Күнгөй

Википедия дан

Күнгөй, чагат, күнөс — күнөс жер же тоонун күн тийген, түштүк капталы. Тескей бетке караганда каксоо, кургак жана жылуу келет. Токой аз өсөт. Мал чарбасында кыштоо катары мааниси зор. Географиялык аттардын курамы катары да кездешет: Күнгөй Ала-Тоо, Күнгөй-Тоо (Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк тармагы), Күнгөй (Кадамжай районундагы кыштак) жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]