Күрмөк

Википедия дан
Күрмөк.

Күрмөк (лат. Echinochloa crusgalli) – дан өсүмдүктөр тукумундагы түр. Бир жылдык, бийикт. 20-100 см. Жалбырагы катуу өзөктүү, формасы сызыктай. Машакчалары калемчедей топ гүлдү түзөт. Күрүч айдоолорунун отоо чөбү. Жер шарынын мелүүн жана ысык алкактарында таралган. Анын уругу сугат суу аркылуу таралат да жоготуу өтө кыйын. Күрүчкө караганда К. уругу 10-25 күн мурда жетилип, күбүлүп, топуракта 20 жылга чейин сакталат. Күрөшүү чаралары: аңызды тоңдурмалоо; эгинди , картошка менен жүгөрүнү маалында малалоо; катар аралыкты иштөө; күрүч талаасын 8-10 күн бою 15-30 см тереңдикке чейин көлдөтүү жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]