Күрөң аюу

Википедия дан
Аюу.
Гризли.

Күрөң аюу (лат. Ursus arctos, Linnaeus, 1758) – сүт эмүүчү жаныбар.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизинен бийик тоолорду мекендейт. Аюулар Кыргызстанда өрөөндөрдөн башка бүткүл территорияларды ээлейт. Аюулар жашаган жерлер белгилүү: Тескей жана Күнгөй Алатоо, Нарын, Атбашы, Кыргыз, Талас, Чаткал, Фергана, Алай жана Заалай сыртындагы тоо кыркалары . Кыргызстандан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Индия, Непал, Пакистан жана Афганистан.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизинен бийик тоолуу аймактар.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өткөн кылымдын 70-жылдарында Чаткал тоо кыркаларынын жаңгак-мөмөлүү токойлорунда аюунун саны бир кыйла көп болгон. Ушул зоналарда 1 миң гектарда түрдүн жыштыгы 0,6-0,8 башка жеткен. Сарычелек коруктун 10-12 миң гектар территориясында түргө жагымдуу жерлерде 26 баш саналган. 1964-жылы Фергана тоо кыркаларынын чыгыш бетинде аңчылыктардын изилдөөлөрү боюнча 200 миңге жакын гектар аянтта аюунун жалпы саны 200-250 башты түзгөн. Ошондой эле Фергана тоо кыркасынын калган территорияларында, дагы Бабашата, Чандалаш, Пскем жана Талас тоо кыркаларында жашашы белгилүү. Тескей Алатоо, Кыргыз тоо кыркаларында жана Ички Тянңшанда 40 миң гектар территорияда 1-2 аюу гана саналган. Акыркы 10 жыл ичинде бардык жерлерде саны кескин азайды. Аюунун саны төмөн, бул жырткычка мүнөздүү эмес.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суткалык жашоо тиричилиги даана бөлүнгөн эмес. Эртең менен жана кечкисин азыктанууга чыгат. Туруктуу сезондук көчүүнү аюулар жасашпайт, белгилүү гана жерлерде болот, бирок тоют издеп же бир нерсени кууп убактылуу башка жерлерге көчүшөт. Жашоо тиричилик өзгөчөлүктөрүнүн бир кызыктуу жагы – анын кышкы чээнге кириши. Адегенде анча терең эмес кышкы уктоого кирет, андан кийин кыштын жарымына жеткенде, алар бара-бара катуу уктоого өтүшөт. Көбүнчө кышкы ийинин жардын же зоолордун жаракаларына салат. Аюунун кууту июнь-июль айларында жүрөт. Ушул убакта бир нече эркектери ургаачысын ээрчип жүрөт. Кээбирде эркектеринин ортосунда өлүмгө алып келүүчү талаш-тартыштар болот. Декабрдын аягында – январдын башында аюунун ийининде мамалагы туулат. Аны 6 ай көтөрөт. Ургаачысы көбүнчөсүн 2, чанда 3 көзү ачыла элек келген мамалакты тууйт, ар биринин салмагы 500 г дан ашпайт. Жыныстык жагынан алар 3 жашка жеткенде жетилет.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Браконңерлик.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо көбөйтүү боюнча маалыматтар белгилүү.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССРдин жана Кыргыз ССРинин Кызыл китептерине киргизилген. 1986-жылдан тартып азыркы убакытка чейин ага аңчылык кылууга тыюу салынган. Кыргызстандын коруктары менен заказниктеринде башка жаныбарлар менен бирге коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын чогулган жеринде жаңы коруктар менен заказниктерди уюштуруу. Жергиликтүү элдердин арасына түшүнүк иштерин жүргүзүү. Ушул түрчөнүн биологиясы начар изилденгендиктен көңүл буруу зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VII категория, Lower Risk/least concerned, LR/lc. Ареалы менен саны кыскарып бара жаткан түр. U.a.isabellinus Horsfeld, 1826 түрчөсү кездешүүдө. Республиканын территориясында аюунун сейрек түрчөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]