Кыргызстандын экологиялык көйгөйү

Википедия дан

Кыргызстандын экологиялык көйгөйү – бул бири-бирине көз каранды, бири-бири менен байланышкан жалпы жана локалдык, улуттук кызыкчылыктарды бириктирген өтө татаал система.

Бул экологиялык проблемалардан төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:

Негизинен болуп, табигый кырсыктар(көчкү,сел жүрүү,жер титирөө) ж.б.эсептелет.Азыркы учурда Кыргызстандын ири шаарларында анын ичинде Ош шаарындагы автозаправкалар шаардын чок ортосуна курулгандыктан, калк көп чогулган жерде элдин массалык коопсуздугуна, анын ичинде экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө, жарылуу болуп кетсе ким жооп берет?

Экологиялык нормаларын, курулуш стандарттарынын нормаларын кайра карап чыгып, шаар ичиндеги автозаправкаларды шаардын четине көчүрүү мезгилдин заманбап талабы экенинин унутпасак.

Жаратылыш байлыктарын пайдаланууда сыртка чыгарылган (экспортко) жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрүнө, продукцияларына уруксат берүүдө, көзөмөл кылууда, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн жыйноодо, дары-дармек чөптөрдү сыртка чыгарууда, (экспорт) пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башкармалыктардын, шаардык, райондук инспекцияларынын түздөн-түз көзөмөлүнөн чыгып Бажы (таможня) органдары сыртка уруксатсыз чыгарууда (лицензиясы жок).

Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө чыгарууда мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында жаратылыш ресурстарын пайдаланууда (өсүмдүктөр дүйнөсүн, жаныбарлар дүйнөсүн) акыркы 15-20 жылда коррупциялашып сыртка чыгарылган фактылар жылдан-жылга өсүп жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактылары айдан-айга, жылдан-жылга артып жатканы айкын.\

Экологиялык коопсуздук бул курчап турган айлана-чөйрөнү эле коргоо эмес, жалпы элибиздин саламаттыгынын коопсуздугу эмеспи!

Область , шаар, райондордо чарба субъекттилеринин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири;таштанды калдыктар, абага чыгаруу, суу саркындыларды агызып чыгаруу маселеси да чон көйгөйдү жаратат.Алсак,таштанды айлана-чөйрөгө эле эмес,адамдын ден-соолугуна да зыяндуу кедергисин тийгизет,мисалы:таштанды топтолгон жерлерде жашаган адамдардын организми шлактарга толот.

Экологиялык индекстин көрсөткөн маалыматтын негизинде (EPI) Кыргызстан экологиялык абал жана экосистеманын жашоо жөндөмдүүлүгү боюнча 180 өлкөнүн ичинен 99-орунда турат. Анын ичинен абанын сапаты боюнча 132-орун, суунун булганышы жана санитардык абал боюнча 104-орун, биотүрдүүлүк боюнча 97-орунда турат (15).

Бүгүнкү күндө экологдорду кооптондурган негизги беш экологиялык көйгөй бар:

  1. абанын булганышы;
  2. климаттын өзгөрүшү;
  3. суу ресурстарын сарамжалсыз колдонуу жана булгоо;
  4. калдыктар;
  5. биотүрдүүлүктү коргоо[1].

Абанын булганышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Республиканын ири шаарларында абанын сапаты жеке көрсөткүчтөр боюнча бир кыйла начарлап кеткен. Шаарларда атмосферадагы чаңдын концентрациясы мамлекеттик сапат стандартынын нормаларынан 1,5-сеге6 э ашат[2]. Калктуу пункттардагы атмосферадагы абанын сапатын мониторинг көргөзгөндөй, абанын эң булганган жерлерине Бишкек жана Ош шаарлары кирет. Шаар жерлериндеги абанын тазаруусун жөнгө салууну чечүү оңой эмес, бул улуттук контексте гана эмес, эл аралык деңгээлде чечилиши керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология башкы башкармалыгында бүгүнкү күндө атмосферадагы абанын булгануусун  көзөлдөп турган республиканын төрт шаарында 14 постто көзөмөлдөнөт. Бишкек шаары 7 пост, Кара-Балта 2 пост, Токмок 2 пост, Ош 1 пост, Чолпон-Ата 2 пост[2].

Климаттын өзгөрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буга чейин климаттын өзгөрүшү боюнча көйгөйлөр жөн гана таалкууланып келсе, бүгүнкү күндө ал чыныгы көйгөйгө айланып, жашоо шартка жана экономикалык өнүгүүгө чоң таасирин тийгизүүдө. Бул бардык адамзат үчүн өтө олуттуу чакырык, анын ичинен биздин республикабыз үчүн. Бул көйгөй ар кандай катастрофаларды алдын алуу үчүн тез жана шашылыш түрдө чара көрүүгө чакырат.

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу регрессиянын негизки факторлору пайда боло баштады. Алар айыл чарбасындө өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү, суунун тартыштыгы көбөйүүдө, метеорологиялык кубулуштардын кооптуу болуусу, экосистеманын бузулушу жана адамдардын ден соолугуна зыян келиши.

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн абалы боюнча божомолдор өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Себеби мөңгүлөр Кыргызстандын суу ресурстарынын потенциалдуу запасы болуу менен бирге глобалдык тең салмактуулукту сактоодо Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азия регионунун туруктуу өнүгүшү үчүн да маанилүү.

Суу ресурстарын туура эмес колдонуу жана булгоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда суу ресурсу эң ири ресурстардын бири болуп саналат. Кыргызстанда суу энергия өндүрүүдө жана иригацияда колдонулат. Мындан тышкары коңшу өлкөлөргө да экспорттолот. Бирок сугат суусун коңшу мамлекеттерге бөлүштүрүүдө да, өзүбүздүн  республиканын ичинде да так жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жок. Акыркы жылдарда суунун натыйжасыз коротулуп жатканы байкалууда, анын 90%ы ирригациялык тармакта. Мунун себеби ирригациялык жана суу бөлүштүрүү системаларынын техникалык абалынын канааттандырарлык эместиги, техниканын эскилиги болуп саналат.

Мындан сырткары ичүүчү сууну туура эмес пайдалануу да көп кездешет. Мисалы, огороддогу жашылча-жемиш, бак-дарактарды сугаруу сыяктуу.

Калдыктар – Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктүн узак мезгилинин ичинде радионуклиддерди, оор металлдардын туздарын (кадмий, коргошун, цинк, сымап), ошондой эле уулуу заттарды (цианиддер, кислоталар, силикаттар) камтыган ири көлөмдөгү өнөр жай жана коммуналдык катуу калдыктар топтолгон. ( нитраттар, сульфаттар жана башкалар). Айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу калдыктарды башкаруу маселеси абдан актуалдуу болууда.Уулуу калдыктардын негизги бөлүгү Ысык-Көл (61,4%) жана Баткен (25,8%) облустарына туура келет. Баткен облусунда алардын пайда болушунун негизги булактары Айдаркен сымап комбинаты жана Кадамжай сурьма комбинаты болуп саналат. Ысык-Көл облусунда 1997-жылдан бери калдыктардын көлөмү “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжасында кескин көбөйгөн. Көптөгөн радиоактивдүү калдыктарды сактоо жайлары калктуу пункттардын ичинде жайгашкан. Бирок алар  тийиштүү деңгээлде сакталбайт.  Ошол себептен алар адамдардын ден соолугуна зыян келтириши толук мүмкүн. Бүгүнкү күндө жаратылыштын кубулуштарынын көбөйүшү менен сел, көчкү жүрүү сыяктуу табигый кырсык болсо радиоактивдүүлүк көбөйүп айлана-чөйрөгө тароо коркунучу жаралат. Бизде радиоактивдүүлүктүн канчалык деңгээлде тараганын да көрсөтүп турчу көрсөткүчтөр жок.

Таштандыларды чыгаруу маселеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда шаарларда (Республикалык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн маалыматы боюнча) таштандылар үчүн 31 полигон бар, анын жарымынан көбү (55%) санитардык нормаларга жооп бербейт. Колдонулуп жаткан контейнерлер жана адистештирилген автотранспорт шаарлардын керектөөлөрүн канааттандырбайт. Таштандыларды өзүнчө чогултуу системасы (тамак-аш калдыктары, макулатура, текстиль, металл сыныктары жана башка) толугу менен талкаланган. Калдыктарды кайра иштетүүчү  заводдор жок. Аймактарды таштандылардан  тазалоо системасы жеткиликтүү эмес. Шаарда жана шаар четиндеги аймактарда көзөмөлсүз таштанды таштоочу жайлардын саны кескин көбөйгөн.

Биотүрдүүлүктү коргоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын аймагы биологиялык ар түрдүүлүктүн жогорку концентрациясы менен айырмаланат. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан түрлөрүнүн тизмесине канаттуулардын 53 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 26 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 2 түрү, сойлоочулардын 8 түрү, балыктардын 7 түрү, муунак буттуулардын 18 түрү жана жогорку өсүмдүктөрдүн 89 түрү, козу карындын 6 түрү кирет. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Кызыл китебинин жаңы басылышы чыккан, анын жаңыланган тизмесине сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан 207 жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрү киргизилген. Сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрүнүн тизмеси акыркы жолу 1984-жылы жаңыланган. Жашоо чөйрөсүнүн кескин өзгөрүшү жана өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жаратылыштан түздөн-түз жок кылынышы 11 түрдүн жок болушуна алып келип, башкаларынын жок болуп кетүү коркунучун жараткан. Ошентип фаунадан ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн 3 түрү жок болуп кеткен, 15 түрү жок болуп кетүү коркунучунда; Канаттуулар фаунасынан 4 түр жок болуп кеткен, 26 түрү жоголуу алдында турат. Дары-дармек өсүмдүктөрүнүн, ошондой эле декоративдүү-техникалык маанидеги өсүмдүктөрдүн 3 түрү дээрлик жок болуп кеткен. 54 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат.  

Адамдар да токойлорду, бак-дарактарды, кыйып алардын азайышына алып келүүдө. Мындан сырткары да дары чөптөрдү түп тамыры менен казып алып, алардын жок болушуна алып келүүдө[3].

  1. "Кабар": Экологическое положение в Кыргызстане. 13.11.2017 (орус.). https://kabar.kg/news/ekologicheskoe-polozhenie-v-kyrgyzstane/ Кирүү күнү: бугу айынын 17, 2022.
  2. 2.0 2.1 Грязный воздух. Районы в Бишкеке, опасные для жизни, 26.02.2018 (орус.). https://24.kg/obschestvo/76866_gryaznyiy_vozduh_rayonyi_vbishkeke_opasnyie_dlya_jizni/ Текшерилген күнү: бугу айынын 17, 2022.
  3. Экологический обзор КР. Бишкек, 2009. (орус.). ://aarhus.kg/wp-content/uploads/2017/01/Ecoobzor_2009.pdf