Кыргыз Каада-салттары / Үйлөнүү үлпөтү
Кайсы элде болбосун ата-эне балдарынын келечеги, жакшы жашоосу жөнүндө ойлонот, кам көрөт. Кыргыздар балдарын үйлөндүрүүнү ата-эненин милдети катары эсептейт. Алар өздөрүнө тең адамдар менен куда болууга аракеттенген. Ылайыктуу кызды тандап алган соң сөйкө салышкан. Кудалашкан тараптар бирибирин урматтап сыйлашат, болочок жубайлар үчүн кам көрүшөт. Мезгил отуп той болчу күн белгиленет. Кыздын төркүнү кызды узатууга даярданышат. Кыз төркүнүнөн узар күнү берилүүчү үлпөт той «Кыз тою» деп аталат. Кыздын жакшы көргөн жеңелери анын чачын экиге бөлүп өрүп, азем жасалгаларын тагышат, кооз шөкүлөнү кийгизет. Бул кечеде эки тараптын жаштары көңүл ачышат, түрдүү үлпөт ырлары ырдалат. Ар кандай оюндар (ак чолмок, кур таштамай) ойнолот. Жаштар «Жар-жар» айтышат. Кызды жеңелери, жакын курбулары коштоп жүрүшөт. Колуктунун жүзүн үлпүнчөк менен жаап коюшат. Салт боюнча колуктунун бетин ачып көрсөткөндө, анын жеңелерине күйөө тараптагылар көрүндүк берүүгө тийиш. Кыздын энеатасы, жакындары ак батасын берип узатышат. Кайын журтун сыйлап, урматтап жүрүүгө үндөшөт. Кыздын энеси, чоң энеси, жеңелери кыз менен коштошуп, кошок айтышат. Мисалы:
Жар башынан от көрсөң, Жалындатпай өчүргүн. Жаман жакшы сөз уксаң, Күлкү менен кечиргин.
Кыз өз үйүнөн узагандан кийин той күйөө тарапта улантылат. Жаңы келген келинди чачыла (боорсок, конфет, тыйын) чачып тосуп алышат. Ал эки жаштын өмүрүнө молчулук тилөөнү билдирген. Кыздын башындагы шөкүлөнү алып, кайненеси ак жоолук салат, келинди ак көшөгөгө киргизишет. Жоолуктун түсү ак никенин символу. Ошондуктан келинге «Ак жоолугуң башындан түшпөсүн», «Көшөгөңөр көгөрсүн!» деп бата берүү салтка айланган. Той өткөнчө келин көшөгөдө отурат, жанында кайын синдилери отурушат. Келин көргөнү келген аялдар анын башына жоолук салышат, же көрүндүгүнө акча беришет. Келин күйөөсүнөн улууларды жүгүнүп тосуп алат; жүгүнүү, биринчиден, учурашууну, саламдашууну билдирсе, экинчиден, улууларды урматтоонун, сыйлоонун белгиси болуп саналат. Мусулман дини боюнча жаңы үйлөнгөндөргө нике кыйылат. Молдо чыныга таза сууну куйдуруп алып, ага дуба түшүрөт. Күбөлөр аркылуу молдо жубайлардын бири-бирине баш кошууга макулдугун сурайт. Никелешүү макулдук берилгенден кийин гана молдо аларга нике кыят. Жаңы үйлөнгөндөргө никелешкен күнү өкүл ата, өкүл эне шайланат. Аны келиндин кайната, кайненеси көңүлу жакындарынан тандап алат. Өкүл ата, өкүл эне жаңы үй бүлөгө кепкеңештерин айтып, үй бүлөлүк турмушту туура алып кетүүгө ар дайым көмөкчү болушат.