Кысса-и-Семетей Бу Турур

Википедия дан

Кысса-и-Семетей Бу Турур (Бу Семетей жөнүндөгү дастан) – «Семетей» эпосунун араб тамгасында жазылган кол жазмасы. «Семетей» жөнүндөгү кол жазмалардын толугураагы ж-а көлөмдүүсү. Кол жазманын түп нускасын 1972-ж. проф. Сарыбай Кудайбергенов сүрөткө тарттырып, анын бир нускасын УИАнын кол жазмалар фондусуна өткөргөн. Ал кол жазманын түп нускасын адабиятчы Ш. Үмөталиев 1957-ж. Талас өрөөнүнүн Кеңарал айылында жашаган Жунуш молдо деген кишиден алып келип, академик Б. М. Юнусалиевге берген. Ш.Үмөталиевдин айтканына караганда Жунуш молдо бул китепти жети атасынан калган мурас катары сактап келген. Башка бир окумуштуулардын пикири боюнча 19-к-да Балык ырчынын айтуусу б-ча Токтогазы Жусупбек уулу (1864–1933) жазып алган. Кол жазманы 1957-ж. таластык Жанаалы деген карыя Кыргыз ССР ИАнын кызматкерине өткөрүп берген. Кол жазма 117 беттен туруп, 6120 сап ырды түзөт. Ыр саптары ар бир барактын бетине үч катардан майда араб тамгалары м-н жыш жазылган. Эпос эки бөлүктөн турат. 1. Каныкей Үргөнчтө жүрүп, Семетейге анын ата теги ж-а Ата журту ж-дө баян курганы, Манастын күмбө-зүнүн курулушу ж-а анын ичиндеги тартылган сүрөттөр тууралуу айтылган окуялар да бар. 2. Семетей өзүнүн жоголгон Акшумкарынын артынан Үргөнчкө барып, Айчүрөккө жолукканы, экөөнүн Акун хандын ак сарайында үйлөнүп, баш кошкан окуялары жогорку көркөмдүүлүктө берилген. Бул кол жазма бир кезде «Манас» эпосунун сюжетине кошулбай калган, өзүнчө айтылган лирикалык романтикалуу багыттагы дастан. Кол жазма кыргыздардын совет дооруна чейинки жазмасынын тарыхын үйрөнүү үчүн да баалуу булак болуп эсептелет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы. ЭНЦИКЛОПЕДИЯ. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ. БИШКЕК – 2003