Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүк-инновациялык ишмердүүлүк

Википедия дан

Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүк-инновациялык ишмердүүлүк. Рыноктук реформаларды өнүктүрүүнүн азыркы этабы ишканалардын ортосундагы өндүрүштүк, экономикалык, уюштуруу жана финансылык мамилелерди барган сайын катаалдаштыра берет.

Ата мекендик өндүрүштү жогорулатуунун стратегиясы өнөр жай ишканаларынын чарбалык ишмердүүлүгүнүн башкы багыты боло баштады. Продукция өндүрүүдө жана сатууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ортосунда, о. э. импорттолуучу товарларды камдап берүүчү чет өлкөлүктөрдүн ортосундагы атаандаштыктын күчөшү күч-кубаттуу компаниялар менен фирмалардын ата мекендик рыноктогу ордун сактап калуу үчүн күч-аракетин мобилизациялоону талап кылат.

Эреже катары, ишканалар анча-мынча болсо да өнүккөн рыноктук структурасы болбогон атаандаштык күчөп турган шарттарда рыноктук чарба жүргүзүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасын көптөгөн ишканалар билбеген шартта ички жана тышкы экономикалык чөйрө тарабынан таңууланып жаткан кыйынчылыктарды мамлекеттинанча жетиштүү эмес көмөгү менен жеңип чыгышат. Бирок республиканын экономикасын калыбына келтирүү, турукташтыруу жана андан ары өнүктүрүү конкреттүү товар өндүрүүчүлөрдүн, алардын продукцияларынын атаандаштыкка жарамдуулугуна белгилүү даражада көз каранды болуп саналат.

Азыркы мезгилде республиканын экспорттук потенциалын өнүктүрүү, экспорт менен импорттун рационалдуу түзүмүн калыптандыруу боюнча татаал милдеттерди чечүү талап этилет. Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишмердүүлүгү көп жылдардан бери соода балансынын кыйла чоң тартыштыгы менен мүнөздөлөт, ал эми акыркы беш жылда продукциянын экспорту кыскартуу багытында бараткандыгы белгиленди. Бул багыт өнөр жай ишканаларынын инновациялык ишмердүүлүгүнүн начардыгы менен гана түшүндүрүлөт.

Мындай мүнөздүү өзгөчөлүк өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн салыштырма салмагын, аны экспорттоону жана тармактык түзүмдө иштегендердин жылдык орточо санын талдоодо белгиленүүдө. Алсак, энергетикадагы электр өндүрүүнүн көлөмүнүн салыштырма салмагы 2001-ж. 11,9%ти, тармактын продукциясын экспорттоонун салыштырма салмагы өнөр жай продукциясынын экспортунун жалпы көлөмүндө 10,9%ти жана өнөр жайында иштегендердин жылдык орточо санынын салыштырма салмагы 12,3%ти түздү. Өнөр жайынын башка тармактары боюнча бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө төмөндөгүдөй болду: түстүү металлургия - 45,3; 57,4 жана 6,1%; машина куруу жана металл иштетүү - 4,8; 13,7 жана 19,1%; жеңил өнөр жайы - 5,6; 7,4 жана 17,3%; тамак-аш өнөр жайы - 13,8; 2,9 жана 18,2%. 1997-2001-жылдары продукция өндүрүү жана экспорттоонун көлөмү боюнча түстүү металлургия алдыңкы орунду ээлейт. Бирок келечекте ал ушундай көрсөткүчтөргө жетишпей калышы мүмкүн, себеби дегенде бул чийки зат ресурстары (өзгөчө алтын) түгөнөт, ал эми калктын ушул тармакта иштегендеринин саны салыштырмалуу түрдө төмөн болуп саналат.

Машина куруу жана металл иштетүү тармактарында башкаларга салыштырганда продукция өндүрүүнүн көлөмү төмөн (4,8%), ал эми экспорттоонун деңгээли салыштырмалуу түрдө жогору (13,7%) жана анда иштегендердин саны да эң жогору болуп саналат (19,1%). Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнөн экспортко чыгарылуучу продукциянын жаңы түрлөрүнүн салыштырма салмагы 1997-ж. 0,18%, 1998-ж. -0,3%, 1999-ж. - 0,12%, 2000-ж. -0,14% болгон. Инновациялык ишмердүүлүктүн деңгээли төмөн экендигине карабастан, өнөр жай ишканаларынын жалпы санынын дээрлик теңи машина куруу тармагына («Майлуу-Суу ЭЛЗ» АТАКыга, «Автомаш-радиатор» ЖЧКга, «OREMI» АКга, «Дастан» трансулуттук корпорациясынын АКсына ж.б.) таандык. Бул ишканаларда инновациялык ишмердүүлүк кыйла жакшы жолго коюлган.

Алсак, «Автомаш-радиатор» ЖЧКсы кыймылдаткычты муздаткыч автомобиль радиаторлорун, жүк жана жеңил автомобилдеринин майын, отун күйгүзгүчүн муздаткычтарды чыгаруу тармагында КМШнын кыйла ири ишканаларынын бири болуп саналат. Бул ЖЧКнын радиаторлору менен «УАЗ» АКсы, «МАЗ» өндүрүш коому, «КрАЗ» АКсы, «КАМАЗ» АКсы, «УзДЭУ» АКсы ж. б. өздөрүнүн автомобилдерин жабдышат. «Автомаш-радиатор» ЖЧКсынын продукциясы патенттер менен корголгон жана сертификацияланган. Рынок экономикасынын шартында ийгиликтүү иш жүргүзүү үчүн ишканалардын түзүмүн өзгөртүү, о. э. алардын өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишмердүүлүгүнө өбөлгө түзүү керек. 2001жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн негизги үлүшү ири ишканаларга таандык (52,6%), ал эми аларда иштегендердин саны өнөр жайында иштегендердин санынын 43,9%ин түзгөн. Өнөр жай продукциясын өндүрүүдө чакан жана орто ишкерлик (ЧОИ) 47,4%ды, аларда иштегендер 56,1%ды ээлейт. Ири ишканаларда жана ЧОИде өндүрүлгөндүн көлөмү 2001-ж. ар бир жумушчуга төмөндөгүчө туура келет: бүткүл республика боюнча - 465,4 миң сом, ири ишканаларга -556,9; калктын өнөр жай ишмердүүлүгүнө -202,8; чакан ишканалар менен кооперативдерге -71,5 жана орто ишканаларга -532,8 миң сом. Жаңы продукцияларды чыгаруу ири ишканаларда жана жарымжартылай орто ишканаларда жүргүзүлөт, ошондуктан бул алардын өндүргөндөрүнүн көлөмүнүн салыштырмалуу түрдө жогору болушунун себептеринин бири болуп саналат.

Калктын өнөр жай ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында алар өндүргөндөрдүн көлөмү чакан ишканаларга салыштырганда (аларда 71,5 миң com) 2,8 эсе жогору болду (202,8 миң com). Чакан ишканалардын ишинин натыйжалуулугуиуи төмөндүгү ылдыйкы көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт: бул түзүмдө өндүрүп чыгаруунун көлөмү 1,0%, анда иштегендердин саны 6,4%, калктын өнөр жай ишмердүүлүгү тиешелүү түрдө 6,4% жана 14,7%, ал эми орто ишканаларда - 40% жана 35%. Өндүрүп чыгаруунун натыйжалуулугун, атап айтсак, чакан ишкерликтикин жогорулаТУУ үчүн ири ишканалардын базасында рыноктун тез өзгөрүп туруучу шартында ийкемдүүлүюсо ээ тобокелчилик бизнесин түзүү зарыл болуп саналат. Азыркы дүйнөлүк товар рынокторунда товардын сапаты, анын жаңы жактары, илим сыйымдуулугу сыяктуу атаандаштыкка жарамдуулуктун ушундай факторлоруна улам көп маани берилүүдө. Ошондуктан мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты илим сыйымдуу тармактарга өбөлгө түзүү боло баштады. Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет тарабынан инновациялык ишмердүүлүккө өбөлгө түзүү боюнча багыттарынын бири инновациялык мейкиндикте тургандарды: фундаменталдык жана колдонмо иштеп чыгууларды, тажрыйба-эксперименттик өндүрүштү, жаңы табылгаларды рынокко чыгарууга чейин өндүрүштө өздөштүрүүнү камтыган циклдин бардык стадияларын интеграциялоону чыңдоо жана колдоо болуп саналат.

Иш жүзүндөгү жыйынтыктар ресурстарды илимий-техникалык прогресстин белгилүү багыттарында топтоштуруунун эсебинен кыйла тез жаралат. Муну менен бирге ИИТКЖнын утурумдук жана келечектеги программаларын иштеп чыгууга, алардын материалдык жана кадр жактан камсыздалышына, илимий ишмердүүлүктү уюштуруу жана башкаруу системасына, аны маалыматтык камсыздоого орчундуу көңүл бурулат. Инновациялык потенциалды жүзөгө ашыруу жана ишкерлердин ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында алдыдагы мезгилде мамлекеттик инновациялык саясаттын бир катар милдеттери чечилиши зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9