Кыргызстандагы күйүүчү заттар

Википедия дан

Кыргызстандагы күйүүчү заттар — Күйүүчү заттарга биринчи кезекте көмүр кендери кирет. Кыргызстан көмүрдүн запасы боюңча Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан алдыда. Республиканын аймагындагы табылган көмүр кендеринин бардыгы эле мезозой заманындагы триас мезгилинин аягы, юра мезгилинин башталышына туура келген чөкмөлөрдүн арасында жайгашкан. Көмүр кендеринин бир катары Түштүк Кыргызстанда (Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Көк-Жаңгак жана Таш-Көмүр) жайгашкан. Түндүк Кыргызстанда көмүр кендери Ысык-Көл өрөөнүндө (Жыргалаң, Кажы-Сай) жана Кавак бассейнинде (Кара-Кече) кездешет. Өнөр жайдын азыркы кездеги талабына жооп берген көмүрдүн жалпы өлчөмү 28,3 млрд. т, анын чалгынданганы 2,3 млрд. т, болжолдонгону 26 млрд. т. Сапаты боюнча энергетакалык күрөң көмүр— 18%, төмөнкү деңгээлде метаморфизмделген энергетикалык таш көмүр — 70%, технологиялык коксталуучу таш көмүр — 9%, жогорку деңгээлде метаморфизмделген энергетикалык таш көмүр — 1%, технологиялык антрациттер жана жарым антрациттер — 2%.