Кырмус Шаа, Кырмус

Википедия дан

Кырмус Шаа, Кырмус«Манас» эпосундагы кейипкер. Дагалак шаарынын каны. Сагымбай Орозбаков вариантында Кошойдун окуясына байланыштуу айтылып, Нескара колго түшүрүп келген Билерикти зынданга салып, атасын коё берет. Жаангер кожо Кошойду издеп таап жардам сурайт. Кошой кол курап барып, К. ш-ны өлтүрүп, Билерикти бошотот.

Бул антропонимдин эпоско кириши иран мифологиясында башкы кудай Ахурамазда// Хормуста менен байланыштуу. «Кырмус» деген ысым Хормузда//Хормуста дегендин кыргыз тилинин закондоруна ылайык өзгөртүлгөн түрү. Терминдин экинчи бөлүгү болгон «шаа» сөзү перс тилиндеги «шах» (кан) сөзүнүн өзгөртүлүп айтылышы. Ирандыктарда башкы кудай болгон Ахурамазда//Хормуста эпоско кирип, анын өнүгүшүндө жөнөкөй эле эпостук кейипкер, кытай каны, баатырга айланып калган. Бул антропоним башка түрк-моңгол элдеринин фольклордук чыгармаларында, уламыш, мифтеринде Курбусту кан, Курбустан-Тенгере, Кан Курбусту Теңкерекей, Күрмөс жана башкалар ат менен кездешет. Байыркы түрк жазмаларында да El Kirmis sanun, Kirmis формасындагы адам аттары жолугат. Буга караганда Кырмус шаа<Хормузда (Хормуста) иран мифологиясынан түрк элдеринин мифологиясына байыркы мезгилдерде эле келген. Айрым окумуштуулар «Манастагы» К. ш. антропонимин дал ушул Хормузда (Хормуста) менен байланыштырып, эпоско иран мифологиясынан моңголдор аркылуу кирген деп жоромолдошот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4