы $295 млнго жакын) киреше алып келүү менен ийгиликтүү сатылган. Киносынчылар да жылуу пикирлерин айтышкан. Киносынчы агрегатор “Rotten Tomatoes” 86% оң пикирлүү баа берүү менен тасмага “абдан чеберчилик менен аткарылган жана Майкл Манндын бул жанрдын устасы экенин көргөзгөн абдан таасирдүү криминалдык тасма” деген пикирин билдирген.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Heat (1995). JP's Box-Office. Текшерилген күнү 11 Апрель 2016.
  2. Heat (1995). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 16 -август (баш оона) 2010.