Кыркчилтен

Википедия дан

КыркчилтенБаткен районундагы туш тарабын дайра, тоо курчап ат чабымдай аралды элестеткен, Коргон айылына кире бериште орун алган короо жай (Бейит), мазар. Ал жерде жалгыз түп гүлсовгар (Дарак) гүлдөп турат. Эл ошол жерди Манастын кайыбынан берген кырк жигитинин бейит мазары деп касиеттүү көрүп, ыйык эсептешет. Ал эми түпкү тег тотем(бөрү, жолборс, илбирс) менен байланышкан чилтендик жана башка образдары мусулман мифологиясынын магиялык колдоочуларына айланганын “Манас” эпосунун айрым мотивдери аныктап турат. Манас эпосунун баардык варинттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон учурда көбүнчө чилтендердин колдоосу менен аман калат.