Кыштут–Адыркоо кендеринин тобу

Википедия дан

Кыштут–Адыркоо кендеринин тобу Баткен жана Лейлек райондорунда. Алай жана Түркстан кырка тоолорунун түндүк капталында. Кен жергиликтүү элге эзелтен белгилүү. 1917-ж. алгачкы геол. маалымат берилген. Аймакта Адыркоо, Алмасай, Карарча, Кыштут, Жинкен, Өрүксай сыяктуу бир нече майда кен жана кенче бар. Кен аймагында девон мезгилинин аягында пайда болгон карбонаттуу тоотектер кеңири таралган. Алар тектоникалык жаракалар менен тилмеленип, кеңдик багытта созулуп жаткан ичке тилкени пайда кылган. Тилкедеги руда негизинен киновардан түзүлүп, кээде ага пирит, халькопирит кошумчаланат. Ал доломит жана акиташ тегиндеги жаракалардын кесилишкен жеринде топтолот. Руда тулкулары линза, уя, тарамча түрүндө кезигет. Таралышы бирдей эмес. Кендин айрымдары Атамекендик согуш жылдарында казып алынып, запасы аз болгондуктан кийин токтотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]