Күн нурунун тийиши

Википедия дан

Күн нурунун тийиши - Жер бетинин түз тийген же суммардык (түз жана чачыранды нуру менен кошо) Күн радиациясы менен нурлануусу.

Ал кандайдыр бир убакыт бирдигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун тийиши Күндүн бийиктик абалына, күн нуру түшкөн же бетинин деңиз деңгээлинин бийиктигине, о. эле ал жер бетинин кайсы кеңдикте жайгашуусуна ж. б. себептерге байланыштуу. Жер бетинин жана атмосферанын жылуулук абалы менен жердин климаттык шарттары жана өсүмдүк менен жаныбарлар дүйнөсүнүн биофиз., биохим. процесстери Күн нурунун тийүүсүнө тыгыз байланыштуу. Бул түшүнүк чет элдик адабияттарда «инсоляция» термини катары калыптанган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2