Садыков Абдыкадыр

Википедия дан

Садыков Абдыкадыр - окумуштуу, адабиятчы жана сынчы.

Абдыкадыр Садыков Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында 1933-жылы 25-октябрда туулган.
1949-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтунун тил жана адабият факультетине кирген. Окууну артыкчылык диплому менен аяктап,
1953–1959-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасында окуп, Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда мугалим,
1960-жылдан Кыргыз илимдер академиясында кенже илимий кызматкер,
1962–1966-жж. Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери,
1966–1974-жж. сектор башчы,
1974–1980-жж. илимий иштер боюнча директордун орунбасары, директордун милдетин аткаруучу,
1980-жылдан институттун директору,
1988-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин “СССР элдеринин адабияты» кафедрасында профессор, “Дүйнөлүк адабияттын тарыхы жана теориясы» кафедрасынын башчысы кызматында эмгектенип келет.
А.Садыков 1961-жылы кандидаттык,
1972-жылы докторлук диссертациясын коргогон.
1979-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.
1983-жылы профессорлук аттестат алган.
1993-жылы “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.
2004-жылы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
2020-жылы 16-июлда көз жумган

А.Садыков адабиятчы жана сынчы катарында 1956-жылдан бери эмгектенип келет. Анын “А.Осмоновдун чыгармачылыгындагы традиция жана новаторлук» аттуу алгачкы монографиясы 1962-жылы басылып чыккан. Ондогон илимий чыгармаларды редакциялап, отуздан ашык кандидаттык жана докторлук диссертацияларга оппонент болгон.
1970-жылы Москвадан орус тилинде басылып чыккан “История киргизской литературы» аттуу коллективдүү чоң эмгектин негизги авторлорунун бири жана редколлегия мүчөсү. Эки томдон турган “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы» (1987, 1990) аттуу эмгектин башкы редактору жана авторлорунун бири. "Манас" эпосун басып чыгаруу ишине активдүү катышып, “СССР элдеринин эпосу» деген серияда басылган төрт томдук (кыргыз жана орус тилдеринде) “Манастын» редколлегия мүчөсү, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча басылган беш томдуу “Манастын» башкы редакторунун орунбасары болгон.
А.Садыков 360тан ашык илимий эмгектин автору, анын ичинде өзүнчө басылып чыккан 57 китеби (монографиялар, сын макалалар жыйнактары, окуу куралдары ж.б.) бар. А.Садыков Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын ардактуу академиги, Айтматов клубунун лауреаты. «Эмгек ардагери» медалынын ээси. 1983-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2003-жылы Нарын шаарындагы № 9 мектепке А.Садыковдун ысмы берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Алыкул Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новатордук.– Ф.: Кырг. ССР ИА,1962. – 131 б.

Кыргыз совет адабиятында эл достугу жана пролетардык интернационализм идеяларынын көрүнүшү. – Ф.: Кырг. ССР ИА, 1963. – 79 б.

Кыргыз совет адабиятындагы улуттук жана интернационалдык проблемасы. – Ф.: Илим, 1969. – 259 б.

Проблемалар жана ой жүгүртүүлөр: Адабий сын макалаларды жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 178 б.

Эл достугу – адабияттардын достугу: Адабий – сын макалалар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 122 б.

Адабий-сын айдыңында. – Ф.: Илим, 1979. – 168 б.

Жетилүү сапарында: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 179 б.

Бирдиктүү үй-бүлөдө: Обзорлор, изилдөөлөр. – Ф.: Кыргызстан, – 236 б.

Мезгил менен адымдаш: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 200 б.

Кыргыз совет адабиятынын тарыхы: «Согуштан кийинки кыргыз прозасы жана поэзиясы», «Азыркы кыргыз поэзиясы жана прозасы». 1–том. – Ф.: Илим, 1988.

Кыргыз адабияты: Орто мектептердин жогорку класстарынын факультативдик сабактары боюнча окуу куралы. – Ф.: Мектеп, 1990. – 222 б.

Кыргыз совет адабиятынын тарыхы: «Түгөлбай Сыдыкбеков», «Сүйүнбай Эралиев». 2–том. – Ф.: Илим, 1990, – 64 б.

Кыргызстанда Айтматов таануу илиминин пайда болушу жана өнүгүшү: Илимий очерк. – Б., 1992. – 38 б.

Башаттар жана жаңычылык. – Б., 1993. – 107 б.

Map Байджиев: Чыгармачылык портрет. – Б., 1996. – 128 б.

Токтоболот Абдумомунов. Чыгармачылык өнөрканасы. – Б.: Бийиктик, 2002. – 165 б.

Чыңгыз Айтматов–котормочу. – Б.: Турар, 2003. – 55 б.

Алыкул Осмонов. Чыгармачылык өнөрканасы. – Б.: Турар, 2004. – 116 б.

Мухтар Ауэзов жана кыргыз залкар жазуучулары. – Б., 2005. – 95 б.

Сүйүнбай Эралиев. Чыгармачылык өнөркана сыры. – Б., 2006. – 105 б.

Чыңгыз Айтматовдун публицистикасы: Булак көзү жана дүйнө адабият өкүлдөрү. – Б., 2007. – 112 б.

Кыргыз романтикалык поэзиясы. Жоомарт Бөкөнбаев. – Б., 2008. – 120 б.

Орус тилинде

Национальное и интернациональное в киргизской советской литературе. – Ф.: Илим, 1970. – 195 с.

История киргизской советской литературы. – М.: Наука, 1970 (в соавторстве).

Единые по духу и цели: Статьи. – Ф.: Мектеп, 1982. – 128 б. ‏