Хромосфера

Википедия дан
Хромосфера.

Хромосфера - (chromosphere) күндүн толук тутулуу учурунда жакшы байкалган Күн атмосферасынын сырткы катмары хромосфера деп аталат.

Хромосфера – жогорку чеги 400 кмден 14000 кмге созулган Күндүн айланасындагы мейкиндик. Калыңдыгы 7 – 8 миң километрдей. Күн атмосферасынын жогорку катмарында иондошуу процесси жүрүп, адегенде аздап, андан соң өтө тез өсө баштайт.

Ал Күн толук тутулуп, Ай фотосфераны толук жаап калганда күңүрт диска менен курчалган күлгүн кызыл шакекче түрүндө көрүнөт. Хромосфера фотосферадан туура эмес жайгашкан бир тектүү эмес түзүлүшү менен айырмаланат. Хромосфера негизинен өтө майда бүртүкчөлөр (спикулдар) жана спикулдардан түзүлгөн Хромосфералык торчодон турат. Хромосферада температура өтө тез жогорулайт, үстүнкү катмарында ондогон миң градуска чейин жетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек. Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов.