Кяриз

Википедия дан
Кяриз.

Кяриз (персче кериз — жер астындагы сугат каналы) — кыртыш сууларын чогултуп, жер бетине алып чыгаруучу жер астындагы курулма. Адатта, кяриз суулуу катмардан суу өткөрбөөчү катмарга карай анча терең эмес жерге (тик кудуктардын жардамы менен) салынат. Сугат жана суу менен камсыз кылуу үчүн (негизинен Борбордук Азиянын тоолуу жана тоо этегиндеги кургакчыл аймактарында, Закавказьеде, Жакынкы жана Ортонку Чыгыш өлкөлөрүндө) пайдаланылат. Узундугу бир нече мге, бийиктиги 1—1,5 мге чейин жеткен. Суу чогултуучу бир же бир нече галереядан турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]