Күн атмосферасы

Википедия дан
Күн атмосферасы.

Күн атмосферасыКүндүн байкоого мүмкүн болгон сырткы бети. Күн атмосферасы бир канча түрдүү катмардан турат. Анын көзгө көрүнгөн нур чыгаруучу ички жука бөлүгү — фотосфера. Фотосферанын калыңдыгы 300 км, тыгыздыгы болжол менен 3.10-4 кг/м3, температурасы 5700°Кден 4500°Кге чейин. Анын үстүндө 14 кмге созулган хромосфера жайгашкан жана тыгыздыгы 10-9 кг/м3, температурасы 500°Кден 50000° Кге жетет. Фотосферада Күн тактары жана факелдери байкалат. Алардын диаметри 200 миң кмге жетет. Эң жогорку жана өтө сейректелген тышкы катмары Күн таажысы деп аталат. Ал Күн дискин Ай тосуп калып, Күн толук тутулганда байкалат. Хромосферадан Күн таажысына өткөндө (100) температура жогорулап, 50 миңден 2 млн Кге жетет. Күн таажысында (Күн бетинен ~10 миң км) бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгы бир канча жүздөгөн м/сек жана бир канча радиус аралыкта үн ылдамдыгына жакын ылдамдыкка жетет. Таажыдагы газдар дайыма Күндөн чыгып турган плазманын ысык агымын жана Күн шамалын пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]