Күл азык, тамак

Википедия дан

Күл азык – көпкө сакталуучу тамак. Күл азыктын негизи эттен (уйдуку, койдуку, кийиктики жана башка) турган. Союлган малдын (кайберендин) эти бышырылып, туурасынан жука кесилип, кургатылып, сокуга күл майда талкаланып, жаргылчакка тартылат. Даярдалган эт сызгырылып, сызыгы таза алынган майга салынат да, ал кайнаар замат ун кошулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин жакшы иштелген карынга салынат. Күл азык узак сапарга, аң уулоого, жүрүшкө, казатка чыгаарда даярдалган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]