Кыргыз эстрада ансамбли

Википедия дан

Кыргыз эстрада ансамбли - аткаруучулук чыгармачылыктын ар кандай түрлөрун (музыкалык аспаптык, вокалдык аткаруучулук, көркөм окуу, бий, куудулдук ж. б.) бириктирген көркөм коллектив.

Кыргыз эстрада ансамблин 1967-ж. комузприма, комуз-бас, комуз-альт, электр-комуз жана урма аспаптар, аккордеондон курап, Н. Давлесов уюштурган жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомжаров жетектеген. Негизги репертуарына кыргыз элдик обондору жана күүлөрү, композиторлордун эстрадалык ырлары, аспаптык чыгармалары кирет.

Ансамблде электр-домбра, бас-гитара, аккордеон жана урма аспаптар бар. Ансамбль КМШ өлкөлөрүнун көп шаарларына, ошондой эле Монреалга бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө, Египет, Чехославия ж. б. өлкөлөргө гастролго барган. Ансамблде Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти А. Сапаралиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Э. Мойдунов, обончу-ырчы Ш. Үтөбаев, А. Исраилова, А. Базарбаева, А. Момунгазиев, К. Барктабасова, Н. Калназарова ж. б. ырчылар, жонглёр - К. Эдигеев ж. б. эмгектенет.

Филармонияда «Наристе» вокалдык-аспаптык ансамбли (1978, көркөм жетекчиси В. Томаренко), «Семетей» тобу (1967, көркөм жетекчиси Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти А. Сапаралиев), «Арман» вокалдык-аспаптык топ (көркөм жегекчиси К. Кожомкулов) иштеген. "Наристе" үн аспаптар ансамбли оболу 1971-жылы Миң-Кушта уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.