Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясы
(КМЮА)
Расмий аталышы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы

Эл аралык аталышы

Kyrgyz State Academy of Law

Урааны

Биз кесипкөй адистерди даярдайбыз!

Негизделген жылы

2003-жыл

Түрү

Мамлекеттик

Ректору

Рысмендеев Бактыбек Дженишбекович

Студенттери

?

Окутуучулары

?

Жайгашкан жери

Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан, Бишкек

Юридикалык дареги

Чүй пр., 180 А

Сайты

[1]  (кырг.),  (орус.),  (англ.)

КР Өкмөтүнө караштуу КМЮАБишкек шаарындагы жогорку юридикалык окуу жайлардын бири.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 12-августундагы №264  Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Баш прокуратурасынын прокурор-тергөө кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу Борборунун жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Институтунун базасында, базалык билим берүү документтерин иштеп чыгуунун бирден-бир окуу-усулдук борборун  түзүү, ошондой эле республиканын илимий потенциялдарын топтоо жолу менен юриспруденция тармагында билим алууну уюштуруу жана ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу максатында  Кыргыз мамлекттик юридикалык академиясы түзүлгөн.

КМЮА күндүзгү, сырттан жана аралыктан окууну ишке ашырат жана укук тармагындагы актуалдуу маселелер тууралуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Структурасы.

Бүгүнкү күндө окуу жайда окуу процессин 19 илимдин докторунан, профессорлордон,  80ден ашык илимдин кандидаттарынан, доцентерден турган профессордук-окуутучу курам аркылуу ишке ашат. Жалпы профессордук-окутуучулук курамдын саны 300дөн ашык.

КМЮА инновациалык билим берүү комплекси болуп саналат жана курамына 2 борбор, 7 факультет, ошондой эле Талас юридикалык факультети, Ысык-Көл юридикалык институту, Бишкектеги жана Нарындагы 2 юридикалык колледж, 17 кафедра 1 окуу-инновациялык комплекс кирет. Студенттердин жалпы саны 700ден ашык.

КМЮАда жогорку кесиптик билим көп баскычтуу системасы  (бакалавр, магистр, аспирантура жана докторантура)ишке ашат.

КМЮАда диссертациялык кеӊеши кандидаттык (доктордук) диссертацияларды коргоо боюнча иш алып барат.

Жетекчилиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Рысмендеев Бактыбек Дженишбекович – КМЮА ректору. 
Айтахунов Бакытбек Курманбекович – Финансы-экономикалык ишмердүүлүк боюнча проректор. 
Дмитриенко Ирина Анатольевна – Окуу иштери боюнча проректор.
Абдыбеков Азисбек Анарбекович – Администрациялык иштер боюнча проректор.
Исмаилбеков Мускай Секенович – Мамлекеттик тил, окуу иштеринен тышкары жана коопсуздук боюнча проректор.

Факультеттер[оңдоо | булагын оңдоо]

Сот-прокурордук факультети[оңдоо | булагын оңдоо]

КМЮА-СПФ герби.jpeg

Факультет Окумуштуулар кеңешинин чечими менен  2006-жылдын 8-майында түзүлгөн.

Даярдаган профилдери:

«Сот-прокурордук ишмердүүлүк».

Бул профиль студенттерге тергөө жана кылмыштарды квалификациялоо негизин, сот процессин даярдоо жана жүргүзүү, сотто коргоо жана мамлекеттик айыптоо жүргүзүүнүн  тартибин, кылмышты туура квалификациялоо көндүмдөрүн, жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарды жана башка ченемдик-укуктук актыларды колдонуу жөнүндөгү билимин өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Билим берүү учурунда келечектеги прокурордук жана соттук иштерде практикалык көндүмдөр жана компетенциялар иштелип чыгат.

Окуу мөөнөтү: 4 жыл.

«Юриспруденция» багыты боюнча магистердик программа:

Профилдер:

  •  «Сот бийлиги, прокурордук көзөмөл, укук коргоо иштерин уюштуруу»;
  •  «Жазык укугу жана криминология;  жазык-аткаруу укугу».

Окуу мөөнөтү: 2 жыл.

Факультетте үч  кафедра иштейт: Жазык укугу кафедрасы, Жазык-аткаруу укугу жана криминология кафедрасы, Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы. Окуу процессин студенттерге келечектеги прокурордук жана соттук иште зарыл болгон  заманбап теориялык билим берүү жана аларда практикалык көндүмдөрдү иштеп чыгуу менен жогорку кесипкөй профессордук-окутуучулук курам камсыз кылат.

Студенттердин илимий-изилдөө иши келечектеги практикалык ишинде илимий-техникалык жана маданий прогресстин жетишкендиктерин чыгармачылык менен колдоно билүүгө жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун жана тарбиялоонун  сапатын арттырууда маанилүү каражаттардын бири болуп саналат. 2008-жылдан бери «Жазык укугу» студенттик ийрими иштейт. Студенттер эл аралык жана республикалык деңгээлдеги илимий-практикалык конференцияларга жигердүү катышып, алардын иштери илимий басылмаларда жарык көрөт.

Сот-прокурордук факультетинин студенттери прокуратура, сот органдарында, укук коргоо органдарында, мамлекеттик бийлик органдарында, шаардык жана райондук администрацияларда, ишкана, мекемелердин юридикалык бөлүмдөрүндө практикадан өтүшөт. 

Студенттер академиянын спорттук турмушуна активдүү катышат. 

Факультеттин максаты: жогорку квалификациялуу, каржы сот, прокурордук, каржы, банк ишмердүүлүгүндө, нотариат, укук коргоо органдарында, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде иштөө үчүн профессиналдык компетенцияны эң бийик адептүүлүк сапаттар менен айкалыштырган юридикалык кадрларды даярдоо.   Бул факультеттин өзгөчөлүгү жана спецификасы болуп ар түрдүү жарандык-укуктук жана иш  келишимдердин долбоорлорун сабаттуу түзө алган, сотто өзүнүн кардарларынын кызыкчылыктарын көрсөтүп жана аны жактаган, муктаж болгон тараптарга квалификациялуу юридикалык кеңештерди бере алган юристтерди даярдоо жүзөгө ашырылат.

Милдеттери:

- Сот жана прокурордук ишмердүүлүктөр үчүн зарыл болгон, атайын предметтерди тереңдеп окутуунун программалары боюнча студенттерге билим берүү;

- Азыркы эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн  атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу;

- Окуу жана илимий материалдарды практикалык ишмердүүлүктө апробациялоо үчүн окуу жайлар жана укук коргоо органдары менен байланыштарды түзүү жана окуу процессин интеграциялоо;

- Окуу процессин жеткиликтүү деңгээлде окуу куралдары, окуу колдонмолору жана башка окуу-усулдук адабияттар менен камсыз кылуу;

- Студенттердин жалпы маданий даярдыгы, аларды жалпы жарандык тарбиялоо боюнча педагогикалык иштерди жүргүзүү;

- Студенттердин адистигине ылайык окуу-өндүрүштүк практикаларды уюштуруу жана ишке ашыруу;

- Окуу процессин өнүктүрүү боюнча илимий-усулдук, изилдөө иштерин жүргүзүү.

Кызматташтыктары: Факультет ар тараптан өнүгүү максатында чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен тыгыз кызматташтык иштерин жүргүзүп келет. Мисалга алсак, Урал мамлекеттик юридикалык университинин прокуратура институту,    Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору, Ж. Баласагын атындагы КУУнун, Б. Ельцин атындагы КРСУнун, АУЦАнын, Э.Алиев атындагы КРнын ИИМнин академиясынын, ОшМУнун, ОшМЮИнин алдыңкы кафедралары жана Казак Республикасынын жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттери менен (Аль-Фараби атындагы КазМУУ, Абай атындагы КазУПУ, Е.Букетов атындагы Караганда мамлекеттик университеттери) тыгыз байланышта. Окуу жайлардан тышкары Кырыз Республикасынын сот системасы, прокуратура органдары, ички иштер органдары, министрликтери жана ведомстволору, юриспруденция чөйрөсүндөгү өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар, “Укук клиникасы “Адилет” коомдук фонд”, юридикалык компаниялар, ассоциациялар жана башкалар менен кызматташтыкта .

Салттуу иш-чаралары (коомдук, маданий): Сот-прокурордук факультети сабактарды өтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында кесипкөй юристтер менен практиктерди сабак өтүүгө чакырышат жана алардын катышуусу менен  Кыргыз Республикасынын укуктук ишмердүүлүгүн  жөнгө салуунун актуалдуу маселелери боюнча студенттик илимий-практикалык конференцияларды уюштуруп келүүдө.

Факультет жыл сайын факультеттер аралык жана ЖОЖдор аралык тоо-лыжасы боюнча мелдеш өткөрөт.  

Жетишкендиктери, ийгиликтери: 2010-2011, 2011-2012, 2015-2016-окуу жылдарында факультет “КМЮАнын мыкты факультети” болуп таанылган

Адвокатура жана юстиция факультети[оңдоо | булагын оңдоо]

Адвокатура жана юстиция факультети 2004-жылдын 21-февралында түзүлгөн жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын окуу-илимий администрациялык бөлүгү болуп саналат. Юридика багытындагы жогорку билим берүү боюнча түздөн –түз иш жүргүзүп, юриспруденциянын багыттары боюнча күндүзгү бөлүмдө, келишимдин негизинде мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык юристтерди даярдайт.

«Юриспруденция» багыты боюнча бакалавр программасы:

Профилдер:

  •  «Адвокатура»;
  •  «Юстиция»;
  •  «Маалымат укугу».

«Адвокатура» профили  адвокаттык ишмердүүлүк тармагына адистерди даярдайт. Бул профилдин уникалдуулугу студенттер укуктук жана процесстик мамилелерде: сот жана башка органдарда өкүлчүлүк, чарба  субъектилеринде юридикалык коштоо, укуктук экспертизаларды жүргүзүү, укуктук корутундуларды даярдоо ж.б.  кесиптик  функцияларын аткаруу үчүн зарыл жана жеткиликтүү даярдыкка ээ болгондугунда.

«Юстиция» профили  сот адилеттиги, укук коргоо жана укук колдонуу иштери тармагына адистешкен кадрларды даярдап чыгарат.

«Маалымат укугу» профили маалымат укугу чөйрөсүндөгү юристтерди даярдоого багытталган. Бул профилдин актуалдуулугу  маалымат технологияларынын жигердүү кирип жаткандыгы менен шартталган. Бүгүнкү күндө маалыматты жаратуу, пайдалануу жана жеткирүү тармагында укуктук мамилелерди жөнгө салууга адистештирилген квалификациялуу кадрларды даярдоо приоритеттүү болуп саналат.

Бул факультетте «Администрациялык ишмердүүлүк» профили боюнча «Укук коргоо ишмердүүлүгү» багыты бар. Бул багыттын бүтүрүүчүлөрүүнүн иш чөйрөсү мыйзамдуулукту, укук тартибин, инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо; жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын жана коомдук тартипти коргоо; жазаларды аткарууну камсыздоо; укук бузууларды эскертүү, тыюу салуу, табуу, ачуу жана тергөө; жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана менчиктин башка түрлөрүн коргоо; адамдарды издөөнү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу; жеке жана юридикалык жактарга алардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жардам берүү; укук коргоо иш чөйрөсүндө укук ченемдерин ишке ашыруу үчүн маанилүү маалыматтарды чогултуу, талдоо жана баа берүү болуп эсептелет.

Окуу мөөнөтү: 4 жыл

   «Юриспруденция» багыты боюнча магистердик программа:

Профилдер:

  •  «Маалымат укугу жана маалыматтык коопсуздук»;
  •  «Адвокатура жана нотариат».

Окуу мөөнөтү: 2 жыл.

           Факультетте: Жарандык процесс жана нотариат кафедрасы, Жарандык жана үй-бүлөлүк укук кафедрасы, Маалымат укугу жана табигый-илимий дисциплиналар кафедрасы иштейт. Факультеттеги окуу процессин практикалык, окуу жана илимий иштерде чоң тажрыйбасы бар квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам камсыз кылат. Кафедранын окутуучулары келишимдик изилдөөлөргө, сот процессинде тараптардын кызыкчылыгын коргоо иштерине жигердүү катышат, жарандарга укук маселелери ж.б. боюнча консультация берет.

Студенттердин практикалык компетенцияларын калыптандырууда дагы бир маанилүү фактор болуп алардын «Процессуалист» жана  «Цивилист»  студенттик ийримдеринин ишине катышуусу саналат. Бул таланттуу студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартып, жаштар арасында укук  маданиятын жайылтууга жана өнүктүрүүгө таасир этет, ошондой эле илимий-педагогикалык кадрлардын  резервин даярдоодо келечектүү жаштарды табууга да көмөк болот.

Факультеттин студенттери окуу, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикаларын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы (коомдук тартипте), ар кандай компанияларда, Бишкек мэриясынын юридикалык кызматтарында, соттордо, КР Юстиция министрлигинде, мамлекеттик жана жеке адвокатураларда, нотариатта юрисконсульт катары ишке орношууга мүмкүндүк алуу деңгээлинде өтүшөт.

Факультеттин максаты: Факультеттин жаралышынын жана ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – адистешкен окуу программалары боюнча студенттерди даярдоо, укук коргоо органдарына жана юриспруденциянын башка багыттары боюнча жогорку квалификациялуу кадрларга болгон керектөөнү канаттандыруу жана өзүнө жогорку профессионалдуулукту, кесипкөйлүүлүктү сиңирген сапаттарга ээ, алдыга коюлган милдеттерди, инсандын укуктук эркиндигин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого жана ага  байланыштуу маселелерди чечүү. Адвокатура жана юстиция факультетинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары – практик  ишмерлер, алдыңкы адвокаттар, соттор менен бекем байланыштарды түзүү жана ал аркылуу окуу-илимий материалдарды  практикалык иш жүзүндө апробациялоо (жайылтуу) жана укук коргоо органдарынын иши менен окуу процессин  интеграциялоо болуп саналат.

Милдеттери: стратегиялык укуктук мамилелер тармагында илим-билимдүү, эң акыркы заманбап технологиялар менен ишти жөндөй алган, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Кызматташтыктары: Азыркы күндө Адвокатура жана юстиция факультети төмөндөгү мекемелер менен тыгыз байланышта:

  •  Ж.Баласагын атындагы КУУнун Б.Ельцин атындагы КРСУ, КР ИИМ академиясы, КР Евразия юридикалык академиясы.
  •  Кыргыз Республикасынын ИИМ;
  •  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы;
  •  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
  •  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
  •  Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту;
  •  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы.

Салтту иш-чаралары (коомдук, маданий ж.б.). Окутуунун сапатын жакшыртуу максатында Адвокатура жана юстиция факультети белгилүү юристтерди, адвокаттарды, сотторду ж.б.практиктерди сабак өтүүгө чакырып келет. Ошондой эле ар кандай коомдук мамилелерди укуктук жактан жөнгө салууда актуалдуу маселелер боюнча студенттер үчүн илимий практикалык конференцияларды уюштурат.

Жетишкендиктери, ийгиликтери Биздин факультет КМЮАдагы алдыга карай жигердүү өнүгүп бара жаткан факультеттердин бири.

Укук жана ишкердүүлүк факультети[оңдоо | булагын оңдоо]

Факультет 2003-жылдын 1-сентябрынан тартып иштеп келет жана КМЮАнын структуралык бөлүмү болуп эсептелет. Тѳмѳнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт: жарандык иштер боюнча адистешкен корпоративдик юрист, юридикалык фирманын кызматкери, райондор аралык соттордун соту, соттун жардамчысы, жергиликтүү соттордун соту, жарандык жана экономикалык иштер боюнча укуктук жардам берүүгѳ адистешкен адвокаттар, бажы жана салык органдарындагы мамлекеттик кызматкерлер.

«Юриспруденция» багыты боюнча бакалавриат программасы:

Профилдери:                           

  •  «Жарандык укук»;
  •  «Бизнес жана укук»;
  •  «Салык жана бажы укугу».

Факультеттин профилдик укуктук чөйрөсү – жарандык жана ишкердик укук. Юриспруденциянын бул тармагы өзүнүн укуктук жөнгө салуу жана укук колдонуу жагынан ар түрдүү, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында гана алынган базалык юридикалык билимдер албетте жетишсиздик кылат. Факультеттин студенттери фундаменталдык юридикалык билим, ошондой эле практика алуучу юрист үчүн зарыл болгон тереӊ билим ала алат. Факультет студентке теориялык билим гана бербестен, ага жогорку окуу жайын (ЖОЖду) аяктагандан кийин ишке ишенимдүү киришүүгө мүмкүн болгон базалык практикалык көндүмдөр менен камсыздоо милдетин коёт.

Факультетте актуалдуу жаӊы багыт ачылган: Социалдык иш Батыш өлкөлөрүндө кыйла келечектүү ондогон иштердин катарына кирет. Бул кесип, Батышта өтө талап кылынып жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, акырындык менен Кыргыз Республикасында да аналогиялык позицияга ээ болууда. Азыркы учурда өлкөбүздө социалдык иш өнүгүү стадиясында турат. Ошондуктан аны профессионалдаштыруу процесси жигердүү өсүп жатат. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында (КМЮА) «Социалдык иш» багытын ачуу  социалдык коргоо жана калкка жардам көрсөтүү системасы үчүн укук жаатында  кесипкѳй адистерди (социалдык кызматтын юристтерин) даярдоонун объективдүү  зарылдыгы менен шартталган.

Профиль:

«Жарандарды социалдык-укуктук коргоо жана патронаж».

Окуу мөөнөтү: 4 жыл.

«Юриспруденция» багыты боюнча магистердик программасы:

Профилдер:

  •  «Администратциялык укук, финансылык укук, бажылык жана салыктык укук»;
  •  «Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу»;
  •  «Ишкердик укук; жарандык укук; жер укугу».

Окуу мөөнөтү: 2 жыл

Факультетте төрт кафедра иштейт: Конституциялык жана муниципалдык укук кафедрасы, Административдик жана финансылык укук кафедрасы, Ишкердик жана эмгек укугу кафедрасы, Жер, агрардык жана экологиялык укук кафедрасы. Факультетте окуу процессин практикалык, окутуу жана илимий иштери боюнча тажрыйбасы бар квалификациялуу профессордук-окутуучулардын курамы камсыздайт. Кафедранын окутуучулары келишимдик изилдөөлөргө активдүү катышат, соттук процесстерде тараптын кызыкчылыктарын коргойт, укуктук маселелер боюнча жарандарга укуктук кеӊештерди берет ж.б.

«Эколог» студенттик илимий-изилдөө ийрими Жер, агрардык жана экологиялык укук кафедрасында түзүлгөн. Мындай иш кафедрада студенттердин илимий иштерге салттуу түрдө активдүү катышуусуна багытталган.

Илимий ийримдин максаттары:

- укуктардын негизги маанилүү тармактары боюнча билим системаларына ээ болуу;       

- укуктук өз карашты калыптандыруу, күнүмдүк турмушта келип чыккан маселелерди чече билүү;

- мекенчилдикке жана жарандуулукка тарбиялоо.

Укук жана ишкердик факультетинин студенттери мамлекеттик бийлик органдарында, шаардык жана райондук администрацияларда, ишканалардын жана мекемелердин юридикалык бөлүмдөрүндө, Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарында, Бишкек шаарынын мэриясында, ишканалардын жана мекемелердин бөлүмдөрүндө практикадан өтүшөт.

Факультеттин максаты: Факультетти түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты жогорку квалификациялуу, базар экономикасында татаал маселелерди чече алган, экономика жана бизнес чөйрөсүндө, каржы, банк ишмердүүлүгүндө, нотариат жана башка укук коргоо органдарында, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде иштөө үчүн профессионалдык компетенцияны эң бийик адептүүлүк сапаттар  менен айкалыштырган      юристтерди даярдоо болуп саналат.  Бул факультеттин өзгөчөлүгү жана спецификасы болуп ар түрдүү жарандык-укуктук жана ишкердүүлүк келишимдердин долбоорлорун сабаттуу түзө алган,  сотто өзүнүн кардарларынын кызыкчылыктарын көрсөтүп, аны жактаган жана квалификациялуу юридикалык кеңештерди муктаж тараптарга бере алган юристтерди даярдоо жүзөгө ашырылат. 

Милдеттери: Жогорку кесиптик билим берүү боюнча  Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык «Юриспруденция» адистиги боюнча билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуу процессин уюштуруу;

  • Банк чөйрөсүндө, коммерциялык структураларда, жеке компанияларда квалификациялуу юрист катары иштөө үчүн студенттерди адистештирүүчү окуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү өзгөчөлүктөргө жана маселелерге колдонулуучу атайын курстар.
  • Окуу жана илимий материалдарды практикалык ишмердүүлүктө апробациялоо үчүн окуу жайлар жана коммерциялык мекемелер менен бекем байланыштарды түзүү;
  • Укук коргоо жана башка органдардын иштери менен окуу процессин интеграциялоо;
  • Окуу процесин жеткиликтүү деңгээлде окуу куралдары, окуу колдонмолору жана башка окуу-усулдук адабияттар менен камсыз кылуу;
  • Студенттердин жалпы маданий даярдыгы, аларды жалпы жарандык тарбиялоо боюнча педагогикалык иштерди жүргүзүү;
  • Студенттердин адистигине ылайык окуу-өндүрүштүк практикаларды уюштуруу жана ишке ашыруу;
  • Окуу процесин өнүктүрүү боюнча илимий-усулдук, изилдөө иштерин жүргүзүү;
  • Экономика, каржы, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ар түрдүү маселелер, анын ичинде билим берүү маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана уюштуруу.

Кызматташтыктары: Азыркы күндө Укук жана ишкердүүлүк факультети төмөнкү мекемелер менен тыгыз байланышта:

  • Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Б.Ельцин атындагы КРСУнун, АУЦАнын, Э.Алиев атындагы КРнын ИИМнин академиясынын, ОшМУнун,ОшМЮИнин алдыңкы кафедралары менен;
  • Казак Республикасындагы жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттери менен(Аль-Фараби атындагы КазМУУ, Абай атындагы КазУПУ, Е.Букетов атындагы Караганда мамлекеттик университети ж.б.);
  • Кыргыз Республикасынын сот системасы;
  • Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары;
  • Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары;
  • Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору;
  • Юриспруденция чөйрөсүндө өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар;
  • «Укук клиникасы «Адилет» коомдук фонд;
  • Юридикалык компаниялар, ассоциациялар ж.б.

           Салттуу иш чаралары (коомдук, маданий ж.б.). Укук жана ишкердүүлүк факультети сабактарды өтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында кесипкөй юристтер менен практиктерди сабак өтүүгө чакырышат жана алардын катышуусу менен  Кыргыз Республикасындагы укуктук ишмердүүлүктү жөнгө салуунун актуалдуу маселелери боюнча студенттик илимий-практикалык конференцияларды уюштуруп келишет/

Тергөө-криминалистикалык факультети[оңдоо | булагын оңдоо]

Тергөө-криминалистикалык факультети окумуштуулар кеңешинин 2006-жылдын 8-декабрдагы №4 чечими менен уюшулган.

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Тергөө-криминалистка факультети окуу-админстративдик бөлүм катары юриспруденция тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди ички иштер органы, улуттук-коопсуздук мамлекеттик комитети, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, юстиция органдары, бажы органдары жана сот-медициналык экспертиза үчүн даярдоо максатында уюшулган.

Факультетте эки кафедра иштейт:

  • Кылмыш процесси жана прокурордук көзөмөл кафедрасы
  • Криминалистика жана соттук экспертиза кафедрасы

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын, тергөө-криминалистикалык факультети Кыргыз Республикасынын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү укук коргоо тутумуна келечектеги кызматкерлерди даярдоо боюнча лидерлердин бири болуп саналат.

«Юриспруденция» багыты боюнча бакалавр программасы:

Профилдер:

  • «Укук коргоо органдарындагы тергөө ишмердүүлүгү»;
  • «Экономикалык кылмыштарды тергөө».
  • «Укук коргоо органдарындагы тергөө ишмердүүлүгү» профилинин алкагында ар кандай кылмыштарды квалификациялоо жана тергөө тармагында адистешкен юрист-тергөөчүлөрдү, ыкчам иш жүргүзүүчү кызматкерлерди, криминалисттерди даярдоо жүргүзүлөт.
  • «Экономикалык кылмыштарды тергөө» профили боюнча тергөө-криминалистикалык факультет кылмыштарды натыйжалуу тергөөгө, ачууга жана кылмыштарды алдын алууга  багытталган адистерди чыгарат.

Окуу мөөнөтү: 4 жыл.

«Соттук экспертиза» адистиги:

Студенттерди криминалистикалык экспертизанын ар кандай түрлөрүн жүргүзүү боюнча окутат: атылбас жана ыргытуучу куралдарды криминалистикалык изилдөө, териштирүү; трассалогиялык изилдөө; дактиласкопиялык изилдөө;соттук-баллистикалык изилдөө; жардыргыч-техникалык изилдөө; габитоскопия жана соттук-портреттик териштирүү; документтерге техника-криминалистикалык изилдөө; соттук-кол жазма изилдөө; ДНК-изилдөө; соттук фотосүрөт жана видеожазма; эксперттик изилдөөнүн ыкмалары жана каражаттары; ошондой эле адис-криминалисттин тергөө иш-аракеттерине, криминалистикалык каттоого; заттарды, буюмдарды, материалдарды криминалистикалык экспертизалоого катышуусу.

Студенттер «эксперт-криминалист» квалификациясын алышат. Окутуу Г. Гросс атындагы окуу-инновациялык криминалистикалык комплекстин базасында жүргүзүлөт.

Окуу мөөнөтү: 5 жыл.

 «Юриспруденция» багыты боюнча магистердик программа:

Профиль:

  •  «Жазык процесси; криминалистика;  ыкчам иликтөө иштери».

Окуу мөөнөтү: 2 жыл.

Факультетте эки  кафедра иштейт: «Криминалистика жана соттук эспертизалар кафедрасы», «Жазык процесси жана прокурордук көзөмөл кафедрасы».

Бул адистиктин өзгөчөлүгү – эксперт-практиктерден турган окутуучулардын квалификациялуу курамы болуп саналат. Криминалистикалык полигондун жабдылышы практикалык көндүмдөрдү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Студенттерге билим берүү деңгээлин жогорулатуу максатында «Эксперт» аттуу студенттик илимий ийрим иштейт. Илимий ийримдин негизги максаты жана милдеттери студенттердин илимий-изилдөө иштеринде методологиялык маданиятты калыптандыруу; окуу процессинде жана кийинки кесиптик ишинде зарыл болгон эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүн өстүрүү болуп саналат. Илимий ийримдин мүчөлөрү жождор аралык жана факультеттер аралык иш-чараларда байгелүү орундарды ээлеп келе жатышат.

Тергөө-криминалистикалык факультеттин студенттери прокуратура органдарында, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финансылык полиция), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте, Ички иштер   министрлигинде, сот органдарында практикадан өтүшөт.

Криминалистика боюнча практикалык сабактар тергөө жүргүзүүдө, соттук-экспертизаларды жасоодо колдонулуучу техникалар менен жабдылган Г.Гросс атындагы окуу-инновациялык комплексинде жүргүзүлөт.

2009-жылдан бери студенттердин билимин жогорулатуу, илимий ишке кызыгууларын өркүндөтүү максатында “Адилет” студенттик илимий куржок иш алып барат. Куржоктун негизги милдеттери болуп студенттердин илимге болгон ишмердүүлүгүн өстүрүү болуп саналат.

Илимий куржоктун студенттери менен бирдикте 18 иш чара (тренинг, семинар, тегерек столдор, дебаттар, брейн-ринг, олимпиада) өткөрүлддү.

Биздин студенттер окуу иштерин гана мыкты алып барбастан коомдук иштерге, спорттук, майрамдык ж.б. иш чараларга активдүү катышып келет.

Эл аралык-укук факультети[оңдоо | булагын оңдоо]

Эл аралык укук факультети 2009-жылдан тартып иштеп келет. (Эл аралык-укук факультети КМЮАнын структуралык бөлүмү катары 2009-жылы 1-июнда ректордун №81 буйругу менен түзүлгөн)

Профилдер:

  •  «Эл аралык коомдук укук»;
  •  «Эл аралык соода укугу»;
  •  «Кытай укугу»;
  •  «Ислам укугу».

Окуу мөөнөтү: 4 жыл.

  • «Эл аралык коомдук укук» - эл аралык укук жана эл аралык мамилелер тармагына адистештирилет.
  • «Эл аралык соода укугу» - эл аралык жеке, ошондой эле соода укугу тармагына адистештирилет.
  • «Кытай укугу» - кытай тилин билген юристтерди даярдайт. Бул профилдеги студенттер КЭРдин жана КРдин мыйзамдарын терең өздөштүрүшөт, бул келечекте КЭР менен байланышкан коммерциялык жана эл аралык компанияларда иштөөгө жол ачат. Академияда Конфуций институтунун  багыты боюнча Кытай Эл Республикасынын окутуучулары жана волонтерлору  кошумча кытай тилин жана жана кытай укугун окутушат. Эки тараптуу макулдашуунун алкагында алдыңкы студенттер КЭРге окууга жиберилет.
  • «Ислам укугу» профили  2010-жылы ачылган. Бул профилдин актуалдуулугу ата мекендик мыйзамдар жана мусулман укугунун ченемдери менен иштөө көндүмү бар юрист-ислам таануучу кадрлардын зарылдыгы менен байланышкан.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрү окуу мөөнөтүнүн  акырында араб, кытай жана башка чет тилдерди үйрөнүп чыгышат. Эл  аралык юрист Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан сырткаркы чет элдик контрагенттер менен иш жүргүзгөн  юристтердин категориясына кирет.  Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү КР Ички иштер министрлигине, укук коргоо органдарына, адвокаттык коллегияларга, ошондой эле эл аралык уюмдарга ишке орношо алышат, ал эми юрист-ислам таануучу Кыргыз Республикасынын ислам өлкөлөрүндөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, эл аралык уюмдарда, ведомстволордо ж.б. иштей алышат. Факультет азыркы учурда мамлекеттик, мыйзам чыгаруу, аткаруу    жана сот бийлиги ж.б. үчүн адистерди даярдоого багытталган «Юриспруденция» багыты боюнча магистердик программаны ишке ашырууда.

  «Юриспруденция» багыты боюнча магистердик программа:

Профилдер:

  •  «Эл аралык укук; европалык укук»;
  •  «Ислам укугу».

Окуу мөөнөтү: 2 жыл.

Факультетте Мамлекет жана укук, эл аралык укук теориясы жана тарыхы кафедрасы иштейт. Окуу процессин практикалык, окуу жана илимий иштерде чоң тажрыйбасы бар квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам камсыз кылат. Кафедранын окутуучулары эл аралык конференцияларга жигердүү катышып,  квалификациясын жогорулатуу боюнча стажировкадан өтүп турушат, ошондой эле сот процесстеринде тараптардын кызыкчылыгын коргоого катышышат, жарандарга укуктук маселелер боюнча консультация беришет.

Факультетте эл аралык укук мамилелерин терендетүү максатында студенттердин “Дипломат” илимий ийрими иштейт. Бул таланттуу студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартып, жаштар арасында укук  маданиятын жайылтууга жана өнүктүрүүгө таасир этет. Илимий ийримдин мүчөлөрү ЖОЖдор аралык жана академияда өткөн конференцияларда байгелүү орундарды ээлеп келишет.

Факультеттин максаты – эл аралык-юристтерди жана ислам, кытай укугу тармагындагы юристерди даярдоо.

        Факультетти түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты жогорку квалификациялуу, мамлекеттердин ортосунда  болуп жаткан татаал маселелерди чече алган, мамлекеттин укук коргоо органдарында, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде иштөө үчүн кесипкөй билгичтиги эң бийик адептүүлүк сапаттары  менен айкалыштырган      юристтерди даярдоо болуп саналат.

        Эл аралык укук факультетинин өзгөчөлүгү жана спецификасы – мамлекеттердин  ортосунда ар түрдүү эл аралык укуктук  келишимдердин долбоорлорун сабаттуу түзгөнгө көмөктөшүү жана ага баа бере алган,  эл аралык соттордо өзүнүн мамлекетинин  кызыкчылыктарын көрсөтүп, аны жактаган, квалификациялуу юридикалык кеңештерди бере алган юристтерди даярдоо жүзөгө ашырылат.

Милдеттери: Жогорку кесиптик билим берүү боюнча  Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык «Юриспруденция» адистиги боюнча билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуу процессин уюштуруу;

  • Эл аралык укук чөйрөсүндө, эл аралык коммерциялык структураларда, жеке компанияларда квалификациялуу юрист катары иштөө үчүн студенттерди адистештирүүчү окуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  • Окуу жана илимий материалдарды практикалык ишмердүүлүктө апробациялоо үчүн эл аралык уюмдар, жогорку окуу жайлар жана коммерциялык мекемелер менен бекем байланыштарды түзүү;
  • Укук коргоо жана башка органдардын иштери менен окуу процессин интеграциялоо;
  • Окуу процесин жеткиликтүү деңгээлде окуу куралдары, окуу колдонмолору жана башка окуу –усулдук адабияттар менен камсыз кылуу;
  • Студенттердин жалпы маданий даярдыгы боюнча, аларды жалпы жарандык тарбиялоо боюнча педагогикалык иштерди жүргүзүү;
  • Студенттердин адистигине ылайык окуу-өндүрүштүк практикаларды уюштуруу жана ишке ашыруу;
  • Окуу процесин өнүктүрүү боюнча илимий-усулдук, изилдөө иштерин жүргүзүү.

Кызматташтыктары: Факультеттин эл аралык мамилелери бүгүнкү күндө жогорку денгээлде өнүгүп келе жатат. Дүйнөнүн алдынкы университеттери:

  • Түштүк Кытай Технология университети (Кытай Республикасы Гуанжоу шаары);
  • Түштүк Кытай Педагогикалык университети (Кытай Республикасы Гуанжоу шаары);
  • Синьцзян университети (Кытай Республикасы Үрүмчү шаары);
  • Орус Ислам университети (Казань шаары Орусия Федерациясы);
  • Казак Республикасындагы жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттери (Аль-Фараби атындагы КазМУУ, Абай атындагы КазУПУ, Е.Букетов атындагы Караганда мамлекеттик университети ж.б.);
  • Малайзия Ислам университи;
  • Катар мамлекетинин элчилиги;
  • Сауд Аравия Падышачылыгы жана Түркия мамлекети менен тыгыз мамилелер журуп жатат.

  Андан сырткары Эл аралык укук факультети төмөнкү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер менен тыгыз байланышта:

  • Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Б.Ельцин атындагы КРСУнун, АУЦАнын, Э.Алиев атындагы КРнын ИИМнин академиясынын, ОшМУнун, ОшМЮИнин алдыңкы кафедралары;
  • Кыргыз Республикасынын сот системасы;
  • Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары;
  • Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары;
  • Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору;
  • Юриспруденция чөйрөсүндө өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар;
  • «Укук клиникасы «Адилет» коомдук фонду менен;
  • Юридикалык компаниялар, ассоциациялар ж.б.

Салттуу иш чаралары (коомдук, маданий ж.б.)  Эл аралык укук факультетинин студенттери көптөгөн спорттук, оюн-зоок, чыгармачылык, интеллектуалдык, саясий жана башка көптөгөн иш чараларга активдүү катышат.

Факультетке Европа жана Азиядан лекторлор келип студенттерге үзгүлтүксүз сабак өтүп турушат. Ислам укугу жана Кытай укугу багытында окуган студенттерибиз кошумча эки чет тилди өздөштүргөндүгү үчүн аларга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылат. Жыл сайын Эл аралык укук факультетинде студенттер арасында  “Бириккен Улуттар Уюмунун модели” аттуу конференция уюштурулат. Ушул эле конференция салт катары мектеп окучуларынын ортосунда дагы, андан сырткары “Ислам кызматташтыгынын Бишкек модели” ислам укугунун студенттери тарабынан  Жогорку окуу жайлар арасында өтүп турат.

Башкаруу жана укук факультети[оңдоо | булагын оңдоо]

Башкаруу жана укук факультети Окумуштуулар кеңешинин чечими менен  2005-жылдын 17-октябрында түзүлгөн жана КМЮАнын структуралык бөлүмү болуп саналат.

«Экономика» жана «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыттары боюнча бакалавриаттын программалары:

Багыты - «Экономика»

Профили:

  •  «Салык жана салык салуу»;

Багыты - «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу»

Профили:

  •  «Укуктук менеджмент».

Факультет башкаруу жана салыктык укук мамилелери жаатындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт, салыктык текшерүүлөрдү, салыктык эсепке алууну жана отчеттуулукту, салыктык консультациялоону уюштуруу жана аны жүргүзүү методикасын изилдейт. «Укук менеджменти» профили боюнча окуган студенттер мамлекеттик башкаруу системасын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюштуруу негиздерин, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадр саясатынын өзгөчөлүктөрүн изилдейт.

Окуу мөөнөтү: 4 жыл.

«Мамлекеттик жана мунициалдык башкаруу» багыты боюнча магистердик программасы:

Профилдер:

  •  «Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди башкаруу»;
  •  «Экономиканы жана финансыны башкаруу»;
  •  «Мамлекеттик менеджмент».

«Экономика» багыты боюнча магистердик программа»:

Профилдер:

  •  «Салык жана салыктык консультациялар»;
  •  «Бизнести укуктук жөнгө салуу».

Окуу мөөнөтү: 2 жыл.

Факультетте «Экономика жана башкару» кафедрасы иштейт, факультетте окуу процессин практикалык, окутуу жана илимий иштери боюнча тажрыйбасы мол квалификациялуу профессордук-окутуучулук  курам камсыздайт.

Башкаруу жана укук факультетинин студенттери үчүн «Academus» илимий ийрими бар. Ийримдин максаты: өзүнүн катарына экономикалык укукка, инсандык өсүүгө, ошондой эле өлкөдө жалпы кырдаалды бириктирүүгө кызыккан студенттерди тартуу  жана аларга өздөрүнүн идеяларын ишке ашырууга мүмкүндүк берүү.

Башкаруу жана укук факультетинин студенттери жыл сайын Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарынын бөлүмдөрүндө, Бишкек шаарынын мэриясында, райондук жана шаардык администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ишканалардын жана мекемелердин бөлүмдөрүндө практикадан өтүшөт.

Факультетте эмнеге үйрѳтѳт?

Ø  мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарында ишти уюштурууну;

Ø  тийиштүү мамлекеттик  органдардагы жана уюмдардагы талаштардын чечилишин;

Ø  республикалык жана жергиликтүү денгээлдеги  социалдык-экономикалык ѳнүгүүнүн программаларын иштеп чыгууну;

Ø  бюджетти пландоого, бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун баалоого катышууга,;

Ø  мамлекеттик бийлик органдарында документтердин  жүгүртүүсүн жана иш кагаздарын алып барууну;

Ø  бийлик органдарынын (уюмдарынын) жана жарандык коом институттарынын, массалык маалымат каражаттарынын (ММК), жарандардын ортосундагы кѳп тараптуу байланышты уюштурууну;

Ø  кызматкерлердин, бүтүндѳй уюмдардын ишмердигин  пландоону жана текшерүүнү;

Ø  уюмдардын тышкы чѳйрѳдѳгү иш-аракетин координациялоону;

Ø  уюмдардын  ишмердүүлүгүндѳгү кѳйгѳйлѳрдү аныктап жана изилдѳѳгѳ;

Ø  башкаруу ишмердүүлүгүндѳгү тобокелчиликтерди талдоого.

              Факультет тѳмѳнкүлѳр үчүн  кадрларды даярдайт:

Ø  мамлекеттик органдардагы мамлекеттик кызматтарга (КР  Жогорку Кеңешине, КР Ѳкмѳтүнѳ, КР башка бийлик органдарына);

Ø  жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарындагы кызматтарга (муниципалдык кызмат) – (шаарлардын мэрияларына, айыл ѳкмѳттѳрүнѳ, жергиликтүү кеңештерге);

Ø  салык жана бажы кызматтарында иштѳѳгѳ, банк тармагына,  финансылык-кредиттик мекемелерге жана бардык коммерциялык жана башка түзүмдѳрдѳгү кызматтарга;

Ø  коомдук тармактагы,  уюмдардагы башкаруучулук кызматтардагы жумуштарга;

Ø  эл аралык уюмдарда, жана башкаруучулук профилдеги адистиктер боюнча эл аралык башкаруу уюмдарында иштѳѳ ;

Ø  мамлекеттик башкаруу тармагындагы ар түрдүү талдоочулук түзүмдѳрдѳгү  талдоочулук кызматтарына;

Ø  башка уюмдарда, анын ичинде мамлекеттик органдар менен байланыштарды түзүү боюнча кызматтарга. 

Факультеттин максаты: Факультетти түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты жогорку квалификациялуу, базар экономикасында татаал маселелерди чече алган, экономика жана бизнес чөйрөсүндө, каржы, банк ишмердүүлүгүндө, нотариат жана башка укук коргоо органдарында, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде иштөө үчүн кесиптик компетенцияны эң бийик адептүүлүк сапаттар  менен айкалыштырган      юристтерди даярдоо.  Бул факультеттин өзгөчөлүгү жана спецификасы – ар түрдүү жарандык-укуктук жана ишкердүүлүк келишимдердин долбоорлорун сабаттуу түзө алган,  сотто өзүнүн кардарларынын кызыкчылыктарын көрсөтүп жана аны жактаган, квалификациялуу юридикалык кеңештерди муктаж болгон тараптарга бере алган юристтерди даярдоо.

Милдеттери:

Факультеттин алдына койгон негизги максаты жана милдети – стратегиялык  башкаруу жана салыктык укуктук мамилелер тармагына илим-билимдүү, эң акыркы заманбап технологиялар менен ишти жѳндѳй алган, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Кызматташтыктары: Башкаруу жана укук факультети төмөнкү мекемелер менен тыгыз байланышта:

  • Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Б.Ельцин атындагы КРСУнун, КЭУнун алдыңкы кафедралары;
  • Бишкек шаарынын мэриясы;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы;
  • Кыргыз Республикасынын каржы министирлиги;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк башкаруу фонду;
  • Кыргыз Республикасынын министрликтери жан ведомстволору;
  • Компаниялар, ассоциациялар ж.б.

Салттуу иш чаралары (коомдук, маданий ж.б.) Студенттерди болочок кесиби менен тааныштыруу жана даярдоо багыттарына кызыкчылыктарын арттыруунун алкагында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин күнү», «Салыкчыларга кабыл алуу күнү» сыяктуу иш-чаралар ѳткѳрүлѳт. Мындай иш-чаралардын алкагында кесибинен ийгиликтерге жетишкен бүтүрүүчүлѳр чакырылат.

Факультет КМЮАдагы алдыга карай ѳнүгүп бара жаткан факультеттердин бири

Сырттан жана аралыктан окутуу факультети[оңдоо | булагын оңдоо]

Сырттан жана аралыктан окутуу факультети КМЮАнын үзгүлтүксүз билим берүү тутумунда уюштуруучу-укуктук түзүм болуп саналат.

Сырттан окутуу факультети КМЮАнын базасында 2004-жылы 15-мартта түзүлүп,  академиянын окуу-администрациялык бөлүмү болуп саналат.

Сырттан жана аралыктан окутуу факультети өз ишин ар дайым оптималдаштыруу, өзгөрүлбөс принциптерди жетекчиликке алуу менен сунуш кылынган билим берүү жаатындагы кызматтардын сапатын камсыз кылуу, окутуунун алдыңкы инновациялык ыкмаларын колдонуу, алдыңкы илимдүү укук таануучулар жана тажрыйбалуу юрист-практиктер менен кызматташуунун негизинде өсүү жана өнүгүү жолун басып келет.

2003-жылдын ноябрь айында магистратура, аспирантура, докторантура жана улуттук билим берүү программасы борбору негизделген.

МАДУББП борборунун максаты – улуттук билим берүү программасынын долбоорлорун, билим берүү стандарттарын даярдоо, дидактикалык окутуучу-уюштуруучулук материалдарды даярдоо жана басып чыгаруу; кошумча кесиптик билим берүү тармагындагы адистештирилген даярдоо программаларын ишке ашыруу. 2006-жылдын сентябрь айында Окумуштуулар  кеңешинин 8.12.2005-ж. №4 чечими менен МАДУББП Магистрдик  жана ЖОЖдон кийинки даярдык борбору болуп кайра түзүлгөн. КМЮАнын илимий потенциалын кыйла натыйжалуу пайдалануу; изилдөөлөрдүн, алардын теориялык иштелмелеринин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана практикага киргизүү; илимий изилдөөлөдүн жыйынтыктарын окуу процессинде активдүү пайдалануу жолу менен адистерди даярдоо сапатын жогорулатуу, аны пайдаланууга студенттерди кеңири тартуу; профессордук-окутуучулук курамдын илимий квалификациясын жакшыртуу  максатында 2009-жылдын 14-апрелиндеги №55 буйрук менен МЖКД борбору Үзгүлтүксүз билим берүү жана экспертиза борбору болуп кайрадан уюшулган.

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августунда  “КРде жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү тутумун бекитүү жөнүндө” №496  токтомунун негизинде  КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы  №201 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарда Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык, илимий-изилдөөчүлүк, эксперттик жана редакциялык-басып чыгаруу ишмердүүлүгүн уюштуруу, илимий-изилдөөчүлүк долбоорлордун сапатын жогорулатуу  максатында 2015-жылдын июль айында ҮББжЭ борбору 04.05.2015-ж.  Окумуштуулар кеңешинин 19.03.2015-жылдагы №8 чечимине ылайык Магистратура жана үзгүлтүксүз билим берүү факультети болуп кайрадан түзүлгөн.

2017-жылдын 1-мартынан баштап КМЮАнын Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде 20.12.2017-жылдагы №6 протоколу менен Магистратура жана үзгүлтүксүз билим берүү факультетинин сырттан окутуу формасы боюнча контингенти Сырттан жана аралыктан окутуу  факультетине өткөрүлүп берилген.

           Сырттан жана аралыктан окутуу факультети КРнын Өкмөтүнө караштуу КМЮАнын жогорку магистердик квалификациясындагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону ишке ашыруучу   түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелинет.

Сырттан окуу формасындагы окуган студенттер окуу менен бирге ишти да алып барышат. Факультетте аралыктан билим берүү технологиясы колдонулат. Окутуу процесси КМЮАнын билим берүү порталы аркылуу электрондук окутуу-методикалык комплекси менен камсыздалат.

Сырттан билим алуунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Иштеген жарандардын жогорку билим жана кесиптик квалификация алуусу;
  • Иштеген жарандардын алган билимин өз убагында колдонууга шарт түзүү жана кесиптик ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • Билим берүүнүн илим жана өндүрүш менен болгон интеграциясы боюнча  негизги багыттарды ишке ашыруу үчүн шарт түзүү.

Факультет «Юриспруденция», «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу», «Экономика», «Социалдык иш», «Укук коргоо иши» багыттары боюнча жана «Соттук экспертиза» адистиги боюнча бакалаврларды даярдоону ишке ашырат. 

  Профилдер:
  •  «Сот-прокурордук иши» ;
  •  «Жарандык укук»;

Окуу мѳѳнѳтү: 5 жыл.

«Юриспруденция» багыты боюнча магистердик программасы:

Факультетте азыркы учурда мамлекеттик органдардын, мыйзам аткаруу жана сот бийлиги үчүн адистерди, мамлекеттик мекемелердин юридикалык түзүмдѳрү менен департаменттеринин жетекчилерин даярдоого багытталган  «Юриспруденция» багыты боюнча магистердик программа ишке ашырылып жатат.

Магистратурага кабыл алуу10 адистик боюнча жүргүзүлѳт:

1. «Эл аралык укук; европа укугу»;

2. «Ислам  укугу»;

3. «Администрациялык укук, каржы укугу, бажы жана салык укугу»;

4. «Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу»;

5. «Маалыматтык укук жана маалыматтык коопсуздук»;

6. «Адвокатура жана нотариат»;

7. «Ишкердик укугу; жарандык укук; жер укугу»;

8. «Кылмыш-жаза процесси; криминалистика; ыкчам-издѳѳ иши»;

9. «Кылмыш-жаза  укугу жана  криминология; кылмыш-жаза аткаруу укугу»;

10. «Сот бийлиги, прокурордук кѳзѳмѳл, укук коргоо ишин уюштуруу».

Окуу мѳѳнѳтү: 2,5 жыл.

Юридикалык колледж[оңдоо | булагын оңдоо]

КМЮА-ЮК герби.jpg

Юридикалык колледж  2005-жылдын 17-октябрында  түзүлгөн.

Адистиги:

  •  «Укук таануу».

Окуу процессинде адаттагыдай мектептин, жогорку окуу жайдын педагогикалык ыкмаларын пайдалануу менен бирге, жогорку инновациялык технологиялар колдонулат. Юридикалык колледжде орто кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин классификаторунда каралган “Укук таануу” адистиги боюнча адистер даярдалат.

Юридикалык колледж мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш жүргүзүүгө, бүтүрүүчүлөрдү даярдоого жагымдуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөн. Юридикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү окуусун аяктоо менен жеке ишканаларда, эл аралык уюмдарда, коомдук бирикмелерде, фонддордо,  укук коргоо органдарында иштей алышат  жана ошондой эле КМЮАнын адистештирилген факультеттеринде окуусун уланта алышат.

Окуу мѳѳнѳтү:

Күндүзгү окуу формасы боюнча жалпы орто билимдин (11-класстын)  базасында билим берүү мөөнөтү – 1 жыл 10 ай.

Аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен сырттан окуу формасы  боюнча билим алуу мѳѳнѳтү 2,5 жылды түзѳт. Юридикалык колледж жалпы негизги билимдин (9-класстын) базасында минималдуу билим берүү компонентин аткаруу шартында кабыл алат жана окуу мѳѳнѳтү – 2 жыл 10 ай.

Колледждеги «Фемида» ийрими таланттуу студенттерди илимий-изилдѳѳ ишине тартып жаштар чѳйрѳсүндѳ укуктук маданиятты таркатууга жана ѳстүрүүгѳ түрткү берүү менен студенттин инсандык калыптанып ѳсүшүнѳ багытталган ар түрдүү сынактар менен тренингдерди ѳткѳрѳт. 

Юридикалык колледждин максаты – мамлекеттик  органдарда иштөө үчүн кесиптик ишке бүтүрүүчүлөрдү даярдоо менен окутуунун интеграциясында жагымдуу шарттарды түзүү. Окуу-тарбия иштерин жана педагогикалык жамааттын инновациялык иштерин, студенттер арасындагы шериктештикти кароо үчүн юридикалык колледжде: педагогикалык кеңеш, усулдук кеңеш, кураторлор, ата-энелер комитети, студенттик кеңеш, студенттик омбудсмен иштейт.

     Милдеттери: Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык «Укук таануу» адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү үчүн окуу процессин уюштуруу:

  • Окуу процессин жеткиликтүү деңгээлде окуу куралдары, окуу колдонмолору жана башка окуу-усулдук адабияттар менен камсыз кылуу;
  • Студенттердин жалпы маданий даярдыгы, аларды жалпы жарандык тарбиялоо боюнча педагогикалык иштерди жүргүзүү;
  • Окуу процессин өнүктүрүү боюнча илимий-усулдук, изилдөө иштерин жүргүзүү;

        Кызматташтыктары: Азыркы күндө Юридикалык колледж Кыргыз Республикасындагы бардык колледждери менен, өкмөттүк эмес уюмдар, маданий, илимий, спорттук уюмдар жана Бишкек шаарынын  бардык мектептери  менен тыгыз кызматташтыкта.

        Салттуу иш чаралар (комдук, маданий ж.б.):  Юридикалык колледжде жыл сайын салтка айланган илимий (брейн-ринг, олимпиада), адабий (конкурстар, акын-жазуучулар менен кечелер), интеллектуалдык (КВН, өздүк оюн) жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Бөлүмдөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Илимий китепкана       [оңдоо | булагын оңдоо]

Илимий китепкана – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын  негизги  бөлүмдөрүнүн бири болуп эсептелинип,  студенттерге жана окутуучуларга библиографиялык-маалымат тейлөө ишин камсыздайт.

    Китепкана 1994-жылы  Ж.Баласагын атындагы КУУ Кадрларды  кайрадан даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун    астында түзүлгөн.  12-август 2003-жылдан бери  Кыргыз мамлекеттик юридикалык академясынын илимий китепканасы деп  аталат.

  Китептердин кору академиябыздын багыты менен түзмө-түз  байланышта. Китептер кафедралардын өтүнүчү менен, декан, проректордун көзөмөлдөөсү менен гана алынат. Китепкана кору 01.01.2017 ж. 40416 нусканы  түзөт. Жылына 60тан ашык журнал, гезиттерге жазылып, алып турабыз. Маалымдоо кору адаттагы каталог жана картотека карточкаларынан гана эмес  электрондук  нускаларды да түзөт. Азыркы мезгилде электрондук каталогдо 8275 даана китеп, 1633 автореферат, 4434 макалалар, электрондук дисктер 250 карточкадан турат жана алардын саны күн санап көбөйүп өсүүдө.

Китепкананын фондунда ХVIII-XIXкк. басылып чыккан сейрек кездешүүчү китептер өзгөчө орунду ээлейт.  

Катталган окурмандардын саны  01.01.2017ж. - 4491.

Жылына окурмандарды китеп жана башка материалдар менен тейлөө – 126580  нуска.

Китепканага  окурмандардын келүүсү жылына – 98504  санды түзөт.

    Илимий китепкананын баардык аянты 297м2 түзөт. 2 абонемент, 133 орундуу 4 окуу залы бар (бир окуу залы – КМЮА-нын 2 имаратында Көк-Жарда, 1 абонемент, окуу залы менен-Юридикалык колледжде (№4 орто мектептин имаратында  жайгашкан). 2013-жылы Илимий китепканада Ч.Айтматов атындагы жана “Манас” жаңы окуу залдары ачылган. Китепкананын техникалык жабдуусу - 48 компьютер, 2 принтер, 1 сканер, 2 проектор, 2 экран.

Окурмандарга төмөнкү  аталган казматтарды көрсөтөбүз:

  • Маалымат-библиографиялык издөө
  • КМЮАнын порталы (электрондук окуу китептери)
  • «Токтом» МИС (укук ченемдүү маалымат топтому)
  • Электрондук юридикалык  сөздүк
  • Тематикалык баштыкчалар
  • Электрондук каталог http://kyrlibnet.kg/
  • Ачык архив (КИРЛИБНЕТ) http://arch.kyrlibnet.kg/
  • Жаңы гезит  жана  журналдар

Электрондук базалар (Лань, ПОЛПРЕД, eLibrary, Elgaronlin, Web of Science (WOS), DOAJ, IPRBooks)

    Илимий китепкананын кызматкерлери академияда өткөрүлүүчү иш-чаралардын баардыгына активдүү катышышат.  КР китепканалар маалымат консорциуму (КМК) жана Электрондук  китепканалардын асоциациясы (ЭКА) менен тыгыз иштеп,  окутуучуларга

машыгуу үйрөнүмдөрдү өткөрүп, алардын илимий иштерин, жана макалаларын  “Ачык билим берүү” кыймылын жайылтуу үчүн “КИРЛИБНЕТ” сайтына жайгаштыруу иши активдүү жүрүп жатат.

    Андан тышкары студенттерге жана  окутуучуларга арналган китеп-көргөзмөлөр, тематикалык папкалар даярдалып, ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүп турат.

    Азыркы мезгилде биздин жаамат “КМЮАнын китепкана жана маалымат комплекси» аттуу долбоорунда иш жүргүзүп жатабыз «КМЮАнын ИК корунун башкаруусун өркүндөтүү» программасын иштеп чыгып, аны ишке ашыруунун камы көрүлүүдө. Программанын негизинде бүт китепкана иштерин автоматташтырып, аны жалаң эле КМЮАнын китепканасында колдонуу эмес, КМЮАнын Ысык-Көл юридикалык институтунда, Нарын, Талас юридикалык колледждеринин китепканаларына жайылтуу менен аймактагы студенттердин жана окутуучулардын да маалымат табуу системасын жакшыртуу алдыга коюлган.

2010-жылы КМЮАнын илимий китепканасы кардарларды тейлөөнүн  иновациялык методдорун ийгиликтүү өздөштүргөндүгү үчүн,  дүйнөлүк маалымат ресурстарына кирүүнү түзгөндүгү жана академиянын коомдук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн, КМЮАнын ИКнын фондун бекемдөө иши үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак  грамотасы менен сыйланган.

Жаштар иштери, дене тарбия жана эстетикалык тарбиялоо боюнча борбор[оңдоо | булагын оңдоо]

КМЮАдагы тарбия ишинин максаты – ЖОЖдун студенттеринин кесиптик терең билимди жана шыктуулукту, жогорку моралдык жана атуулдук сапатты айкалыштырган, укуктук жана коммуникациялык маданиятка ээ, чыгармачылык жактан өзүн көрсөтө алган активдүү жарандык позициясы бар инсандык жана кесиптик калыптануусуна жагымдуу шарттарды түзүү.

Тарбиялоо ишинин милдеттери:

  • студенттерди тарбиялоонун бирдиктүү комплекстик системасын түзүү;
  • тарыхый-маданий салттарды сактоо жана жайылтуу;
  • студенттердин кызыкчылыктарын жана чыгармачылык шыктарын изилдөө;
  • студенттердин бийик руханий адептүүлүк сапаттарын тарбиялоо;
  • студенттерде патриоттук сезимталдуулукту жана жарандык активдүү позицияны калыптандыруу; студенттик маданий деңгээлди, жүрүм-турум, кеп жана сүйлөшүү  маданиятын жогорулатуу;
  • таланттуу жаштарга көмөк көрсөтүү, студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү; сергек жашоо образынын көндүмдөрүн калыптандыруу, профилактикалык чараларды жүргүзүү;
  • студенттик өзүн-өзү башкаруу уюмун өнүктүрүү, студенттик активдерди уюштуруу.
  • руханий-адеп ахлактык тарбиялоо; жарандык-патриоттук тарбиялоо;
  • маданий-эстетикалык тарбиялоо;
  • дене тарбия жана сергек жашоо образын калыптандыруу.

      Борбор  Бишкек шаарында жана  Чүй облусунда  жайгашкан социалдык мекемелерге, балдар жана карылар үйлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча иштерди алып барат.

Академиянын жетекчилиги тарабынан студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн, көркөм чыгармачылыкка студенттердин массалык катышуусу үчүн, спорт менен машыгуу, ар түрдүү багыттагы кружокторго катышуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.  КМЮАда өздүк көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана чыгармачыл жамаатты толуктоо максатында КРнын искусствосунун өкүлдөрү жетектеген бий студиясы, фольклордук ансамбль жана вокалисттердин студиясы ийгиликтүү иш алып барат.

     Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имаратында жыл сайын 1-курстун студенттеринин салттуу  «Студенттик катарга кошулуу» майрамы өткөрүлөт. Мамлекеттик тил күнүнө карата жыл сайын 23-сентябрда «Дилиңди берсең да, тилиңди бербе!» деген темада Мамлекеттик тил күнү белгиленет.

  Академиянын студенттеринин маданий деңгээлин жогорулатуу максатында жыл сайын чыгармачылыктын 5 номинациясы боюнча студенттердин өздүк көркөм чыгармачылыгынын  конкурсу өткөрүлүп турат. Конкурстун жеңүүчүлөрү дипломдор жана белектер менен сыйланышат.

КМЮАда салттуу түрдө өткөрүлүүчү чоңураак иш чаралар: «Мисс КМЮА», «Студенттик наам берүү КМЮА 2013», «Жождор универсиадасы 2013» «Фестиваль КВН», Кайрымдуулук акциялары, «Бишкек жазы» студенттик чыгармачылык фестивалы, Студенттер арасында жождор аралык коференциялар, Жождор аралык тегерек столдор, «Жайкы Ысык-Көл оюндары», «ПОК жана АББ үчүн Спартакиада», «Студенттер үчүн Спартакиада», «Дельфин» СДЛ базасында юридикалык студенттик жайкы лагерь «ЖОЖдор аралык дебаттык турнир Кубок КМЮА», «Адам укуктары боюнча ар жылдык студенттик конференция», «Саламаттык» окутуучулардын ЖОЖдор аралык спартакиядасы, «Студенттер үчүн  Ректор менен жаңы жылдык бал», «Кызматкерлер үчүн жаңы жылдык кече», «Эл аралык конференциялар», «Жаңы жылдык балдар балатысы».

    КМЮАда төмөндөгүдөй студенттик уюмдар иштейт:

  •  Студенттик кеңеш;
  •  Студенттердин укуктары бонча ыйгарым укуктуу кызмат;
  •  Дебат клубу;
  •  «Акыйкат» адабий-поэтикалык клубу;
  •  КМЮАнын волонтерлук кыймылы.

КМЮАнын студенттик кеңеши - КРдин Конституциясына, КРнын  «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдарына, Академиянын жоболоруна жана башка ченемдик актыларына ылайык түзүлгөн студенттик уюм жана студенттердин өзүн өзү башкаруу формасынын бири.

Студенттик кеңештин максаттары:

  • Жарандык маданияттуулукту, студенттердин  активдүү жарандык позициясын, алардын социалдык жактан жетилгендигин өнүктүрүүнү, өзүн өзү башкаруунун көндүмдөрүн жана шыктарын, өз алдынчалуулукту, өз аң-сезимин өнүктүрүүнү калыптандыруу.
  • Студенттер арасында  өз ара аракеттешүүнү жана көмөк көрсөтүүнү өнүктүрүү, академияда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин бекемдөөгө түрткү берүү, КРдин жана чет өлкөлөрдүн  жогорку окуу жайлары менен болгон байланышты кеңейтүү болуп саналат.

 Студенттик кеңештин милдеттери:

  • Студенттик иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды, фестивалдарды, форумдарды, семинарларды, конкурстарды, жолугушууларды, тренингдерди, дебаттарды, академиянын маданий-массалык, спорттук жана башка иш- чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • Студенттин демилгелүүлүгүн өнүктүрүүдө чыгармачыл, илимий-изилдөө жана спорттук потенциалынын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

Студенттердин укуктары боюнча ыйгарым укуктуу кызматы - бул КМЮАнын студенттик укук коргоо органы болуп саналат Бул орган студенттер тарабынан шайланат.

   Студенттердин укуктары боюнча Ыйгарым укуктуу кызматтын негизги максаттары: КРнын мыйзамдары, КРда ратификацияланган эл аралык келишимдер жана макулдашуулар менен юридикалык академиянын студенттеринин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо; юридикалык академияда билим берүү процесстерин реформалоого жардам берүү жана укук бузуулардын алдын алуу; юридикалык академиянын студенттеринин билим алуу чөйрөсүндө өзүнүн укуктарын ишке ашыруу боюнча бардык формадагы дискриминацияны алдын алуу; юридикалык академиянын студентеринин укуктук маалыматтуулугуна көмөк көрсөтүү.

            Студенттердин укуктары боюнча ыйгарым укуктуу кызмат жыл сайын студенттердин укуктары жана милдеттери боюнча бардык студенттер менен жолугушууларды өткөрөт. Окутуучулар менен студенттердин укук бузууларын ачып көрсөтүү максатында студенттер арасында анкеталар  жүргүзүлүп турат.

Мамлекеттик, расмий, дүйнөлүк тилдер жана лингвистикалык технологиялар борбору[оңдоо | булагын оңдоо]

МРДТжЛТ борбору КМЮАнын Окумуштуулар кеңешинин 2010-жылдын ... чечиминин негизинде уюшулган.      

Борбордун структурасы:

  • Кыргыз тили секциясы
  • Орус тили секциясы
  • Англис тили секциясы
  • Дүйнөлүк тилдер секциясы

        Борбордо  педагогикалык тажрыйбасы мол окутуучулар эмгектенет. Алардын ичинде 3 илимдин кандидаты, 2 доцент, 3 доценттин милдетин аткаруучу, 21 ага окутуучу, 3 окутуучу бар. Көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн  6 окутуучу КР Билим берүүнүн мыктысы, 3 окутуучу КР Президентинин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын Ардак грамотасы, 2 окутуучу КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Борбор тарабынан окутулган сабактар: кыргыз тили, кесиптик кыргыз тили, мамлекеттик тилде иш кагаздары, юристтин кеп маданияты, кеп маданияты, англис тили, кесиптик англис тили, немис тили, латын тили, француз тили, араб тили, кесиптик араб тили, кытай тили, кытай тилиндеги укуктук документтер.

       Борбордун максаты мамлекеттик, расмий жана чет тилдерин окутуу процессинин сапатын жогорулатуу, мамлекеттик, расмий жана дүйнөлүк тилдерин өндүрүшкө киргизүүнүн илимий-практикалык  көйгөйлөрүн чечүүдө академиянын ишмердүүлүгүн координациялоо.

Борбордун милдеттери:

  • профессордук-окутуучулар курамынын алдыңкы окуу-методикалык ишмердүүлүгүн жайылтуу;
  • тилдик эмес окуу жайда студенттердин чыгармачылык жеке потенциалын, мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында окутуунун технологиясын жакшыртуу;
  • тилдерди окутуп-үйрөтүүгө кызыктырып тартууда студенттер арасында тарбиялык иштерди жүргүзүү;
  • академияда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана иш кагаздарынын сапатын көтөрүүгө көмөктөшүү;
  • студенттер жана профессордук-окутуучулар курамын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү  үйрөтүү .

    Борбор алгач 2003-жылы  КР Өкмөтүнүн алдындагы КМЮАнын уюшулушу менен  мамлекеттик, расмий жана чет тилдерин окутуунун жакшыртуу максатында  “Тилдер кафедрасы”  деген аталышта түзүлгөн.

2004-жылы кафедра француз, латын тилдери окутула баштагандыктан “Расмий жана чет тилдери” аталган.

Мамлекеттик тилге болгон талаптардан улам  2006-жылы кафедра эки багытта өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган. Биринчи кафедра “Мамлектти тил” кафедрасы, экинчиси “Расмий тил жана чет тилдери”  кафедрасы деген аталышта иш алып барышкан.

2007-жылы кафедра “Мамлекеттик тилди укук тармагында өздөштүрүү жана өркүндөтүү” борбору болуп түзүлгөн.

2010-2011-жылдары эки кафедранын базасында Мамлекеттик, расмий, дүйнөлүк тилдер жана лингвистикалык технологиялар борбору болуп түзүлгөн.

Борбордун илимий темасы: “Тилдерди окутуунун, лингвистиканын актуалдуу көйгөйлөрү жана билим берүүдө инновациялык технологияларды  колдонуу”.

Борбор тарабынан тилдерди окутуунун илимий-методикалык жолдорун жакшыртуу  жана жайылтуу, ошондой эле башка окуу жайдын окутуучулары менен тажырыйба алмашуу максатында республикалык “Азыркы учурда тилдерди окутуунун методикалык жана педагогикалык маселелери”, “Инновациялык технологияларды колдонуу менен тилдерди окутуу”, “Юрлингвистиканын маселелери”, “Кытай, араб тилдерин окутуунун методикасы” деген темада жыл сайын семинар-тренингдерди өткөрүү колго алынган. Мындан тышкары окутуучулар башка окуу жайларда, билим берүү мекемелеринде, Америка, Франция, Германия, Россия элчиликтери тарабынан өткөрүлгөн билимдерди жогорулатуу курстарынан жана семинар-тренингдерден өтүп турушат жана эл аралык, ЖОЖдор аралык, республикалык илимий-практикалык конференцияларга, тегерек столдорго  катышып, илимий басылмаларга макалаларын жарыялап келишет.

Борбордо  КМЮАнын кызматкерлери үчүн Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү курсу, студенттер үчүн кыргыз, англис, кытай тили курстары жүргүзүлөт.  

Студенттердин тил боюнча билимдерге кызыктырып жана билимдерин өркүндөтүп туруу үчүн ЖОЖдор аралык “Тил жана укук” илимий-практикалык конференциясы, Тилдер боюнча факультеттер арасында олимпиада, тилдер фестивалы, дебаттар уюштурулуп турат.

Академиянын атынан тилдер боюнча башка республикалык, ЖОЖдор, эл аралык, республикалык ар кандай сынактарга катышкан студенттер байгелүү орундарга ээ болуп турушат.

Мындан тышкары студенттерди коомдук-маданий иш-чараларга тартуу үчүн ар кандай адабий, интеллектуалдык программалар, белгилүү адамдар менен жолугушуулар, тарбиялык сааттар, мейман лекциялары, белгилүү даталарга кечелер, жумалыктарды өткөрүп туруу колго алынган. Булардын алкагында академияда “Эне тилим кылымдары карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”, “Жаш акындар сынагы”, “Француз тилинде сүйлөм”, “Культура речи  и ненормативная лексика”, “Кытай жаңы жылы”, “Латын учкул сөздөрү” викторинасы өткөрүп туруу салт болуп калган.

Бүгүнкү күндө борбордо жаңы Мамлекеттик билим берүү стандартына  ылайык компетенцияларды жетекчиликке алуу менен тил  сабактары боюнча 32 Окуу усулдук комлекстери түзүлүп, КМЮАнын электрондук порталына жайгаштырылган.  Окуу куралдар жазылып жарыкка чыгарылган.

Борбор КР Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясы, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил сектору, тил даярдыктары боюнча ЖОЖдордун кафедралары менен тыгыз кызматташат.

Тажырыйба алмашуу, билимдерин жогорулатуу максатында окутуучулар  Кытай, Германия, Австрия, Индия, Франция ж.б. чет мамлекеттерге барып турушат/

Карьера борбору[оңдоо | булагын оңдоо]

Карьера борбору  ректордун  2009-жылдын 2-апрелинин  №46а  буйругу менен түзүлгөн.

    Бобордун ишмердүүлүгүндө келечектеги ийгиликтүү карьерага болгон  студенттин профессионалдык  ориентациясын өнүктүрүүгө багытталган студенттик демилгелер менен академиянын жетекчилигинин чечимдери бириктирилген. Бүгүнкү күндө студенттердин практикалардын жана стажировкалардын бардык түрлөрүн өтүүсү боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер менен 50дөн ашык келишимдер түзүлдү.

  Борбордо лидерлер мектеби түзүлгөн жана ага жыл сайын 200дөн ашык студенттер катышат.

  Бүтүрүүчүлөрдүн  ассоцациясы  активдүү өсүүдө. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөр тууралуу маалыматтар базасы 917 кишинин санын түзөт. Дайыма ассоцациянын катышуучуларынын санын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Карьера  борбору юридикалык клиникалык билим берүүнү өнүктүрүү максатында Сорос Кыргызстан фонду жана Америкалык юристтердин асссоцациясы менен тыгыз  иш алып барып, алардын жардамы менен ар кандай тегерек столдор, конференциялар, тренингдер, социалдык обьектилерге кеңештерди  берүүлөр өткөрүлүүдө. Окуу курсун ийгиликтүү аяктаган студент ректордун буйругу менен тиешелүү сертификатка ээ болот. Азыркы күндө КМЮАнын юридикалык клиникасын 30 студент ийгиликтүү аяктады.

2010-жылы Карьера борборунун  базасында  Enactus (Sife) КМЮА командасы түзүлгөн. Команда кыска мөөнөттүн ичинде дээрлик чоң жыйынтыктарга жетишип, 7 долбоор  ийгиликтүү жүзөгө ашырылды. Биздин команда Кыргызстан боюнча эң күчтүү 5 командалардын ичине кирет. КМЮАнын Карьера борбору эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин программасынын алкагында Евразия Орто Азия фонду жана  «Endet» билим берүүнүн окуу жайлар ассоцациясы менен биргеликте жождор арасында өткөргөн « Мыкты карьера борбору» сынагында  2 орундун ээлеген.

Борбордун  негизги идеяларын ишке ашыруунун чегинде студенттердин болчоктогу кесибине керектүү практикалык көндүмдөрдү  окуудан тышкаркы убакыта үйрөтүүчү төмөндөгүдөй багыттар менен  иш алып барат:

Лидерлер мектеби- бул уюмдун ишинин чегинде студент өзүнүн келечектеги ийгиликтүү карьерасын түзүүгө  керектүү кесиптик көндүмдөргө ээ болот. Студент чечендик искусствого, башкаруу искусствосуна жана коммуникативдик көндүмдөргө үйрөнөт. Коомчулукту өнүктүрүүгө зор салым кошкон, студенттердин арасында чоң абройго ээ болгон,  белгилүү практик юристтер менен  ар түрдүү бөлүмдөр менен структуралардагы адистерди студенттик жолугушууларга чакырат.

КМЮАнын бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы – бүтүрүүчүлөрдүн ыктыяруу бирикмеси, анын негизги максаты КМЮАнын коомчулуктагы маанилүүлүгүн жана жалпы таанылышын жогорулатуу боюнча бүтүрүүчүлөрдүн аракеттери менен күчүн консолидациялоо, Ассоциациянын мүчөлөрүнүн ортосунда байланыштардын комплексин калыптандыруу, бардык деңгээлде корпоративдик биримдикти бекемдөө ж.б.  Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүү максатында КМЮАнын бүтүрүүчүлөрүнүн маалымат базасы иштейт. Бул бүтүрүүчүлөр менен дайыма онлайн байланышында болуп, ишке орношуу жана стажировка боюнча пайдалуу маалыматтар менен алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт жана КМЮАнын тарбиялануучуларынын ишке орношуусунун жана карьерадагы жетишкендиктеринин деңгээлин  байкоого болот. 

Юридикалык клиникасы -  юридикалык клиникасынын ишмердүүлүгүн чегинде академиянын мыкты окуган студенттери куратор-окутуучунун жетекчилиги астында укуктук кеңештерди берүү иштерине катышып, теориялык билимдерин практикада реалдуу юридикалык маселелерди чечүү менен бекемдейт жана өзүнүн келечектеги кесибине керектүү практикалык тажрыйба алат.

КМЮАнын Энактус командасы– бул ар түрдүү бизнес долбоорлорун иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга катышуу менен студенттердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.

Г. Гросс атындагы окуу-инновациялык криминалистикалык комплекси[оңдоо | булагын оңдоо]

    Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы 2010-жылы окуу-инновациялык криминалистикалык  комплексти түзүү долбоорун ишке ашырууну баштаган.

Расмий ачылышы 2012-жылы болуп, «Криминалистиканын тарыхы, бүгүнкү

абалы жана өнүгүү маселери» эл аралык илимий практикалык конференцияга арналган.

    Криминалистикалык  комплекс юриспруденция жана соттук экспертиза тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого  багытталган.   

    Криминалисттик комплексттин ишинин негизги максаты практикалык жана лабораториялык сабактарды өткөрүү үчүн атайын шарттарды түзүү болуп саналат. Ганс Гросс атындагы окуу-инновациялык криминалистикалык  комплекстин жетекчиси - Фараджиев Мамед Ахмед оглы.

  Криминалистикалык  комплекстин заманбап материалдык-техникалык жана окуу- усулдук төмөндөгүдөй базалары бар:

- лекция дарсканасы;

- окуу дарсканалары;

- криминалистикалык  китепкана;

- практикалык сабактарды өткөрүү үчүн окуу объектилери;

- криминалистикалык лаборатория.

      Комплекстин алдында атайын белгилүү категориядагы кылмыштарды жана кырдаалдардын жагдайын так өзүн чагылдырган  окуу объектилери «Тергөөчүнүн кабинети», «Офис», «Жатак бөлмөсү», «Айыл үйү», «Астория» кафеси түзүлгөн.  Алар белгилүү категориядагы кылмыштарды изилдөөнүн чегинде ар кандай тергөө иштерин жүргүзүү үчүн  иштиктүү оюндарды өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Комплексте криминалисттик лабораториялар дагы жайгашкан:

- атылбас жана метал куралдарын изилдөө;

- баллистикалык изилдөөлөрдүн лабораториясы ;

- документтердин соттук кол жазмасын тескөө жана технико-криминалистикалык изилдөөлөрдүн лабораториясы;

- дактолоскопиялык изилдөөлөрдүн лабораториясы;

- трасологиялык изилдөөлөрдүн лабораториясы;

Комплекстеги криминалистикалык лабораторияларды жана окуу объектилерин, окутуунун техникалык каражаттарын, компьютердик техниканы, компьютердик технологияны, окуу макеттерин активдүү колдонуу студенттердин окуу экспертизаларын жүргүзүүдө тергөө иштерин өндүрүш процесcтериндеги билим деңгээлин жана көндүмдөрүн жогорулатууга таасир  берет.

      Комплекстин алдында практикалык сабактарды өткөрүү үчүн аймагында  окуу объектилери жайгаштырылган ачык полигон түзүлүп жатат.

      Комплекстин базасында КМЮАнын студенттери менен окутуучулары үчүн жана республиканын укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн да конференциялар, тегерек столдор, олимпиядалар, семинарлар, тренигдер өткөрүлөт.

      2013-жылы Г. Гросс  атындагы окуу-инновациялык криминалисттик комплекстин базасында криминалистика боюнча өткөрүлгөн олимпиядада КМЮАнын «Дельта»  топтом командасы биринчи орунду ээлешти/

Маалымат технологиялары жана электрондук окутуу бөлүмү[оңдоо | булагын оңдоо]

Маалымат технологиялар сектору 2015-жылдын апрель айынан тартып академиянын өз алдынча - маалымат технологиялары жана электрондук окутуу бөлүмү болуп калды. Бөлүмдүн алдында Е-Learning Борбору иштейт.

Бөлүмдү жана Борборду түзүүнүн максаты – эл аралык стандарттардын жана е-learning жаатындагы ыкмалардын негизинде ата мекендик жана чет өлкөлүк ЖОЖдордун алдыңкы тажрыйбаларын эске алуу менен КМЮАнын окутуу системасына алдыңкы маалымат-коммуникациялык технологияларды киргизүүнүн эсебинен окутуу процессин интенсивдештирүү.

Бөлүмдүн жана Борбордун ишиндеги негизги багыттар төмөндөгүлөр:

  • Окутуунунун мазмунун жаңылоо жана электрондук окутууну (е-learning) колдонуу методикасын киргизүү;
  • Алдыга коюлга дидактикалык максаттарга ылайык туруктуу өнүгүү, санарип окуу ресурстарын иштеп чыгуу жана жеткирүү;
  • Квалификацияны жогорулатуу аркылуу персоналды өнүктүрүү;
  • Академиянын инфраструктурасын өнүктүрүү.

Бөлүмдүн жана Борбордун негизги милдеттери:

  • Электрондук окутуу системасын ченемдик укуктук жактан камсыздалышын өнүктүрүү;
  • КМЮАнын технологиялык инфраструктурасын өнүктүрүү;
  • Окуу процессин автоматташтыруу;
  • Санарип билим берүү ресурстарын өнүктүрүү;
  • Электрондук окутуу жаатында академиянын саясатын өнүктүрүү;
  • Электрондук окутуунун педагогикасын өнүктүрүү;
  • Электрондук окутуу системасын колдонуучуларды уюштурууну камсыздоо жана даярдоо;
  • ЖОЖдун ичиндеги жаңы маалымат технологияларын түзүү жана өнүктүрүүгө багытталган структураларынын ишинин негизги багыттарын координациялоо жана аныктоо.

Бөлүмдүн функциялары:

  • Е-Learning проблемалары боюнча башка уюмдар менен бирдикте жана өз алдынча илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана өткөрүү, дүйнө жүзүндөгү е-learning абалын талдоого алуу. Кайсы жерде жайгашканына карабастан, окуп жаткандардын жана кызматкерлердин электрондук билим берүү ресурстарына 365/24/7 схемасы боюнча маалымат-телекоммуникациялар технологияларын жана сервистерин колдонуу аркылуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
  • Маалымат-билим берүү ресурстарын   калыптандырууга катышуу жана төмөндөгүлөрдү түзүү:
  • Бирдиктүү маалымат чөйрөсүн КМЮАнын экспорттук потенциалын өстүрүү элементи катары репозиториясын;
  • Окуу процессин окутуунун интерактивдүү жана электронук каражаттар менен камсыздоонун окуу-методикалык базасын;
  • Жазылып алынган вебинарлар базасын.
  • Электрондук (дистанттык) окутуунун ченемдик-укуктук базасынын өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүү.
  • Электрондук окуу курстарын (ЭОК) иштеп чыгуу.
  • Онлайн окутуу процессин уюштуруу жана коштоо.
  • Е-Learning чөйрөсүндө иштөө үчүн тьюторлорду окутуу.
  • Электрондук маалымат ресурстардын үстүндө иштөөдө Академиянын кызматкерлерин мотивациялоо принциптерин жана методдорун аныктоо.
  • Инновациялык технологияларды киргизүү маселелери боюнча семинарларды уюштуруу жана өткөрүү.
  • Профессордук-окутуучулук курамдын даярдалган электрондук түрдөгү маалымат ресурстарын эксперттик баалоону уюштуруу.

Окумуштуулары[оңдоо | булагын оңдоо]

1. Аты, жөнү жана ээлеген кызматы:                             

Аты, жөнү, теги: 

Шаршеналиев Асанбек Шаршеналиевич[оңдоо | булагын оңдоо]

Туулган жылы, айы: 1940 жылы 29-мартта Нарын областындагы Жумгал районунун Кызыл-Туу (Куйручук) айылында төрөлгөн.

           Теги - жети атасына чейин Саяк уруусунан чыккан чоң манаптардан: чоң атасы Үркүнчү болуш, анын атасы Дуулат бий, саяк уруусунун башчысы, анын атасы Медет датка – Кокон хандыгы бул наамды берип (1800 жылдын башында) колуна атайын туу (флаг) тапшырган, бул туу бүгүнкү кундө ата-бабалардан калган тарыхый реликвия (эстелик) катары профессор А. Шаршеналиевдин колунда сакталып турат. 1916-жылы үркүндө Шаршеналынын агасы Көкүмбай манап, ушул тууну колдоруна желбирете кармап алып, саяк элин баштап Кытай жергесине качышкан. Медет датканын атасы Келдибек бий заманында кыргыздын башка бийлери менен биригип басмачы калмактарды кыргыз жергесинен кууп чыгышкан.

Иштеген жери: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Жазык процесс жана прокурордук көзөмөл кафедрасы

Ээлеген кызматы: Жазык-процесс жана прокурордук көзөмөл кафедрасынын профессору

Илимий даражасы, наамы: Юридикалык илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ардактуу профессору

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөөлү. Үч уулдун атасы

2. Билими:

Окуу жайын бүткөн жылы: 1964 жылы

Окуу жайынын расмий аталышы: Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган

Даярдоо адистиги жана багыты: Укук таануу

Квалификациясы: юрист

3. Диссертациялар:

Илимий даражасы: Юридика илимдеринин доктору

Адистиги: 12.00.08. – «Жазык укугу; криминология; Жазык-аткаруу укугу»

Жактаган жылы: 1999-жылы, «Нарк экономикасына өтүүдө кылмыштуулук менен күрөшүүнүн көйгөйү»

4. Окутуучунун жетекчилиги астында жакталган диссертациялар:

Жети юридикалык илимдеринин кандидаты жана бир юридикалык илимдеринин доктору

5. Эмгек тажырыйбасы:

Эмгек жолу:

1964 жылы Фрунзе шаарынын прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген.

Ошол эле жылы Москва шаарындагы СССРдин Башкы прокуратурасынын Илимий изилдөө институтунун аспирантурасына өткөн.

Аспирантураны аяктаган сон Кыргыз илимдер академиясынын Философия жана укук институтунда илимий кызматкер, окумуштуу катчысы, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти болуп иштеген.

1979 жылдан тартып Коммунистик партиянын Фрунзе шаардык комитетинде бөлүм башчы.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысынын орун басары.

Кыргыз ССРнин Башкы мамлекеттик арбитры.

1991- жылы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун биринчи төрагасы болуп шайланган.

1993 – жылдын Май айынан тартып жети жыл – толук конституциялык бир мөөнөт Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.

2000 – жылдын апрель айынан тартып Кыргыз улуттук университетинин юридикалык институнун директору.

2001 – жылдын октябрь айынан тартып Жогорку Кенештин Эл өкулдөр палатасында Президенттин өкүлү.

2003 – жылдын сентябрь айынан тартып Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окуу жана илимий иштер боюнча биринчи проректор.

2010 – жылдан бери жазык процесс жана прокурордук көзөмөл кафедрасынын профессору жана профессор-кеңешчиси.

6. Эмгек стажы:

Жалпы: 53 жыл

Илимий-педагогикалык стаж:  25 - жылдан ашык

7. Квалификациясын жогорулатуу (акыркы 5 жыл)

Өткөн жылдары:

1992-жылы АКШнын Вашингтон шаарында сотторду окутуу борборунан 20-кундук семинардан өткөн.

1996-жылы АКШнын ЮСАИД агентствосу аркылуу прокурорлор учун түзүлгөн атайын программа боюнча беш штатта – Вашингтон, Пенсильвания, Оклахома, Колорадо жана Нью-Йоркто 20-кундук семинардан өткөн.

8. Окутулуучу сабактар:

Окутулуучу сабактардын аталышы:

- Прокурордук көзөмөл; Экономикалык кылмыштуулук жана коррупцияны алдын ала эскертүү.

9. Илимий кызыгуу тармактары:

Кылмыш-жаза укугунун адиси. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүүнүн көйгөйлөрүн изилдеген Кыргыз Республикасы боюнча биринчи адис.

Илимий кызыкчылыкты мүнөздөгөн негизги салымдар:

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сунуштоо менен нарк экономикасы учурундагы пайда болгон укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча төмөндөгү жаны нормаларды киргизген: Мамлекеттик кредитти максатка ылайыксыз пайдалануу (КЖКнын 185-статьясы); Адамдын салык төлөөдөн четтөөсү ( КЖКнын 211, 212, 213-статьялары); Опуза талап (КЖКнын 170-статьясы); Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү (173-статьясы); Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу ( КЖКнын 31, 33, 231-статьялары).

10. Илимий иштери:

Илимий эмгектери, чыгарган китептери, публикациялары - жуздөн ашык:

Монографиялары:

- «Алдым жуттумдарга жол жок», Фрунзе-1973-ж. 6 б.т.;

- «Меры обеспечения общественной собственности», Фрунзе-1975-ж. 8,5 б.т.;

- «Состояние законности в Кыргызской Республике», Бишкек-1997-ж. 7,5 б.т.;

- «Проблемы борьбы с экономической преступностью в условиях перехода к  рынку», Бишкек-1998-ж. 23 б.т.;

- «Укук» энциклопедиялык окуу куралы. (авторлош). Бишкек-2004-ж. 30,7 б.т.

- «Жазык укугу» окуу китеби. 1-2 томдору, (авторлош). Бишкек-2005-ж. 66 б.т.;

жана башка 100 дон ашуун илимий макалалардан турган эмгектердин ээси.

Саясий ишкердик иш пландары (коомдук иштер):

Кыргызстанды социалдык жана экономикалык жактан кайра курууну активдүү ылдамдатууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу жаш адистерди тарбиялоо.

11. Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө кошкон салымы:

Омурунун 50-жылдан ашуун бөлүгүн кылмыштуулук менен күрөшүүнүн, закондуулукту чындоонун илимий жолдорун изилдөөгө жана аларды иш жүзүнө ашырууга арнаган.

Республикада юридикалык билим беруу абалын жакшыртууну терен изилдеп мамлекет башчысына сунуш киргизип атып, мамлекеттик юридикалык академиясын ачууга туздөн-туз демилгечи болгон.

Бийлик бутактарынын ортосунда тен салмактуулукту сактоодо жана алар менен жарандык коомдун ортосунда социалдык конфликтини алдын ала тыйып турууда прокуратура органдарынын, өзгөчө Башкы прокурордун ролу өтө зор.

А. Шаршеналиев өлкөнүн Башкы прокурору болуп турган учурда принциптерди четке какпастан, бийликке кошомат кылбастан, оппозицияга жагалданбай ак ниеттүүлүк менен таза иштеген. Ошондуктан өлкөнүн жана коомдун кайра курулушунун башталыш мезгилдеринде (1993-2000 жылдары), эң кырдаал учурларында өлкөдө бирдагы орчундуу социалдык жанжал чыккан эмес.

Башкы прокурор кызматында турган учурда 500дөн ашуун мыйзамдардын долбоорлоруна корутунду сын-сунуштарын берген. Бир катар мыйзамдарды (Эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы, жазык-процесс кодекси, Конституциялык сот жөнүндө, прокуратура жөнүндө, күрөө жонүндө мыйзамдары) иштеп чыгып, эгемендүү мамлекетибиздин укуктук пайдубалын туптөөгө түздөн-түз катышкан.

Коррупцияга катуу чабуул жасап, Жогорку Кенештин 15 депутатына жеке өзү кылмыш ишин козгоп жана аларды ушундай жоопко тартуу маселесин мамлекет башчысына. Жогорку Кенешке жана коомчулукка такай коюуп жатып, 1998-жылы февраль айында жалпы элдик референдумда Жогорку Кенештин депутаттарынын чексиз кол тийбестигин Конституциядан алып таштоого түздөн-түз демилгечи болгон.

1998-жылы Италиянын борбру Рим шаарында Бириккен улуттар уюумунун демилгеси менен эл аралык кылмыш сотун түзүү боюнча, дүйнө жүзүндөгү 97 мамлекеттин делегаттарынын катышуусу менен эл аралык конференция  өткөн. Бул конференцияга Кыргыз Республикасынын атынан катышып, мындай соттун зарыл экендигин негиздеп жана аны Гага (Голландия) шаарына жайгаштыруу жөнүндө сунушту биринчи болуп айткан жана бул сунуш делегаттардын жалпы колдоосуна ээ болгон.

1999-жылы ноябрь айында Бириккен улуттар уйумунда адамдын укугун коргоо боюнча комитетинде (Женева шаары) ушул маселе боюнча Кыргызстандын улуттук отчетун коргоп жакшы даражадагы баа алууга жетишкен.

12. Сыйлыктары:

Класстык чини, аскердик даражасы: Юстициянын Генерал-полковниги

Мамлекеттик сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын эмгек синирген юристи, СССРдин «Эмгектеги артыкчылыктары» медалы, Кыргыз Республикасынын медалдары жана Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын ардактуу кызматкери, Кыргыз Республикасынын билим беруу отличниги.