Кычанов, Евгений Иванович

Wikipedia дан


Евгений Иванович Кычанов
Portrait photo of Evgeny Ivanovich Kychanov.JPGОрусиялык чыгыш таануучу, тарыхчы Евгений Иванович Кычанов.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Кычанов, Евгений Иванович
Туулган жылы: 1932-жыл 27-кулжа (июнь) айы
Туулган жери: Сарапул, Удмуртия жумурияты, Орусия
Өлгөн жылы: 2013-жыл, 24-бугу (май) айы
Өлгөн жери: Санкт-Петербург шаары, Орусия
Өлкө: Орусия желеги Орусия Федерациясы
Соңку иштеген жери: Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалары институту, Санкт-Петербург ш.
Ишмердүүлүгү: синолог, тангут таануучу, тарыхчы, чыгыш таануучу, булак таануучу
Альма-матер: Санкт-Петербург мамлекеттик университети (мурдагы ЛГУ)
Илимий тармагы: чыгыш таануу, булак таануу, синология
Илимий даражасы:
  • Тарых илимдеринин доктору; 1970-жыл
Наамы. Сыйлыктары: Казань шаарынын 1000 жылдыгынын урматына берилген медаль; Чома де Көрөши атындагы Мажар чыгыш таануучулар коомунун ардактуу мүчөсү; ж.б.


Евгений Иванович Кычанов (Evgeny Kychanov; 22.6.1932, Сарапул, Удмуртия, Орусия – 24.5.2013, Санкт-Петербург, Орусия) – Орусиянын заманбап чыгыш таануучусу, кытай таануучу (синолог), тангут таануучу, монгол таануучу, түрколог, булак таануучу, тарыхчы, тарых илиминин маалыматын жайылтуучу, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын чыгыш таануучуларынын насаатчысы.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо]

Евгений Иванович Кычанов 1932-жылы 22-июнда Орусиянын Удмуртия жумуриятындагы Сарапул жергесинде туулган.

1955-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин (мурдагы Ленинград мамлекеттик университетинин) Чыгыш таануу факультетин аяктаган.


1955-58-жылдары Орусия ИАсынын Чыгыш колжазмалар институтунда (мурдагы СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүндө) аспирантурада окуган.

1958-жылдын декабрынан тартып СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүндө кенже илимий кызматкер болуп иштей баштаган.

1960-жылы ал “Си Ся мамлекети (982-1227-жж.)” («Государство Си Ся (982—1227 гг.)») деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1965-жылдан тартып жогорудагы институтта ага илимий кызматкер болуп иштей баштаган.

1970-жылы “Тангут мамлекетинин тарыхынын учкай баяны” («Очерк истории тангутского государства») деген темада доктордук диссертациясын коргогон.

1978-жылдан тартып өз институтунда Ыраакы Чыгыш секторунун башчысы, 1983-жылдан тартып Кытай жана Борбордук Азия тарыхы менен булак таануусу секторунун башчысы болуп иштеген.

1991-жылдан тартып институттун (ал кездеги Орусия ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Санкт-Петербург бөлүмүнүн) директорунун орун басары болуп иштей баштаган. 1996-2003-жылдары бул бөлүмдүн директору болгон.

Агартуучу. Педагог. Насаатчы[оңдоо]

Көп жылдар бою ЛГУда (азыркы СПбМУ) дарс окуган, 1986-жылдан тартып анын профессору болгон.

20дан ашуун аспирант даярдаган. Алардын арасында – кыргызстандык кытай таануучу Кубан Жусаев бар.

Көптөгөн кыргыз чыгыш таануучуларга насаат айтып, алардын илимий жактан телчигишине көмөк көрсөткөн.




Чыңгыз-хандын бабалары тууралуу пикири[оңдоо]

Евгений Кычанов өзүнүн Чыңгыз хандын таржымакалына арналган китебинде анын бабаларынын бири Бодончарды Алан-гоа кантип төрөгөнү тууралуу уламышка кайрылат.

Түндүктөн түшүп келген чачы сары, көзү көк кишиден Алан-гоанын боюна бүткөнү тууралуу уламышты эскертип, мунун негизинде айрым чыгыш таануучулар Чыңгыз хандын илгерки бабасы энесайлык кыргыз болгону туурадуу жоромол кылганын жазат.

Бирок, дейт, Е.И.Кычанов, Ички Азияда сары чачтуу, көзү көк этностор жалаң гана кыргыздар болгон эмес. Маселен, шивей этносунун арасында да ушундай чачы сары, көзү көк кишилер болгон, деп Е.Кычанов баса белгилейт.

Айрым кыргыз жазуучулары болсо 1990-жылдардан соң анын китебиндеги пикирди бурмалап, “Евгений Кычанов Чыңгыз хандын кыргыздын урпагы экенин жазып чыкты” деп натуура маалымат таркатышкан болчу.

Наамдары. Даражалары. Сыйлыктары.[оңдоо]

2005-жылдын 30-июнунда Орусиянын Президентинин жардыгына ылайык “Казан шаарынын 1000 жылдык мааракесинин урматына” медалы менен сыйланган.
Чома де Көрөши атындагы Мажарстан чыгыш таануучулар коомунун ардактуу мүчөсү.
Кытай Коомдук илимдер академиясынын Си Ся тарыхын изилдөө борборунун ардактуу мүчөсү.


Колдонулган адабият[оңдоо]

Илимий эмгектеринин кыскача тизмеси[оңдоо]

  • Орус тилине котормолору:
    • Китайская классика в тангутском переводе (Лунь юй, Мэн цзы, Сяо цзин). Факсимиле текстов. (Серия «Памятники письменности Востока», IV) / Предисловие, словарь и указатели В. С. Колоколова и Е. И. Кычанова. М., Наука (ГРВЛ). 1966. 149, 211 стр. Тираж: 700 экз.
    • Море письмен. Факсимиле тангутских ксилографов. (Серия «Памятники письменности Востока», XXV, [1]—[2]) / Пер. с тангутского, вступительные статьи и приложения К. Б. Кепинг, В. С. Колоколова, Е. И. Кычанова и А. П. Терентьева-Катанского. Ч. 1—2. М., Наука (ГРВЛ). 1969. Ч.1: 608 стр. Ч.2: 272 стр. Тираж: 750 экз.
    • Вновь собранные драгоценные парные изречения. Факсимиле ксилографа. (Серия «Памятники письменности Востока», XL) / Издание текста, пер. с тангутского, вступительная статья и комментарий Е. И. Кычанова. М., Наука (ГРВЛ). 1974. 224 стр. Тираж: 5000 экз.
    • Изменённый и заново утверждённый кодекс девиза царствования Небесное процветание (1149—1169). (Серия «Памятники письменности Востока», LXXXI, 1—4) / Издание текста, пер. с тангутского, исследование и примечания Е. И. Кычанова. Кн. 1—4. М., Наука (ГРВЛ), 1987—1989. (Кн 1: Исследование. 1988. 464 стр. Тираж: 1450 экз.; Кн 2: Факсимиле, перевод и примечания (главы 1-7). 1987. 704 стр. Тираж: 1450 экз.; Кн 3: Факсимиле, перевод и примечания (главы 8-12). 1989. 624 стр. ISBN 5-02-016978-1 Тираж: 1050 экз.; Кн 4: Факсимиле, перевод и примечания (главы 13-20). 1989. 464 стр. ISBN 5-02-016704-5 Тираж: 1000 экз.)
    • Море значений, установленных святыми. Факсимиле ксилографа. (Серия «Памятники культуры Востока: Санкт-Петербургская научная серия», IV) / Издание текста, предисловие, пер. с тангутского, комментарий и приложения Е. И. Кычанова. СПб., Центр «Петербургское Востоковедение». 1997. 330 стр. ISBN 5-85803-056-6 Тираж: 500 экз.
    • Запись у алтаря о примирении Конфуция. Факсимиле рукописи. (Серия «Памятники письменности Востока», CXVII) / Издание текста, пер. с тангутского, вступительная статья, комментарий и словарь Е. И. Кычанова. М., Издательская фирма «Восточная литература» РАН. 2000. 152 стр. ISBN 5-02-018066-1 Тираж: 1000 экз.
  • Изилдөөлөрү:
    • Государство Си Ся (982—1227). Автореф.дисс. … к.и.н. Л., ЛГУ. 1960. Тираж: 200 экз.
    • Софронов М. В., Кычанов Е. И. Исследования по фонетике тангутского языка. (Предварительные результаты). М., ИВЛ. 1963. 115 стр. Тираж: 600 экз.
    • Очерк истории тангутского государства. М., Наука (ГРВЛ). 1968. 355 стр. 1600 экз.
    • Основы средневекового китайского права (7-13 вв.). М., Наука (ГРВЛ). 1986. 264 стр. 3400 экз.
    • Словарь тангутского (Си Ся) языка. Тангутско-русско-англо-китайский словарь = Tangut Dictionary. Tangut-Russian-English-Chinese Dictionary / Сост. Е. И. Кычанов. Со-составитель С. Аракава. Киото, Филологические науки, Университет Киото. 2006. xv, [1], 780, [2] стр.
    • История тангутского государства. (Серия «Исторические исследования»). СПб., Факультет филологии и искусств СПбГУ. 2008. 767 стр. ISBN 978-5-8465-0652-7 Тираж: 800 экз.
  • Илимий-популярдуу эмгектери:
    • Звучат лишь письмена. (Серия «По следам исчезнувших культур Востока»). М., Наука (ГРВЛ). 1965. 139 стр. Тираж: 17000 экз. (переиздание: Звучат лишь письмена: Очерк об исследователях тангутской цивилизации. Рыбинск, [б. и.], 2002 (ОАО «Рыбинский Дом печати»). 124 стр. Тираж: 500 экз.)
    • Жизнь Темучжина, думавшего покорить мир. М., Наука (ГРВЛ). 1973. 144 стр. 15000 экз. (2-е изд., испр. и доп.: Жизнь Темучжина, думавшего покорить мир: Чингис-хан: личность и эпоха. Бишкек, 1991. 286 стр. 20000 экз. 2-е изд., перераб. и доп.: М., Издательская фирма «Восточная литература» РАН; «Школа-Пресс». 1995. 271 стр. 20000 экз.)
    • Кычанов Е. И., Савицкий Л. С. Люди и боги страны снегов. Очерк истории Тибета и его культуры. (Серия: («Культура народов Востока»). М., Наука (ГРВЛ), 1975. 304 стр. Тираж: 10000 экз. (2-е изд., испр. и доп.: Люди и боги страны снегов. Очерки истории Тибета и его культуры. (Серия «Мифы, эпос, религии Востока. Bibliotheca Universalia»). СПб., Петербургское Востоковедение, 2006. 432, [2] стр., [14] илл. ISBN 5-85803-325-3 Тираж: 1000 экз.)
    • Громковская Л. Л., Кычанов Е. И. Николай Александрович Невский. (Серия «Русские востоковеды и путешественники»). М., Наука (ГРВЛ). 1978. 216 стр. 10000 экз.
    • Повествование об ойратском Галдане Бошокту-Хане. Новосибирск, Наука, 1980. 192 стр. Тираж: 24700 экз.
    • Абахай. Новосибирск, Наука. 1986. 147 стр. 40000 экз.
    • Император Великого Ся. (Серия «Страны и народы»). Новосибирск, Наука. Сибирское отделение. 1991. 160 стр. ISBN 5-02-029403-9 Тираж: 74000 экз.
    • Кочевые государства от гуннов до маньчжуров. М., Издательская фирма «Восточная литература» РАН. 1997. 320 стр. ISBN 5-02-017415-7 Тираж: 750 экз.
    • Властители Азии. М., Издательская фирма «Восточная литература» РАН. 2004. 632 стр. ISBN 5-02-018328-8 Тираж: 1200 экз.
    • Кычанов Е. И., Мельниченко Б. Н. История Тибета с древнейших времён до наших дней. М., Издательская фирма «Восточная литература» РАН. 2005. 352 стр. ISBN 5-02-018365-2 Тираж: 1000 экз.
  • Кол жазма каталогдору:
    • Тангутские рукописи и ксилографы. Список отождествлённых и определённых тангутских рукописей и ксилографов коллекции Института народов Азии АН СССР. Сост. З. И. Горбачёва и Е. И. Кычанов. М., ИВЛ. 1963. 172 стр. Тираж: 800 экз.
    • Каталог тангутских буддийских памятников Института востоковедения Российской Академии Наук / Сост. Е. И. Кычанов. Вступительная статья Т. Нисида. Издание подготовлено С. Аракава. Киото, Университет Киото. 1999. xlix, 792 стр.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]