Мазмунга өтүү

Кыргызстандын берилий рудалары

Википедия дан

Кыргызстанда бериллий рудалануусунун бар экендиги Тажик-Памир экспедициясынын Түркстан кырка тоосунда жүргүзүлгөн геологиялык изилдөөлөрүнөн белгилүү болгон. 1932-ж. бул жерде сейрек металлдуу пегматиттерде берилийдин Кыркбулак, Карасуу-Каравшин ж. б. кендери табылган.

1960-ж. Актүз жана Куттуусай-2 сейрек металл-полиметалл кендеринин жанынан Келесай фенакит кени, ал эми 1964-66-жылдары Кастек кырка тоосунан Достук, Альбиттүү ж. б. фенакит-бериллий кенчелери ачылган. Республикадагы бериллий кендери менен кенчелеринин жайгашкан орундары боюнча 4 аймакты бөлүүгө болот: Күмүштак, Актүз-Кастек, Айтөр-Керегеташ жана Алай. Алардын ичинен келечеги барлары биринчи экөө болуп эсептелет. Кыргызстандын айрым кендеринде бериллийдин запасы бир кыйла көп болгону менен, республикадагы анын бардык рудаларында бериллий оксидинин өлчөмү төмөн (жарды) келет. Азыркы мезгилге карата бир гана Келесай кени дыкат чалгындалып, бериллийдин запасы эсептелген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]