Кыргызстандын архивдери
Кыргызстандын архивдери — Кыргыз Республикасына тийиштүү архивдер.
Кыргыз Республикасынын архив тармагынын курамын 3 борбордук, 8 облустук, 53 райондук шаардык мамлекеттик архивдери түзөт.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Совет убагында
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз жергесиндеги архивдик иш 1926-жылы Кыргыз АССРи түзүлгөндөн баштап башталган. Бул жылдын 30-августунда архивдик ишти уюштуруу боюнча токтом кабыл алынса, 26-сентябрь күнү бардык архивдик маалыматтарды чогултуп,бирдиктүү фонд түзүү максатында КАО аткаруу комитетинин алдында архивдик бюро түзүлгөн. Архивдик бюро 1927-жылдын март айында, эми Кыргыз АССРинин архивдик башкармачылыгы болуп кайра түзүлгөн. Натыйжада ошол мезгилде Архивдик башкармачылыктын филиалдары — кантархивтер (кантондук архивдер) да пайда болот.
Кийин, 1938-жылы кантондор жоюлуп, булар "райондук архивдер" болуп өзгөргөн. Ошол эле жылы Архбашкармачылык ИИМдин карамагына өтүп, анын алдындагы "архивдик бөлүм" болуп аталат. 1941-жылы Мамлекеттик Фоно-Фото-Кино Документтеринин архиви түзүлөт. Согуштан кийин архивдик филиалдар бардык райондорго жайыла баштайт.
1960-жылы болсо республикадагы бардык архивдик мекемелер Министрлер Советинин карамагына өтүп, анын алдындагы архив болуп түзүлөт. Кыргыз ССРинин Президиумунун указы менен 1963-жылдын 15-апрелинде мамлекеттик архив тармактарын реорганизациялоо ишке ашкан. Кыргыз ССРинин МинСоветинин 1964-жылдын 4-марттагы №121 токтомуна ылайык Кыргыз ССРинин мамлекеттик архивдеринин түйүнү бекитилген жана алардын филиалдары менен тейлөө аймактары белгиленген. 1968-жылдын 4-апрелинде Минсоветтин №121-токтомуна ылайык мамархивдерди күчөтүү боюнча, 1-августта болсо ийрилештирилген филиалдардын алдында ведомстволук документалдык материалдарды кайра иштетүү боюнча атайын топтор түзүлгөн. Мында, иш кагаздарды илимий техникалык иштетүү принциби эң биринчи орунга чыгарылат. 1984-жылы Борбордук Мамлекеттик Архивден БМ Илимий-Техникалык Архив бөлүнүп чыккан.
Эгемен жылдарда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги №264-чечиминин негизинде райондук архивдерге "мамлекеттик архив" деген статус берилет.
Мамлекеттик архивдер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Борбордук Мамлекеттик Архиви (КР БМА)
- Кыргыз Республикасынын Саясий Документтер Борбордук Мамлекеттик Архиви (КР СД БМА)
- Кыргыз Республикасынын Кинифотофоно Документтер Борбордук Мамлекеттик Архиви (КР КФФД БМА)
- Президенттин Архиви
Облустук Архивдер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Баткен Облустук Мамлекеттик Архиви (БОМА)
- Жалал-Абад Облустук Мамлекеттик Архиви (ЖОМА)
- Нарын Облустук Мамлекеттик Архиви (НОМА)
- Ош Облустук Мамлекеттик Архиви (ООМА)
- Талас Облустук Мамлекеттик Архиви (ТОМА)
- Чүй Облустук Мамлекеттик Архиви (ЧОМА)
- Ысык-Көл Облустук Мамлекеттик Архиви (ЫОМА)
Шаардык архивдер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кошумча караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- КР Архив агенттиги
- Орусиянын архивдери
- Казакстандын архивдери
- Өзбекстандын архивдери
- Архивчилер күнү
Атайын сайттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Сазанова К.К. Тарых мурастарына тагдырлаш архивчилер//"Рух кенчи" гезити. —№8 (92) август. —Бишкек:"ММК колдоо боюнча борбор" коомдук фондунун басмаканасы, 2002. —13-б.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- [https://web.archive.org/web/20140802204530/http://in.presskg.com/?p=37 Archived 2014-08-02 at the Wayback Machine Борбордук мамлекеттик архивдер тууралуу маалымат]
- О.Ахмедов: Архив мекемелеринде 4 миллионго жакын документтер сакталып турат — Кабар.Kg(жеткиликсиз шилтеме)
- АРХИВ – АР ТАРАПТУУ ИШ (КР БМА тууралуу) — Эркин-Тоо гезитинде(жеткиликсиз шилтеме)
- Государственные архивы Кыргызской Республики