Кыргыз уяң жүндүү кою

Википедия дан

Кыргыз уяң жүндүү кою — жүн-эт багытындагы кой породасы. жергиликтүү кылчык жүндүү куйруктуу койду түрдүү породадагы уяң жүндүү кочкорлор менен аргындаштыруу аркылуу Талас облусундагы «Жоон-Төбө» асыл тукум кой өстүрүү заводунда чыгарылган (1939—53). Аргындаштыруу үчүн (1928—40) Кыргызстанга кавказ мериносу, римбулье, нюртемберг жана прекос койлорунун кочкорлору алынып келинген. 1939-жылы экинчи жана үчүнчү муундагы аргын койлорду өз ара аргындаштыруу жолу менен уяң жүндүү койдун жаңы породасын чыгаруу ошол учурдагы «Жоон-Төбө» совхозунда, Кыргызстан мал чарба жана ветеринардык ИИИнин станцияларында, Калинин (азыркы Жайыл) районунун чарбаларында (Панфилов, Крупская атындагы колхоздордо) уюштурулган. Аргын койдун жүндүүлүгүн, сапатын жакшыртуу максатында грозный кою менен ставрополь коюунун кочкорлору менен куудурулган. Бул кой эттүү, тоо шартына жакшы байымдуу. Кочкорунун орточо тирүүлөй салмагы 90—100 кг (айрымдары 120 кг), жүнүнүн узундугу 7,5—9,3 см, соолугунуку 7,5—8,5 см. Кочкорунун жүнү 60, соолугунун жүнү 60—64-сапатта. Ар кочкордон 8—10 кг (айрымдарынан 16 кг), соолугунан 3, 8—4,3 кг жүн кыркылат, таза жүндүн чыгышы 50—53%. Ар жүз тубар койдон 120—150 козу алынат. Кочкорунун бийиктиги 74—81 см (соолугунуку 67—73 см), тулку боюнун узундугу 74—88 см (67—77 см), көөдөнүнүн кеңдиги 25—55 см (23—29 см). Кыргызстанда асыл тукум фермердик чарбаларда асыралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]