"Наристе" үн аспаптар ансамбли

Википедия дан

"Наристе" үн аспаптар ансамблиКыргызстандагы алгачкы эстрадалык топтордун бири. Ал Кыргыз эстрада ансамблинин улуу көчүн анан ары татыктуу уланткан топтордун бири болгон.

Тарыхый тармыжамакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1971-жылы советтик Кыргызстандын Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасындагы Тоо-кен комбинатында ыр-күүгө шыктуу жаштардын тобу түзүлөт.

Комбинаттын жетекчилиги бул ишке жоопкерчилик менен мамиле кылып, ансамблди түзүү үчүн Фрунзеден (азыркы Бишкек шаары) профессионал музыкант Владимир Пруглону чакырат.

Тоо койнунда эстрадалык ансамблди түзүү машакаты тууралуу Владимир Пругло минтип эскерди:

"Ансамбль 1971-жылы негизделген. Мен ал кезде Фрунзедеги Филармонияда иштечүмүн. Анан эле Миң-Куштагы тоо-кен комбинатынын алдындагы "Оргтехника" заводуна чакырышып, ал жакта улуттук, заманбап кыргыз ырларын аткарган топ түзүүнү сунуш кылышты. Бардык жабдыктарды алып берүүгө, шарт түзүүгө убада беришти.
Мен музыканттар тобун алып, ал жакка жөнөдүм. Миң-Куштагы жумушчулардын арасынан таланттууларды издеп, алгач алты кишиден турган топ түздүм. Аларга музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөттүм. Ошентип, ишти баштадык.
1971-жылы Фрунзеге келип, биринчи жолу телеге тартылдык. Бир жылдан кийин Москвада Бүткүл союздук көргөзмө борборунда (ВДНХ) өткөн концертке Кыргызстандын атынан барып катыштык. Андан кийин Фрунзеге Лениндин туулган күнүнө карата уюштурулган концертке чакыруу алып, Опера жана балет театрынын сахнасында өнөрүбүздү тартууладык. Бара-бара күйөрмандарыбыздын катары калыңдап, элге тааныла баштадык". [1]

"Наристе" үн аспаптар ансамблин Маскөөнүн өзгөчө каржылоосундагы жашыруун ишкана болгон Миң-Куштагы ишкананын (заводдун) жетекчилиги толук камкордукка алып, заманбап жана баалуу музыкалык аспаптардан, концерттик кийим-кечеден кем кылган эмес.

Топтун курамында ырдагандардын ысымы эл арасында тааныла баштаган. Кийинчерээк алардын арасында маданиятка эбегейсиз салым кошкон ишмерлер чыккан.

"Наристеде" өнөр көрсөткөндөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Наристе” үн аспаптар ансамблинин биринчи курамында Азык Төлөгөнов, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров, Кыргыз эл артисти, маркум Шамшыбек Өтөбаев сыяктуу өнөрпоздор болгон.
“Наристе” үн аспаптар ансамбли аткарган алгачкы чыгармалардын бири - 1979-жылы тартууланган “Таң чолпонум” аттуу элге кеңири тараган ыр болгон. Ырдын сөзүн нарындык акын Болот Алаков, музыкасын Эсенбек Маданбеков жазган. Аны бир кезде Асанбек Жумакадыров аттуу солист аткарган.
Кийинчерээк топко Кыргыз эл артисти Сайра Чоткараева кошулган. Кино актриса Айтурган Темирова 1980-жылдардын башында ушул топтун курамында ырдаган.
Таанымал ырчы Шахрезада Аскарова да “Наристенин” бир кездеги солисти болгон.

"Наристенин" сырткы чөйрөгө таанылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Наристе” үн аспаптар ансамбли 1977-жылы Биринчи бүткүл союздук фестивалга катышып, алтын медаль жеңди.

Көп өтпөй “Наристени” профессионалдык музыкалык ансамбль катары таанып, Кыргыз мамлекеттик филармониясына иштөөгө чакырышты.

Ошондон кийин бир нече жолу ансамбль Кыргызстандын атынан сынактарга, кароо-фестивалдарга катышты.

“Наристе” үн аспаптар ансамбли советтик Борбордук Азияны, СССРдин кыйла жерин кыдырды. Украинанын, Молдованын бир топ шаарларында концерттерди койду.

“Наристе” үн аспаптар ансамбли 1983-жылы Вьетнамга жана Лаоско барды. Ал жакта бир айдай жүрдү. Ансаммблдин тобу менен кошо Кыргызстандын жана СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алтынбек Сапаралиев да кезген эле.

Андан кийин “Наристе” үн аспаптар ансамбли Германия Демократиялык Республикасында концерт берди.

"Наристенин" негиздөөчүсүнүн кийинки тагдыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Владимир Пругло "Наристе" үн аспаптар ансамблинде 1984-жылга чейин иштеген.

"1984-жылы мен үй-бүлөлүк маселелериме байланыштуу ансамблдан кетүүгө аргасыз болдум. Ошентип жалпысынан бул топто 1971-жылдан 1984-жылга чейин он үч жыл иштедим. Андан соң Аламүдүн райондук маданият үйүн жетектедим", - деп эскерет Пругло. [2]

Учурда ал тарыхый мекени Германияда жашайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/nariste-vocal-muzik-frunze-pruglo/29094006.html. "Наристени" чоңойткон Пругло. 20.3.2018.
  2. https://www.azattyk.org/a/nariste-vocal-muzik-frunze-pruglo/29094006.html. "Наристени" чоңойткон Пругло. 20.3.2018.