Синология

Википедия дан

Синология (лат. sina - кытай жана ...логия), кытай таануу - кытай тарыхын, экономикасын, саясатын, философиясын, тилин, адабиятын жана изилдөөчү илимдер тобу.

Кытай таанууну 17-18-кылымдарда Батыш Европада француз миссионерлер баштаган. Ж. П. Абель Ремюза 1814-жылдан Париж университетинде кытай филологиясы боюнча сабак берген.

17-кылымда Россияда Кытай боюнча биринчи эмгекти дипломаттар (П. И. Годунов, Н. Г, Спафарий) жазган. Орус синологиясына Н. Я. Бичуриндин котормосу, тарых, этнография, география жана лингвистика боюнча изилдөөлөрү чоң салым кошкон. Россияда кытай тили 1837-жылы, адабияты 1851-жылы (Казань университетинде) окутула баштаган.

19-кылымдын аягы - 20-кылымдын башында державалардын Кытайды колонияга айландыруу саясатынын күчөшү менен синология да бир кыйла өнүккөн. Россияда П. И. Кафаров (П. С. Попов менен бирдикте) биринчи кытай-орус чоң сөздүгүн түзгөн. 1920-1930-жылдары Батышта Кытай үйрөнүү боюнча жаңы институттар, илимий борборлор түзүлгөн.

1949-жылы Кытай элдик революциясынын жеңиши синология илиминин өнүгүшүнө жаңы өбөлгө түзгөн.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРде да кытай таануу тез өнүгүп, жаңы борбор түзүлүп, монография, окуу куралдары ж. б. жазылып, маоизмди терең жана принциптүү сынга алуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Буга В. А. Масленников, М. И. Сладковский, С. Капида, О. Борисов жана башкалардын эмгектери кирет.

Синология маселесин Москвада Чыгыш таануу институту жана анын Ленинград бөлүмү, Россия ИАнын Ыраакы Чыгыш, Философия, Этнография институттары, МГУнун Азия жана Африка өлкөлөрү институту ж. б. борборлор изилдейт. Европада синология Оксфорд, Кембриж, Париж, Мюнхен, Берлин, Прага, Варшава ж. б., АКШда Колумб, Гарвард ж. б., Японияда Токио, Киото университеттеринде окутулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9