Кыргыз фольклорунун тарыхынан

Википедия дан

«Кыргыз фольклорунун тарыхынан» — Э. Абдылдаевдин «Манас» эпосунун маселелерине арналган макалалар жыйнагы (Фр„ 1983). Жыйнакта: «Элибиздин поэтикалык чыгармачылыгын тарыхый принципте изилдейли», —деген макалада элдик оозеки чыгармачылыкты тарыхый принциптин негизинде изилдөөнүн методологиялык куралы катарында колдонуу, фольклор жөнүндөгү советтик илимдин улам жетишкен тажрыйбаларын, эффективдүү илимий методдорун чыгармачылык менен пайдалануу жана ата-бабаларыбыздын башынан өткөргөн тарыхын терең үйрөнүү сыяктуу принциптүү маселелер каралат. «Залкар эпик ырчы» аттуу макалада Саякбай Каралаевдин варианты нын өзгөчөлүгү, анын дастандары (Эр Төштүк, Делдеш баатыр, Талгар мерген жана башкалар), чыгармалары [Унутулгус күндөр (1967), Эстен кетпейт (1957)] тууралуу кеңири сөз болот. А. Маргуландын «Шокан жана Манас» деген монографиясына (Алматы, 1973) илимий мүнөздө баа берген макаласы да автордун бул китебинен орун алган. «Манастын образынын тарыхы тууралуу» макаласында «Мажму ат-таварих» кол жазмасындагы Манас баатыр жөнүндөгү маалыматтарга жана эпостун колдо болгон материалдарындагы фактыларга таянып, «Манас» деген ысымдын чыгышы тууралуу ой жүгүртөт. «Алмамбеттин образынын тарыхы тууралуу изилдөө» макаласында Р. Сарыпбековдун «Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү» (Фр., 1977) аттуу монографиясы жөнүндө сөз болот. «Көкөтөйдүн ашынын тарыхы» аттуу макалада автор эпостун сюжеттик системасындагы «Көкөтөйдүн ашы» аттуу эпикалык окуянын пайда болушу жөнүндө иликтөө жүргүзөт. ««Манас» эпосундагы, Бээжин деген топоним жөнүндө» деген макаласында бул топонимдин эпоско кирүүсүнүн тарыхый негиздерине токтолот да өз оюн бир катар ишенимдүү фактыларга таянып бекемдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4