Мазмунга өтүү

Кыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактар

Википедия дан

Кыргызстандын элинин тарыхы боюнча маалыматтар

Байыркы жана орто кылымдарда эле Кыргызстандын элинин тарыхы боюнча маалыматтар арбын болгон.

Кыргыз элинин көп кылымдык тарыхы Орто Азиянын жана коншу өлкөлөрдүн башчыларынын сарай тарыхчыларынын тарыхый чыгармаларынан орун алган.

Кыргыз элинин түзүлүшүнө чейинки тарыхы байыркы персиялык, байыркы армяндык, ирандык, византиялык, байыркы турк- тук, согдиялык, байыркы кытайлык, борбордук азиялык булак- тарда берилген. Алардагы кыргыздар женунде маалыматтар эпизоддук мунөзгө ээ.

Орто Азиянын элдеринин тарыхы боюнча алгачкы маалыматтар зороастризм дининин ыйык китеби Авесгада (б. з. ч. VI-IV кк.), Дарий 1нин мезгилиндеги байыркы персиялыктардын жазууларында (б. з. ч. 486-522-жж.) кездешет. Дарий Ire баш ийген элдердин катарында сактардын уч белугу: хаумаварга, сака-тиай-тара-дарайя, жана сак-тиграхауда керсетулет. Окумуштуулар сактардын биринчи белугу - Памирде (Мургаб, Фергана), экинчиси - Арал деңизинин туштук-чыгыш тарабында, үчүнчүсү - аларга коншулаш жайгашкан деп божомолдошот. Байыркы авторлор Азиянын талааларындагы уруулардын бардыгын эле сактар деп аташкан. Ошондуктан алардын сактар жөнүндө билдирүүлөрүнүн баарын тен эле Кыргызстанда жашаган сактарга тиешелүү деп эсептөөгө болбойт. Борбордук Азиянын элдери жөнүндө маалымат Геродоттун (б. з. ч. 425-484-жж.) шарттуу турде «Тарых» деп аталган китебинде берилет. Анын маалыматтары боюнча көчмөн уруулар Дон дарыясынан Тецир- Тоого чейин отурукташкан.

Анда сактар (скиф уруу лары) бапггарына чуштугуй, калын баш кийим кийишкен, жаа жана канжар, айбалта менен куралданышкан. Сактардын атчандары эр журектуулугу менен айырмаланышкан.

Ктесий (болжол менен б. з. ч. 400-ж.) сак аялдарынын баатыр- дыгы, алардын согупгга күйөөлөрүнө көрсткөн жар дамы, мидандар менен болгон кагыльппуудагы Зарина атгуу аялдын эрдиги жөнүндө жазат. Полизи (б. з. ч. II к.) сактардын уч падышасынын: Саксефар, Фамир жана Аморгдун ысымдарын атаган.

«Табигый тарых» энциклопедиясында Гай Плиний Секунд (23-79-жж.) Орто Азия элдеринин жана урууларынын көпчүлүгүнүн аттарын атайт. Клавдий Птолемейдин (90-160-жж.) «Географиялык жетекчилигинде» да Орто Азияга тиешелүү этнонимдер жана топонимдер кездешет.

Эрте орто кылымдардагы византиялык тарыхый-географиялык эмгектерде Орто Азия жана Борбордук Азиянын турк уруулары жана хуннулар тууралуу баалуу маалыматтар бар. Аммиан Марцелиндин (болжол менен 330-400-жж.) башкы чыгармасы болгон «Рим тарыхында» Борбордук Азиянын кечмендерунун Батышка миграциясы жөнүндө айтылат. Бул эмгекте хиониттер (ак хуннулар)жөнүндө биринчи эскеруу кездешет. Автор персия- лык падыша Шапур II (309-379-жж.) римдиктер менен согушканда «Өзгөчө согушчандыгы менен айырмаланышкан уруулар хиониттер жана геландар менен ынтымак түзгөн».

Амид шаарын (Туркияда) кур- чоого алганда падыша Грумбаттын жетекчилиги астындагы хионит жоокерлеринин римдиктерге каршы баатырдык таймашын жана анын жаш баласынын мерт болушун баяндаган. Византиялык булактарда IV-VII кк. турк элдери жана уруулары жөнүндө узунду маалыматтар бар. Византиялык Менандрдын (Протектор) (VI к.) «Тарыхында» Земархтын (568-ж.) византиялык элчиликтин турк каганы Дизабулга (Истеми) келиши баяндалган. Элчиликтин денгээлиндеги мындай карым-катнаштарды чейин жеткирилген. Бул эмгекте кечмен турктердун салттары жана ырым- жырымдары жөнүндө кызыктуу маалыматтар жазылган.

Борбордук Азияда б. з. I к. эфталиттер, тохарлар, массагет- тер, скифтер жана башка элдер менен уруулардын болгондугу, алардын географиялык жайгашуусу женундегу баалуу маалыматтар «Ашхарацуйцта» («Армян географиясында») кездешет. Байыркы Армениянын географиясы жана картографиясы боюнча бул баа жеткис эстеликтин автору деп кептеген жылдар бою Мовсес Хоренаци эсептелген. Бирок азыр кепчулук тарыхчылар бул эмгек VH к. белгилуу ойчулу Анания Ширакациге таандык деген жыйынтыкка келишууде.

Кыргызстандын эрте орто кылымдардагы тарыхы жөнүндө, толугураак маалымат падыша сарайындагы тарыхчылар тарабынан жазылган кытай булактарында камтылган. Сыма Цяндьш (б. з. ч. 145-86-жж.) «Тарыхый жазууларында» Орто Азия жана Синьцзянь (Чыгыш Туркстандын кытайча аталышы) жөнүндө маанилуу тарыхый- этнографиялык материалдар берилет. Ушул эмгекте алгачкы жолу гяньгундар (кыргыздар), динлиндер, йуэчжилер, усундар женунде эскерилет да, хуннулар тууралуу жацы маалыматтар келтирилет.

Байыркы Кытай этностук жалпылыгы б. з. ч. VII-VI кк. Орто Кытай ойдунунда калыптанган.

Цинь жана Хань империяларынын мезгилинде (б. з. ч. Ш к. - б. з. III к.) кытайлардын ээликтери туш- тукке жана батышка жүргүзгөн басып алуучулуктун натыйжасында кенейген. Түндүктөн ушул эле территорияга хуннулар жана башка турк-монгол уруулары кире баштаган. Ушундай кырдаалда кытай тарыхчылары ездерунун коншулары женунде маалыматты чогултууга мажбур болушкан. Алардын турмуш-тиричилигин, жашоо-шартын, каада-салттарын, маданиятын жана саясий тузулуштерун сүрөттөп жазышкан.

Бань Гу . «Эрте Хань династиясынын тарыхы» деген эмгегинде б. з. ч. 49-ж Алтай жана Жети-Суу аркылуу Батышка - Тенир-Тоого, Талас өрөөнүнө, усундардын жерине жортуулга женеген хуннулардын шануйу Чжи-Чжи женунде айтылат.

Бул эмгектен кыргыздардын байыркы Ата Журту Чыгыш Туркстан аймагында экендигин билебиз. Чыгыш Туркстандын чек арасында хуннулардын куч алып кетишкенинен чочулаган Кытай мамлекети б. з. ч. 36-ж. Чжи-Чжи шануйге карты көрүнүктүү аскер башчылары жетектеген аскер экспедициясьш жиберет. Ушул эле жылы Чжи-Чжинин башы кесилип Кытайга алынып келинген. Кытайдын Чыгыш Туркстандагы жана Тецир-Тоодогу андан ары басып алуучулук саясаты «Тань династия- сынын эски хроникасында» - (941-945-жж.) жазылган. Анда Батыш Турк кагандыгынын, тургештердун саясий тарыхы кенен көрсөтүлгөн. «Тань династиясынын жацы хроникасында» (XI к. биринчи жарымы) турк уруусу - карлуктар женунде тарыхый-этнографиялык баалуу маалыматтар берилет.

«Улуу Тань династиясынын Батыш неги жвнундв жазуу- ларында» - (646-ж.) Суяб, Невакет, Талас шаарлары жана Тундук Кыргызстандын калкынын чарбасы жана жашоо-турмушу сыпатталат.

«Ляо Кидан мамлекетинин династиялык хроникасында» (1345-ж.). Елуй Даши башында турган кидандардын (кара-кытайлар) батышка, Тенир-Тоого кетишине байланыштуу окуялар көрсөтүлгөн. Алар Кыргызстандын территориясына жакын жерде 1017-1018-жж. пайда болуп, бирок караханийлик башкаруучу Туганхан тарабынан сурулуп чыккан.

1125-ж. алар Кыргызстанга кайра келишип, бул жерде жаны Си Ляо - Батыш Ляо династиясын негиздешкен. Анын борбору Баласагун шаары болгон.

Бул эмгектерде Тенир-Тоонун жергиликтуу калкы мал багуучулук менен катар эле дыйканчылык менен да кесип кылаары, карлуктар, уйгурлар, меркиттер, наймандар менен кошо кыргыздардын турмуш- тиричилиги, салт-санаасы, каада-салты, урп-адаттары суреггелген.

Кыргызстандын тарыхын уйренууде Монголиянын аймагында, Эне-Сайда, Таласта башка жерлерде табылган байыркы түрк жазуу булактары өтө баалуу.

VII-XII кк. Монголияда, Туштук Сибир, Орхон - Эне-Сай жазуулары Орто Азия аймактарында балбалдарга, тиричилик буюмдарына турк элдеринин тилинде жазылган жазуу эстеликтери Орхон жана Эне-Сай жазуулары деп аталат.

Мындай жазуу эстеликтери Тывадан, Тоолуу Алтайдан, Якутиянын тундугунен жана Кыргызстандын Талас ереенунен табылган. Таластагы жазуулар Эне-Сайдагы жазуу эстеликтерине тектеш. Жазууларды 1893-ж. даниялык профессор В. Томсон чечмелеген, биринчи жолу 1894-ж. орус туркологу, академик В. В. Радлов окуган. Бул жазууну Эне-Сайдагы Кыргыз мамлекети, Чыгыш Турк кагандыгы, Уйгур кагандыгы, Жети-Суу, Чыгыш Туркстандагы бир катар турк өлкелерунун калкы колдонушкан.

Б. з. I мин жылдыгындагы турк коомундагы этностук, социалдык, чарбалык жана маданий өзгөрүүлөр кенен айтылган 14 анча чон эмес эпитафиялык (кер башына коюлган) тапггарда чегилген руна сымал тексттер Талас ереенунде табылган. Алар тургеш кагандары Сулук Чабыш-Чор жана анын балдарынын башкаруу мезгилине туура келет (716-740-жж.).

XIX к. этегинде орус илимпоздору Монголияга саякаттап, түркология илимине жаңы ачылыштарды жасаган. 1889-ж. Кошо-Цайдам ереенундегу Кокшун-Орхон дарыясынын боюнан (Улан-Батордон 400 чакырым батыш багыт) сибирдик археолог жана жер тааныгыч Н. М. Ядринцев эки чоц таш, алардын бетине чегилген байыркы турк жазуусун тапкан. Ошол эстеликтердин бири байыркы турк каганы Билгеге (716-734-жж. башкарган), экинчиси мурда елген анын агасы Култегинге коюлган экен.

Илимий чейреде бул чон ачылыштын кызыгы таркай электе Е. Н. Клеменц Улан-Батордон 36 чакырым туштук-чыгыш тараптан ошондой эле таш табат. Анын бетинде турк ажосу жана колбашчысы Тон-йокуктун жазуусу болгон. Билге кагандын, Култегиндин жана Тон-йокуктун Орхондогу жазуу эстеликтери маани жагы- нан дүйнөлүк туркологиянын алтын кенчине кирди.

Бул таш жазууларда VII к. аягы менен VHI к. башындагы окуя- лар айтылган. Ал кезде 630-ж. кытайлар багынтып алган мамлекетти кайра кураштыруу учун байыркы турктер жан аябай куреш жургузуп жаткан. Борбордук Азияны бийлее учун турктер кыргыздар менен салгылашьннкан. Мына ушунда Култегиндин арбагына багыштал- ган таш жазууда кыргыз каганынын аты аталат. Барсбек эле. Каган атка кондурган биз элек. Зайыптыгына менин карындашым Баянды бердим эле. Бирок ал биздин тилди албай, безрри болду. Ошон учун каганды елтурдук, элин кул менен кун кылдык».

Андан ары Култегиндин таш жазуусунан Барсбектин өлген жайы тууралуу кабар окуйбуз: «...биз кыргыз элин уктап жаткан маалында талкаладык. Каганы менен Сунга чер токоюнда кармаштык... Кыргыздардын каганын биз өлтурдук, элин багынттык».

Бу кабардын чындыгы кумен санатпайт. Ушундай эле кабар азыраак өзгөргөн, бирок мааниси жоголбогон түрүнде Билге менен Тон-йокуктун таш жазууларында да айтылат. Аларда 710-711-жж. Ошентип, орхон жазуулары боюнча, байыркы турк тебелдеру каардуу, ырайымсыз кыргыз куйее баласынын образын түзгөн. Карындашын берип отурса да, ез билгенин кылганын кара деп жектеген. Ошол учун Барсбек каган елум жазасына кетип, эли кулчулукка кабылган. Барсбек тууралуу кас душмандары ушин- тип жазган. Мындан жуз жыл мурун сибирдик дыйкан Алтын-Келдун жээгинен (Минусинск - Мин-Эзен ойдуцунан) тушунуксуз тамга- лар чегилген эки жалпак таш табат. Табиятынан баамчыл Е. ф. Корчаков бу табылга тууралуу окумуштуу жана Мин-Озен шаарынын керунуктуу коомдук ишмери Н. М. Мартьяновго кабар- лайт. Ал киши болсо Сибирде музей курууну ойлоп журген. Азыр¬кы Миц-бзендегу ошол Н. М.Мартьянов 1877- ж. ачкан жазуулар чегилген таштарды музейге алып барып койгон. Азыр ушу кунде таш жазуулар Мин-9зенде сакталуу. Таш бетиндеги жазуулар да Орхон-Эне-Сай руна сымал жазуу менен жазылганы такталган.

Кийин «Алтын-Келдун таш жазууларына» жана Эне-Сайдан табылган башка таш жазууларга орустун окумуштуулары академик В. В. Радлов, профессор С. Е. Малов жана Туркия окумуштуусу X. Н. Орхун кызыгып кенул бурган. Алтын-Келдун жазуулары басмага чыккан жана башка тилдерге которулган. Ленинграддык белгилуу турколог С. Г. Кляшторный 1977-ж. Мин-взенге барып, эки жазууну тен туп нускасында окуйт. Керсе, эки таш жазуу тен эпитафия экен. Кыргыздарга тузден-туз тиешеси бар жазуулар айрыкча кыргыз тарыхынын эн кейгейлуу учуруна тиешелуу болуп чыкты.

Көөнө булактар тууралуу китептер жана макалалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • ISBN

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]