Кыргыз республикасындагы эмгек рыногу

Википедия дан

Кыргыз республикасындагы эмгек рыногу. Республиканын эмгек рыногундагы жагдай өтө татаал бойдон калууда.

Соңку жылдарда уланып келген төмөндөөдөн кийин, 1996-жылдан тартып, иштегендердин санынын көбөйүшүн оң жагдай катары белгилей кетүү керек. 2008-жылы иштегендердин саны 2 184,3 миң адамды түзгөн. Республикада эмгек рыногун түзүү экономикадагы структуралык өзгөрүүлөрдүн шартында өттү. Ушуга байланышкан жумушчулардын санынын кыскарышы, иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылышкандардын санынын көбөйүшүн пайда кылды. 2000-ж. эмгекке орноштуруу маселелери боюнча 136,8 миң адам, б.а., 1992-жылдагыдан төрт эседен көбүрөөк адам кайрылган (21сүрөт).

Ал эми 2008-ж. алардын саны дагы көбөйүп, 195,6 миң адамды түзгөн. Жумуш издешкен жарандардын арасында суроо-талап структурасында 25%и жумушчу адистигине туура келди. Мындай учурда эмгек рыногунда мугалимдерге, врачтарга, дасыккан бухгалтерлерге, медсестраларга ж.у.с. суроо-талап сакталып калууда. Бирок жумушчу күчүнүн суроо-талабынын жана сунушунун шайкеш келбегендигине карабастан, иш менен камсыз кылуу кызматы эмгекке орноштургандардын саны көбөйүп баратат. Эмгекке орноштуруу процессинде жумушчу күчү экономиканын тармактарынын арасында кайрадан бөлүштүрүлдү, анын кесиптик-кызматтык курамы өзгөрүлдү. Эмгекке орноштурулган жарандардын бир азыраак гана бөлүгү өзүнүн кесиби же адистиги боюнча иштөөнү улантышууда.

Мында ишинде кыйла үзгүлтүк болуп калган аялдар менен көбүрөөк татаалдыктар келип чыкты. Республикада жумушсуздукка каршы күрөштүн өтө натыйжалуу формаларын жана методдорун тандап алуу максаттарында анын негизги типтерин эске алуу зарыл. Жумушчу күчүнө суроо-талаптын төмөндөшү жана анын сунушуна шайкеш келбегендиктин өсүшү эмгек рыногунун мүнөздүү белгисине айланып баратат. Алсак, 19922000-жылдарда жумушсуздардын саны дээрлик көбөйгөн, ал эми ишканалар менен уюмдардын кызматкерлерди керектөөсү кескин төмөндөгөн (22-сүрөт).

Биздин өлкөдө өнүккөн өлкөлөргө таандык жумушсуздуктун негизги типтерин (фрикциялык, структуралык жана циклдик) аныктоо өтө кыйын, себеби статистикалык маалыматтар жумушсуздуктун мындай формаларынын бар экендигин же чыныгы масштабдары жөнүндө толук түшүнүк бере албагандыгынан келип чыккан. Бирок кантсе да, колдо болгон статистиканы пайдалануу менен, циклдик жумушсуздук фактысы, республика да экономиканы структуралык кайра куруунун башталгандыгына байланыштуу экономикалык циклде көбүрөөк чөгүү байкалган кезде орун алган деп айтууга болот.

Мындай учурга жумушсуздуктун али жогору эмес деңгээли (0,3%) туура келген, анткени потенциалдуу жумушсуздардын көбү акы төлөнбөгөн отпускаларда болушкан, же толук эмес жумуш күнүндө жана аптасында (100-110 миң адам деңгээлинде) иштешкен.

Республиканын экономикасын структуралык кайра курулуп жаткандыгына байланыштуу, структуралык артыкбаштар же ашкере иштешкендер бара-бара ачык эле жумушсуздукка айлана баштаган. Ошондуктан жумушсуздардын саны жана жумушсуздуктун деңгээли көбөйө баштады. Ошентип, азыркы убакта структуралык жумушсуздуктун фактысы бар, анын деңгээли шексиз арбый бермекчи, анткени эмгекке жарактуу бирок иштебеген адамдардын саны акыркы жылдарда 600-700 миң адам болгон.

Фрикциялык жумушсуздукка келсек, ал биздин көз карашыбызда, структуралык жумушсуздук менен катар жүрөт, биринчиден, аларды даярдап чыгаруу көп учурда экономиканын тармактарынын керектөөлөрүн эске албаган жогорку жана атайын орто окуу жайларын бүтүрүшкөн адистердин, о. э. жалпы билим берүүчү мектептерди бүтүрүүчүлөрдүн (15%ке жакын) пайдаланылбагандыгы; экинчиден, айыл чарба тармагына мүнөздүү жумуштардын сезондук мүнөзү; үчүнчүдөн, ар түрдүү себептер менен (алдын-ала маалыматтар боюнча 30%) шартталган. Республиканын эмгек рыногундагы проблемаларды чечүүдө, жумушсуздук массалык жана өнөкөт көрүнүшкө айлануусуна жол бербөө керек.

Иштешпеген эмгекке жарактуу жарандардын реалдуу кирешелеринин кескин төмөндөп кетпестиги, узак жумушсуздуктун кесепетинен алардын квалификациясынан кол жууп калбасы өтө маанилүү. Буга каршы аракеттенүү чараларынын бири коомдук иштер болуп эсептелет, алар экономикалык кризистердин жана структуралык кескин өзгөрүүлөрдүн мезгилдеринде дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кеңири колдонулган. Коомдук иштер убактылуу иштеп турууну да камсыз кылып, соода, турак жай коммуналдык чарба сыяктуу тармактарда, анын ичинде жолдорду жана имараттарды оңдоодо, аймактарды тазалоодо жана көрктөндүрүүдө, о. э. социалдык чөйрөдө, атап айтканда, оорулууларды жана карыган жарандарды багууда уюштурулат. Кыргызстанда коомдук иштерге катышкандардын жалпы саны көбөйүүдө анын 40%ин аялдар түзгөн.

Бирок коомдук иштердин масштабдары али анчалык канат жайып кете элек жана азырынча жумушсуздардын өзүлөрүнүн өзгөчө таламдаштыгын пайда кыла элек. Мунун себеби адамдардын психологиялык жактан даяр эместиги жана акы төлөөнүн арзыбаган өлчөмү, экинчи жагынан, ишканалардын жана раймамадминистрациялардын финансылык жана материалдык каражаттарынын өнөкөт өксүктүгү, бул иштерди уюштурууга тоскоолдуктун бири бюджеттин тартыштыгы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9