Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитети | |
Мүчөлүк: | |
---|---|
Штаб-квартирасы: | |
Уюмдун түрү: | |
Жетекчилери | |
Төрагасы | |
Башкы катчысы | |
Негизделген | |
Түзүлгөн | |
Катталган | |
olympic.kg |
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетти — эл аралык олимпиадалык кыймылда Кыргызстандын атынан чыккан уюм. 1991-жылы негизделген жана 1993-жылы ЭОКто катталган.
Штаб-квартира Бишкекте жайгашкан. Эл аралык олимпиада комитетинин, Азия Олимпиада кеңешинин Archived 2022-09-26 at the Wayback Machine жана башка эл аралык спорт уюмдарынын мүчөсү.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстандын олимпиадалык комитетинин тарыхы 1960-жылы Советтер Союзунун командасынын курамында Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын спортчусу Сайбаттал Мурсалимов Римдеги Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышканда башталган. 1960-1990-жылдары КирССРдеги олимпиадалык кыймыл өнүгүп, өлкөнүн турмушундагы позициясын бекемдеген. 1980-жылкы Олимпиада учурунда Кыргызстандын спортчулары 6 медаль, анын ичинде 5 алтын медалга ээ болушкан.
1991-жылы уюштуруучулардын Башкы ассамблеясы Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетин түзүү чечимин кабыл алган жана бул дата аны түзүүнүн расмий күнү болуп саналат. 1993-жылы сентябрда Кыргызстандын улуттук олипиадалык комитети эл аралык олимпиада комитети тарабынан биротоло таанылган. Кыргызстандын УОК Олимпиадалык Хартиянын жоболоруна, Кыргызстандын Конституциясына жана Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарына жана өзүнүн уставына ылайык иштейт.
Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары биринчи жолу 1994-жылы Лиллехамерада (Норвегия) өткөн кышкы Олимпиадада чыгып, ошондон бери бардык оюндарга катышып келет.
1992-жылкы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын спортчулары бириккен команданын курамына кирген, буга чейин 1952-жылдан бери СССРдин туусу астында чыгып келишкен.
Өлкөнүн курама командасынын атынан биатлончу спортчу Евгения Роппель катышкан. Спринт жарышында ал 66-орунду, жеке жарышта 67-орунду ээлеген. Биринчи жарыш учурунда ал 17 жашта болгон.
Кыргызстандын курама командасы ачылыш аземине келбегендиктен, өлкөнүн желегин котормочу Торкел Энгенес көтөрүп чыккан.
Кыргызстан 1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына көз карандысыз өлкө катары биринчи жолу катышкан. Буга чейин кыргыз спортчулары 1992-жылы жайкы Олимпиада оюндарында курама команданы жакташкан.
Кыргызстандын УОК тарыхындагы эң жаш спортчу Руслан Исмаилов болгон. 2004-жылы Афинада өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышуу учурунда ал 14 жашта болчу. Ал эркектер арасында 200 метр аралыкка эркин стилде сууда сүзүү боюнча квалификацияга ээ болгон.
Кыргызстандан Олимпиада оюндарында эң улуу катышуучу Ирина Богачева болгон. Ал 43 жашта, 2004-жылы Афинада өткөн олимпиадага катышкан. Ал чуркоо боюнча алыскы марафонго катышкан.
Кыргызстандын спортчулары көз карандысыз команда катары чыгып, бардыгы болуп 7 олимпиадалык медалга ээ болушкан (3 күмүш жана 4 коло). Бардык медалдарды жайкы олимпиадаларда утуп алышкан.
Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин иши
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстандын УОК ишмердигинин предмети болуп төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү, КР олимпиадалык кыймылын колдоо жана коргоо болуп саналат:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- калкты дене тарбия жана спорт каражаттары менен дене бой жана руханий тарбиялоого көмөктөшүү;
- республикада жана эл аралык аренада спорттун позициясын бекемдөө жана кадыр-баркын көтөрүү.
Кыргызстандын УОК башкы милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- массалык спортту жана жогорку жетишкендиктер спортун өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- олимпиадалык кыймылдын маданий-тарбиялык потенциалын ишке ашыруу, адеп-ахлактык, эстетикалык жана башка гуманисттик баалуулуктарды өнүктүрүү, спорттогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү;
- Олимпиадалык кыймылды дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүү жана чыңдоо;
- республикада жана анын аймактарында олимпизм идеяларын жайылтуу;
- олимпиадалык билим берүүнү киргизүү;
- майыптардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусун уюштурууга көмөктөшүү, кайрымдуулук акцияларына катышуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүүнү уюштуруу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]аты-жөнү | ыйгарым укуктарынын башталышы | ыйгарым укуктарынын аягы | |
---|---|---|---|
1 | Эшим Кутманалиев | 1993 | 2004 |
2 | Баяман Эркимбаев | 2005 | 2006 |
3 | Мурат Саралинов | 2006 | 2015 |
4 | Шаршенбек Абдыкеримов | 2015 | 2021 |
5 | Садыр Мамытов | 2021 | азыркы учурга чейин |
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитетинин Расмий сайты Archived 2014-01-12 at the Wayback Machine
- https://web.archive.org/web/20101007035812/http://www.olympic.org/en/content/National-Olympic-Committees/Kyrgyzstan/
- https://olympic.kg/ Archived 2022-01-26 at the Wayback Machine
Калып:Olympic-stub
Калып:Kyrgyzstan-stub
Азия өлкөлөрүнүн: Олимпиадалык комитет | |
---|---|
Азербайжан • Армения • БАЭ • Бангладеш • Бахрейн • Бруней • Бутан • Вьетнам • Грузия • Жапония • Мисир • Израиль • Индия • Индонезия • Иордания • Ирак • Иран • Йемен • Казакстан² • Камбожа • Катар • Кипр • Кыргызстан • Кытай • КЭДР • Корея Республикасы • Кувейт • Лаос • Ливан • Малайзия • Мальдивдер • Монголстан • Мьянма • Непал • Ооганстан • Орусия² • Оман • Пакистан • Сауд Арабиясы • Сингапур • Сирия • Тажикстан • Тайланд • Түркмөнстан • Түркия² • Филиппиндер • Чыгыш Тимор • Шри-Ланка • Өзбекстан | |
Көз карандуу аймактар | |
| |
Таанылбаган жана жарым жартылай таанылган өлкөлөр | |
¹ Негизги аймагы Африкада ² Жартылай аймагы Европада |