Кыпчак, Сузак району
Көрүнүш
Кыпчак, Сузак району — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Барпы атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээли 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 10 км. Калкы 950 (2008); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Медпункт, мектеп, мечит, таза суу бар. Бишкек - Ош трассасынын боюнда жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9