Күрүч көл мөңгүсү
Күрүч көл мөңгүсү — Талас Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 3,8 км2.
Асса суусунун алабындагы эң чоң мөңгү. Башы 4160 м, этеги 3280 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3480 м. Мөңгүдөн Күрүчкөл өзөнү башталып, Аташчапкан суусуна (Күркүрөөнүн алабы) оң жактан куят.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2