Күмүш-Так
Көрүнүш
Күмүш-Так — топоним. «Манас» эпосунда Таластагы белгилүү жерлердин бири катары эпосто көп эскерилет:
Үйүрлүү Марал, Күмүш-Так,
Журт күздөөгө сен консоң,
Кара-Буура, Канжайлак,
Чаткал тосо мен консом (Курама вариант, «Сейтек», 173,— деп эл күздөөчү жер катары сүрөттөлөт. Географиялык реалияда Талас Ала-Тоосунун бир тармагы, ашуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4