Кырчын көрүстөнү

Википедия дан

Кырчын көрүстөнү – биздин заманга чейин 6-кылымда –биздин замандын 9-кылымына таандык мүрзөлөр. Ысык-Көл районунун Кожояр айылынан 8 км түндүктө секиде орун алган. 100 гө жакын көрүстөндөрдүн планы түшүрүлгөн. А. Н. Бернштам тарабынан биздин заманга чейин 6-к.–биздин замандын 5-кылымына таандык сак доорунун көрүстөнү изилденген. Биздин замандын 1–4-кылымына мүнөздүү катакомба тибиндеги көрүс-төндөр изилденилип, андан чопо сыныктары, мал сөөктөрү жана башка буюмдар табылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]