Кёнжу

Википедия дан
Кёнжу.

Кёнжу, Кёнчжу – Корей Республикасынын түштүк-чыгышындагы шаар. Кёнсан-Пукто провинциясында. Хёнсанган дарыясынын боюнда. Калкы 300 миң [2008; шаар агломерациясынын башкаруусуна кирген аймагы (аянты 1323, 8 км2), анын ичинде Япон деңизинин 33 км жээги Кампхо порту менен]. Жол тоому.

7–10-кылымдардын ортосунда Силла мамлекетинин борбору болгон. Жыгач дубалдардын, Анабди ак сарайынын фундаменти (7-кылым, 16-кылымда талкаланган) сакталган. Пульгукса храм комплекси (528-ж.), Дзуньдэн башкы храмы, анын короосунда Таботхап таш пагодасы (538, төрт бурчтуу чатырчасы жана), Бондокса храмы (8-кылым; Эмилле коло коңгуроосу сакталып турат, 771; бийиктиги 3,78 м, диаметри 227 см), Чыгыш Азиядагы эң байыркы Чхомсондэ астронмиялык мунарасы Соккурам үңкүр храмынын жанындагы коңгуроолуу мунара («Жылдыздар мунарасы», 632–647; формасы чоң бөтөлкөдөй, бийикт 9 м) ж. б. бар. Кёнжудагы тарыхый курулуштар, Соккурам храмы жана Пульгукса храм ансамбли Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Өнөр-жайынын башкы тармагы автомобилдердин тетиктерин комплекттөө. Машина куруу (анын ичинде электроника), химиялык, текстиль, тамак-аш өнөр-жай иштейт. Жез, каолин жана флюорит казылып алынат. Шалы айдалып, козу карын өстүрүлөт. Эт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Балык кармалат. Деңиз жээгинде АЭС курулган. Университеттер, Сораболь коллежи ж. б. улуттук музей жана парк бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]