Кыргыз Республикасындагы аялдарды микрокаржылоо

Википедия дан

«Микрокаржылоо» деген термин чакан ишкерлерге каржылык кызматтарды көрсөтүү дегенди билдирет. Башкача айтканда, микрокаржылоо аркылуу калктын жакыр катмарлары каржылоо булактарына кыйла жеңилирээк жете алышат[1].

Микрокаржылоонун тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Микрокаржылоо XX кылымдын 70-жылдары пайда болуп, жакырчылыкты жоюуда, калктын аярлуу топторунун укуктарын кеңейтип жана коргоодо, ошону менен катар жалпы мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү курал катары каралып калган. Микрокаржылоо тутуму Кыргыз Республикасында биринчи жолу XX кылымдын 90-жылдарынын ортосунда жеке менчик жана мамлекеттик бизнес демилгелер, ошондой эле эл аралык өнүгүү агенттиктеринин каржылык интервенциялары (Финка Интернэншл[2], Дүйнөлүк банк[3], ACDI VOCA[4], Мерси Ко[5] ж.б.) менен башталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КР УБ) берген маалыматы боюнча, 2015-жылдын октябрь айында калкка каржылык кызматтарды 164 микрокаржылоо уюмдары (МКУ) жана 127 насыя бирлиги көрсөтүп, 2011-жылдын соңунда калктын 7% тейленген[6]. Микрокаржылоонун кеңири жайылышына Пекин иш-аракеттер платформасындагы А: "Аялдар жана жакырчылык", ошондой эле F: "Аялдар жана экономика" стратегиялык максаттардын жүзөгө ашырылышы өбөлгө болгон[7].

Дүйнөлүк деңгээлде жана Кыргызстанда микрокаржылоо тутуму өнүгө баштагандан бери микрокаржылоо тутумунун кызматтарын пайдалануучу негизги топту каржылоо булактары жок, айыл жергесинде жашаган аялдар түзөт. МКУнын ушундай саясаттары менен тажрыйбалары CGAP уюму (Дүйнөлүк банктын консультативдик тобу) иштеп чыккан микрокаржылоо стратегияларын чагылдырат, себеби CGAP сунуштары ыктыярдуу кабыл алынып, аткарылгандыгына карабастан, алар эл аралык инвесторлордун тымызын талаптары болуп саналат. Ушул себептен улам, каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгусу келген МКУ ушул сунуштарды аткарууга аргасыз болот. CGAP сунуштарынын бири - микрокаржылоо уюму өз чыгымдарын өзү актап, ошол эле учурда социалдык миссияны да аткарууга тийиш. Көпчүлүк учурларда ушул эки маселе бири-бирине каршы келет. Себеби насыялык эмес жана каржылык эмес кызматтардын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген насыялоого көбүрөөк күч-аракет жумшалса, уюм өз чыгымдарын тез арада актай алат, ал эми социалдык миссияга көбүрөөк көңүл бурулса, МКУнын каржылык максаттарын орундатуу бир кыйла кыйыныраак болуп калат.

Микрокаржылоо уюмдарынын жана насыя бирликтеринин иштерин жөнгө салган мыйзамдарда жалпы жана ведомстволук маанидеги көптөгөн ченемдик-укуктук актылар камтылат: КРнын Жарандык кодекси; КРнын мыйзамдары: "КРнын Улуттук банкы жөнүндө", "Насыя бирликтери жөнүндө", "Микрокаржылоо уюмдары жөнүндө", "Банктар жана банктын ишмердиги жөнүндө", "Уруксаттамалоо жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", ошондой эле Микрокаржылоону өнүктүрүү стратегиялары сыяктуу полиси (policy) документтери.

Ушул документтер тутумдун кызматтарын пайдалангандарды социалдык гомогендик топ катары карап, гендердик жактан өлчөнгөн эмес. Бирок ушуга карабастан, улуттук деңгээлдеги бир катар стратегиялык документтерде микрокаржылоо жакырчылыкка каршы күрөшүүчү негизги куралдардын бири деп эсептелет. Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы, жакырчылыкты жоюу стратегиясы ж.б. микрокаржылоо жакырчылыкка каршы күрөшүү куралы деп эсептелип, калктын аярлуу катмарларына, эң оболу, аялдарга кызмат көрсөтүүгө багытталган. Микрокаржылоо тутуму Пекин иш-аракеттер платформасында экономикалык дараметти арттыруу жана социалдык статусту жакшыртуу мүмкүнчүлүгү катары каралат.

Бир чети, аялдардын негизги максаттуу топ катары тандалгандыгынын себебин прагматикалык жүйөөлөр менен түшүндүрүүгө болот. Дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн МКУнын тажрыйбасына көз жүгүртүп көрсөк, аялдар тыкан жана мыйзамды сыйлаган насыя төлөөчүлөр экендигин байкайбыз[8]. Экинчи чети, аялдар "идеологиялык" негизде да тандалып алынган, себеби өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялдардын формалдуу эмгек базарында жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү азыраак болгондуктан, микронасыялар аркылуу алар өз алдынчалыкка ээ болуп, үй-чарбасында жана коомдо өз позицияларын бекемдей алышат. МКУнын көпчүлүгү социалдык миссияга багытталып, жада калса, эркектердин микрокаржылоо кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюп салышкан.

Ошентип микрокаржылоо саясатынын жана тажрыйбаларынын принциби дүйнөлүк деңгээлде да, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде да "эркектерге караганда аялдарга артыкчылыктуу шарттарды түзүп берип, теңсиздик аркылуу акыйкаттыкка жетүү" деген түшүнүккө негизделет. Жогорудагы принцип МКУнун деңгээлинде колдонулганда кардарлардын арасындагы аялдардын үлүшү 70-80% төмөн болбошу керек. МКУнын ишинде аялдарга ачыктан-ачык артыкчылык берилет. Микрокаржылоо кызматтарын пайдалангандардын арасында аялдардын үлүшү 72% баштап 69% чейин түзөт[9]. Эксперттер билдиргендей, насыя алышкан аялдар жаманатты болуп калуудан чочулашып, өзүлөрүнүн гана насыяларын гана эмес, насыясын төлөй албай жаткандардын да карыздарын төлөп кыйналып калышат (топтошуп насыя алуу методологиясында). Көпчүлүк МКУ камсыздандыруу фонддорунун ордуна социалдык мамилелер тармагын тандап, насыяларды топтошкон адамдарга гана берип келишет.

Кыргыз Республикасында 2006-2010-жж. микрокаржылоону өнүктүрүү стратегиясында: "микрокаржылоо тармагы жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү жана кошумча жумуш орундарын түзүү сыяктуу мамлекеттик саясаттын эң жогорку артыкчылыктуу максаттарын орундатуучу негизги курал катары каралат" деп айтылат[10].

Мамлекет микрокаржылоонун ролун балдарга багытталган саясатта да белгилеп өтөт: Кыргызстандагы балдардын укуктарын 2010-жылга чейин жүзөгө ашыруу боюнча "Жаңы муун" мамлекеттик программасында: "Мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу максаты - калктын аярлуу топторуна материалдык жактан жардам көрсөтүү эмес, аларды баштапкы капитал менен камсыз кылып (микрокаржылоо, микронасыялоо, жер үлүштөрү, шайман берүү, жумушсуздарга эмгек базарында талап кылынган кесиптерди окутуп-үйрөтүү ж.б.), <…> алардын социалдык жигердүүлүгүн арттыруу, өз алдынча жашоосун камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү <…> .

Ошентип, мамлекет калктын жакыр, жумушсуз катмарларын жана балдарды социалдык жактан коргоо ролун таптакыр башка функцияларды аткарган микрокаржылоо тутумуна өткөрүп берет. Микрокаржылоо уюмдары мамлекеттин талабын аткаруу менен бир катар социалдык көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылат. Алсак, топтук насыялоодо зайымчылардын аманаттарынын эсебинен топтун социалдык фондусун түзүү милдеттүү шарт. Топтун кыйын турмуштук шартка (катуу ооруп калуу ж.б.) туш келген мүчөлөрү, Социалдык фонд сыяктуу мамлекеттик агенттиктин милдетин аткарган ушундай "социалдык фонддон" бекер жардам ала алышат.

Дүйнө жүзү боюнча ондогон жылдардан бери микрокаржылоонун социалдык баасы жана аялдар менен эркектердин жашоосуна, ошондой эле өнүгүүгө тийгизген таасири тууралуу кызуу талаш-тартыштар уланып келүүдө. Кыргызстанда мындай кызуу талкуулар байкала элек, бирок микрокаржылоо тутумунун мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымына саясий жактан жогору баа берип, МКУ аялдарды экономикалык турмушка жигердүү катышуусуна түрткү берген курал деп айтсак болот.

2011-жылы "Микрокаржылоо борбору" Кыргызстандын калкынын ашкере карыз болуу деңгээлин изилдеди. 2 603 адам тандалып, алар алган насыялары тууралуу "Ишеним" насыялык-маалыматтык бюрого тапшырышкан маалыматын изилдөөчүлөргө беришкен. МКУнан насыя алышкан адамдардын 76% аялдар, ал эми 24% эркектер түздү. Коммерциялык банктардан насыя алгандардын 53% аялдар, 47% эркектер түздү. Аялдар көбүнчө насыяны бир эле маалда бир нече жерден алышкан - аялдардын 36% бир нече насыясы болгон. Ал эми эркектер 18% түзгөн. Орто эсеп менен алганда, аялдардын насыялары 1,55, ал эми эркектердики 1,25 болгон.

Изилдөөнүн натыйжасында, Кыргызстандагы алынган насыялардын орточо суммасы бир адамга болгон ички дүң өнүмүнө (ИДӨ) салыштырганда 3,41 эсе көп болуп чыккан. Мисалы, Босния жана Герцеговина, ошондой эле Косоводогу (б.а. расмий түрдө калкы ашкере карызга баткан мамлекеттерде) бул көрсөткүч 1,64 жана 2,61 түзгөн. Калктын ар бир адамына болгон насыялардын абсолюттук суммалары боюнча, жогорудагы мамлекеттерге салыштырмалуу, Кыргызстандагы абал бир кыйла жакшы. "Каражаттарды үнөмдөбөй жашоо" көпчүлүк мамлекеттерде кеңири кездешкен көрүнүш болуп калганына карабастан, Кыргызстанда ал гендердик көйгөйлөрдү ачык-айкын көрсөтүп, бир кыйла курчутуп жиберет.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргызстандагы микрокаржылоо тууралуу: өнүгүү жолундагы укуктук тоскоолдуктар [Электрондук ресурс]: URL: http://www.amfi.kg/sites/default/files/amfi-article.pdf Archived 2015-08-24 at the Wayback Machine
  2. FINCA International – Эл аралык коомдоштукка жардам көрсөтүү фонду (Foundation for International Community Assistance) – коммерциялык эмес микрокаржылоо уюму (www.finca.org). [Электрондук ресурс]: URL: https://ru.wikipedia.org/wiki...D0%BB
  3. Дүйнөлүк банк дүйнө жүзүндөгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө каржылык жана техникалык жардам көрсөтүүчү негизги булактардын бири болуп саналат. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө төмөнкү коюмдар боюнча займдарды, үстөгү жок насыяларды жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, каржы жана жеке тармактарды өнүктүрүү чөйрөлөрүндө гранттарды берет. (www.worldbank.org) [Электрондук ресурс]: URL: https://ru.wikipedia.org/wiki...%BA
  4. ACDI/VOCA – өнүгүп келе жаткан демократиялык өлкөлөргө экономикалык жактан ар тараптуу өнүгүүгө түрткү берүү, кооомдун жашоо сапатын жана жыргалчылыгын жогорулатуу сыяктуу максаттарды көздөгөн коммерциялык эмес жеке уюм [Электрондук ресурс]: URL: http://acdivoca.org/who-we-are/about-us-russian Archived 2016-07-14 at the Wayback Machine
  5. Мерси Ко (Кайрымдуулук корпусу) – гуманитардык жардам берүү жана өнүктүрүү боюнча эл аралык бейөкмөт агенттиги коопсуз, акыйкат коомчулуктарды түзүүгө көмөктөшүү менен, кыйналып-кысталгандардын жашоосун жеңилдеткенге аракет кылып, жакырчылык менен басмырлоого каршы күрөшөт. (www.mercycorps.org) [Электрондук ресурс]: URL: https://ru.wikipedia.org/wiki/Mercy_Corps
  6. Катышкан адамдар жалпы калктын эмес, калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнөн алынып саналган [Электрондук ресурс]: URL: http://www.unece.org/....RUS.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  7. Пекин иш-аракеттер платформасы // БУУнун расмий сайты [Электрондук ресурс]: URL: http://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/pdf/BDPfA%20R.pdf
  8. Microfinance Information Exchange, Inc. (2007-08-01). «MicroBanking Bulletin Issue #15, Autumn, 2007, pp. 46, 49». Microfinance Information Exchange, Inc. Retrieved 2010-01-15. https://en.wikipedia.org/wiki/Microfinance#cite_note-14
  9. Микронасыяларды алуучулардын 72% аялдар түзүп (жогорудагы маалымат булагын караңыз), бардык каржы институттарынын зайымчыларынын жалпы көлөмүнүн 69% (http://www.mfc.org.pl/sites/mfc.org.pl/files/Indebtedness%20report%20Kyrgyzstan_RUS.pdf Archived 2015-10-05 at the Wayback Machine)
  10. Кыргыз Республикасында 2006-2010-жж. микрокаржылоону өнүктүрүү стратегиясы. – С.2 [Материалдын электрондук версиясы]: URL: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/57156 – accessed at 21.31 on Sept 10, 2015

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]