Кыргыз совет адабиятынын тарыхы

Википедия дан

Кыргыз совет адабиятынын тарыхы – эмгектин 1-тому Кыргыз ИАнын тил жана адабият институтунун (ошол кездеги) илим кызматкерлери тарабынан жазылып, 1987 ж. “Илим” басмасынан жарык көргөн.

Аталган том 5 бөлүмдөн турат. Алар:
1-бөлүм – “Кыргыз совет адабиятынын жаралышы жана тарыхый маданий шарттар” (баш сөзүн жазган – С. Жигитов).
2-бөлүм – “Калыптануу жана жетилүү жолунда” (баш сөзүн жазган – О. Сооронов).
3-бөлүм – “Кыргыз адабияты Улуу Ата мекендик согуш жылдарында” (б. с. ж. – С. Байгазиев).
4-бөлүм – “Согуштан кийинки кыргыз адабияты” (б. с. ж. – А. Садыков).
5-бөлүм – “Азыркы кыргыз адабияты”.

5 бөлүмдүн тең ички түзүмдүк түзүлүшү поэзия, кара сөз, драматургия, көркөм котормо бөлүмдөрүнөн турат.

Китептин 2-тому 1990 ж. басмадан чыккан. Анда акындардын, прозаиктердин, драматургдардын чыг-лыгына арналган портреттик главалар жазылган. Алар:
а) Кыргыз совет адабиятынын жаралышына жана калыптанышына бөтөнчө салымын кошкон жазуучулар;
б) “Эл акындары”, “Токтогул сыйлыгынын лауреаттары” деген наамга ээ болгондор;
в) Айрым жанрды өнүктүрүүдө айрыкча чыгармачыл ийгиликтерге жетишкен авторлор. Жазуучулардын чыгармачылыгына арналган бөлүмдөр хронологиялык принцип менен жайгаштырылган.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004