Кыргызстан кооздук таштары

Википедия дан

Кооздук таштарга жаратылышта сейрек учуроочу, өңүнүнүн кооздугу, катуулугу ж. б. мыкты сапаттары менен айырмаланган минералдар менен тоотектер кирет. Алар зергерлик, кооздук көркөмдөө иштеринде колдонулат.

Республиканын аймагында зергерлик таштардан аметист, альмандин, рубин, кочкул жашыл хромдиопсид, ачык жашыл гроссуляр, циркон, андалузит бар. Аметист чакан чогундулары республиканын көп жеринде белгилүү. Мамлекеттик баланска Көкмойнок-2 аметист кени (аметистин запасы С2 категориясы боюнча 145 кг), Көкпак-Жогорку кени (аметист С1 категориясы боюнча 122,6 кг). Макбал альмандин (кочкул кызыл гранат) кени алынган. Арчалы суусунун өрөөнүндөгү жашыл гранаттын, Сох суусунун алабында рубиндин, Тегизбайдагы кочкул жашыл хромдиопсиддин чогундулары баалуу жана келечектүү болуп саналат.

Кооздук-көркөм таштарга республиканын аймагында кезиккен тоо хрусталы, агат, хальцедон, морион, опал, нефрит, родонит, ирризириялоочу талаа шпаты, жадеит, родонгит ж. б. кирет. Булардын ичинен чалгындалганы жалгыз Оттук талаа шпаты кени (баланстык запасы С1 категориясы боюнча — 180 т). Көркөмдүк таштардан оникс, яшма, кремний, серпентинит, роговик ж. б. бар. Алардын ичинен өнөр жайлык деңгээлдегилери: Ноокат районундагы Улутоо мрамор оникси кени (оникстин запасы — 94 т), Кожогаир мрамор оникси кени (оникс — 116 т), роговиктин Күмүштак (Четинди) кени (роговиктин запасы — 13 миң т).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]