Кыртабылгы гранит кени

Википедия дан

Кыртабылгы гранит кени Чүй облусунун Кемин районунда, Кичи Кемин кыштагынан 3 км түштүктө, Токмок шаарынан 60 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 1400–1530 м бийиктикте. 1971-ж. Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын пермь мезгилинде пайда болгон Кичи Кемин гранит инарузия комплекси түзөт. Гранит лейкократтуу, орто жана кесек кристаллдуу, өңү кызгылт-боз, кызгылт жана күрөң-кызыл. Арасында майда кристаллдуу граниттердин шток сымал тулкулары, диабаз жана сиенит-диорит порфирлеринин дайкалары кездешет. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,60–2,62 г/см3, көзөнөктүүлүгү – 1,5–2,8%, суу сиңирүүсү – 0,3–,4%, үстүнөн басылгандагы бектигинин чеги кургак абалда 110–120 МПа, сууга каныккан абалда 105–115 МПа, суукка тоңдурунун 35 циклинен кийин 100–110 МПа, жешилүүсү – 0,57–0,5 г/см2. Гранит имараттардын ички жана тышкы дубалдарын каптоого жарамдуу, оңой сайкалданат. Жылмаланган бети күзгүдөй жаркырап, ага оюу-чийүү түшүрүүгө болот. Блоктордун чыгышы 32,2%, калыңдыгы 70 мм болгон такталардын чыгышы – 8,1 м2/м3, лабораториялык шартта кескенде калыңдыгы 10 мм болгон такталардын чыгышы 31,3 м2/м3, калыңдыгы 20 мм болгондо – 24 м2/м3. Граниттин запасы В категориясы боюнча 1689 миң м3, С1 - 3057 миң м3, В+С1 – 4746 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]