Кыргыз-Ата суусу

Википедия дан

Кыргыз-Ата суусуНоокат районундагы суу, Араван-Сайдын оң курамы. узундугу 42 км, алабынын аянты 298 км2, бийиктиги 3240 м. Кичи Алай кырка тоосунун түндүк капталынан башталат. Негизинен кар (22%), мөңгү (39%), булак сууларынан (39%) куралат. Жылдык орточо чыгымы 4,18 м3/сек. Эң көбү июнь-июлда, эң азы февраль-мартта байкалат. 6 куймасы бар; ирилери: Курган, Шамшалы (оң), Карагой (сол). Сугатка пайдаланылат. Боюнда Имам-Ата, Ак-Булак жана башка кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]