Кыргыз жыл эсеби

Википедия дан

Байыртадан бери карата кыргызда саат болбогон үчүн күнү-түндүн ичиндеги мезгилди болжоп убакыт менен пайдалана келген. Ал убактардын баарысы 33кө бөлүнүп, төмөнкүлөр: 1-таң каракчы, 2-таң дүмпөйүү, 3-таң куланөөк, 4-таң кылаюу, 5-таң аппак атуу, 6-күн чыккан, 7-күн тоо-тоонун башына тийе баштаганы, 8-күн көтөрүлгөн, 9-күн текши тийген, 10-шашке, 11-улуу шашке, 12-жалган түш, 13-чак түш, 14-түш кыя, 15-түш оогон, 16-сарт бешим, 17-кыргыз бешим, 18-алакөлөкө, 19-намаз дигер, 20-күн батар, 21-күн батканда намаз шам, 22-бүрүүл киши таанышар-таанышпас, 23-эл аягы басыла, 24-намаз куптан, 25-тамак ичер, 26-тамакты текши ичкен, эл жатар, 27-эл текши жатканда, 28-уйкуга кирерде, 29-текши уктаганда — оор уйку, 30-түн ортосуна жакын, 31-түн ортосу, 32-түн ортосу оогондо, 33-таңга жакын, зоор жана насыбай атым, бээ саам, жарма бышым, эт бышым, жарым күн, түш жарым, бир күн, күнү-түн деп убакытты бөлгөн. Бир жаки, эки жаки деп отузга чейин айткан жети күндү кыргыз эн, байыркы замандан ай эсебин билип, күн эсебин билбестен, бир жылда 360 күн деп жалпысын эсеп кылган, Күндү жетиге айрып (ишенби, жекшемби, дүйшөнбү, шейшенби, шаршенби, бейшемби, жума), Ирандын күн эсептөөсүн кожо молдо, феодалдар фарсыдан алган. Кыргыз айды эң байыркы баш маалим болбогон замандан баштап 12ге бөлгөн. Балким айга бүткүл кийикти киргизип, атак бергенине караганда аны аңчылык доору заманынан баштап жүргүзсө керек.

Кытай менен дунгандар биринчи айды дүйнө деп, анан 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 ай деп, он экинчи айды лайэ дейт. Арабдар жылына 7-8 күндү илгери-кийин жүргүзгөн.

Эмне себептен ай эсебине көбүнчө кийиктерди киргизген?

1. Куран деп кыргыз эликтин текесин айтат. Элик сентябрда (тогуздун айы) жүгүрүп жана токтолот. Жалган куранда жаңыдан бала түйүлөт. Бооз-кысыры жалган, арсар чагы. Ошол себептен жалган куран дейт. 2. Чын куранда бала көтөрүп алган үчүн ал айды чын куран дейт., 3. Бугу баш оонанын аягында ышкырат (ызгырык) дейт. Бугунун ызгырыгындай деп, анын үнү өтө уккулуктуу болуп кезген чагы. Бугу айында туулган үчүн бугу дейт. 4. Кулжа жетинин айында жүгүрүп, бештин айында токтолуп, кулжада тууйт, андыктан кулжа дейт. 5. Теке бештин айынан 20- сынан абдан озгону Зона жете кезет. Үчтүн айынын башында жүгүрөт. Бул болордо 15 күн кеч жүгүрөт. Үркөр тууйт, андыктан кулжа дейт. 6. Бугу баш оонанын аягында, аяк оонанын башында башы оогон жакка кетип, кезип жүрөт. Ушул себептен баш оона десе керек. 7. Аяк оонада бугунун аягы тынбай маралга кыйгач жүгүргөн чагы болуп (замандын далай оозуна жараша күндөрдө бир аз илгери-кийин жылышы болмогу мүмкүн) калган үчүн бул айды аяк оона десе керек.

Бир пикир ойго келет: уй — бугудан, кой — аркар-кулжадан, эчки — эчки-текеден, жылкы — куландан таралганына караганда буларды жапайысынан кармап, колго көндүргөн калктын эн, түпкүсү кыргыз болбосун.

1. Тогуздун айы. Көбүнчө кыргыз эң байыркы эски замандан бирөөгө ызаттап мал-бул берсе, кудалыкка мал алып барса, тартуу берсе, тогуздап барган. Маселен, 9 атка байге сайуу, ханга тогуздап тартуу менен баруу (хан тартуусу тогуз деген макал) жана илгерки катындар элечегин тогуз кабат, же жети кабат кылып оронуу ошол адет боюнча бул айды тогуздун айы десе керек. 2. Жетинин айы. Жети ата-бабасын билүү, жети кылым өткөнчө жети атасынан бери турган деп жетини бел кылып эски кыргыздар сүйлөгөн. Ушул себептен бул айды жетинин айы десе керек. 3. Бештин айы. Бешенең бештен деп беш санатты артыкчараак көргөн, Ушул үчүн бештин айы десе керек. 4. Үчтүн айы. Үчтөн кийин чүч деп жана үч чапканча таяк көтөрүү өлгөндүн үчүлүгү, конокко үчтөн бириктирип тамак берүү адеттерин жүргүзө келген мурунтан берки кыргыздын расими. Ушул себептен үчтүн айы деп киргизген чыгар. 5. Бирдин айы. «Туулмак бир, өлмөк бир, сөз бир» деген. Ошондуктан айга киргизилмеги мүмкүн. 1, 3, 5, 7, 9 деп бүткүл баарысын алым кылып эсептеп, так эсептебеген. Маселен, 2 ,4, 6, 8, 10 айга кошпогону кыргыз так эсепти жолу туюк, алым эсептин жолу ачык пайдалуу деп билет. Муну тогуз коргоолдун алым коргоолун алып, так коргоолун албагандан билим тажрыйба кылууга мүмкүн. Так коргоолдон туздун (тос сөзү болорго керек) эки коргоолунан башканы жебейт. Жана да кыргызда ай-күн тууралу сөздөр: ай чалкалап жаңырса элге тынчсыз өзүнө тынч болот деген. Ай короолосо аягыңды тос, жут болбой мал тезинен сүт берет. Күн короолосо күрөгүңдү тос, кар жаап кызымчылык болот деген. Эртең менен күн кызарып чыкса, элиңди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса, катының эркек туугандай сүйүн деген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]