Кыргызстан 2017 кышкы Азия оюндарында

Википедия дан
Туусу, оюндарда колдонулат
ЭОК коду:KGZ
УОК:Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
Саппородогу кышкы Азия оюндары
Спортчулар 33  спортчу 4 спорттун түрү боюнча
Туучу Элзар Болотбеков
Медалдар Алтын Күмүш Коло Баардыгы
'

0


0


0


0
Жайкы Азия оюндарынын катышуучусу
1994  • 1998  • 2002  • 2006 • 2010  • 2014  • 2018  • 2022
Кышкы Азия оюндарынын катышуучусу
1996  • 1999  • 2003  • 2007 • 2011  • 2017

Кыргызстан 2017 кышкы Азия оюндарына 33 спортчусу менен, спорттун 4 түрү боюнча катышат: хоккей, биатлон, муз үстүндө бийлөө жана лыжа тебүү спортторунан. Делегацияга спортчуларды кошкондо 39 адам кирет. Спортчулардын аталган мелдешке катышуусу үчүн мамлекеттик бюджеттен 8 миллион 737 миң сом бөлүнгөн.

Катышуучу курамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хоккей боюнча улуттук курам: Эсен уулу Аман, Урмат Шейшеналиев, Канат Абылмечин уулу, Дуулат Абышев, Атай Исмаилов, Залкар Салмоорбек уулу, Адилет Жоокаев, Төлөгөн Жолдошбек уулу, Саламат Тыналиев, Таалай Сүйүнбаев, Уран Турсунбеков, Адис Качкынбеков, Адилет Кызабек уулу, Айбек Шакиров, Артём Семилетко, Олег Колодий, Владимир Ничупуренко, Даниил Шушенков, Нуржан Ибраимов, Антон Кудашев, Павел Сазонов, Элзар Болотбеков, Ринат Мустафаев.

Машыктыруучулар: Анвар Оморканов, Бакыт Иманалиев, Муратбек Жакыпов.

Биатлон жана лыжа жарыштарына катыша турган спортчулар: Кундуз Абдыкадырова, Тариэл Жаркымбаев, Нурбек Доолатов, Наталья Левданская.

Машыктыруучу: Александр Левданский.

Муз үстүндө бийлөө боюнча улуттук курам: Лаура Исмагулова, Александра Нестерова.

Машыктыруучу: Елена Швеймер.

Тоо лыжасы боюнча мелдешке катыша турган спортчулар: Максим Гордеев, Евгений Тимофеев, Ольга Палюткина, Дариха Мураталиева.

Машыктыруучу: Игорь Борисов.