Күтүүсүздүк

Википедия дан

Күтүүсүздүк – алдын-ала божомолдонбогон, болору билинбеген окуянын болуп өтүшү жана анын өзгөчө башка окуялар менен күтүлбөстөн дал келип калышы. Деги эле күтүүсүздүк катары эсептелген окуялардын көпчүлүгү – бул мурда биз аз билген же таптакыр билбеген себеп менен натыйжалардын чынжыры десек болот. Бирок ар бир аң-сезимдүү тирүү жан себептик байланыштарга кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жана өз максатына ылайык окуяларды өзгөртүп же башкара алат (кара, максаттуулук). Ошол эле учурда биз таанып-билбеген башка адамдардын мүдөөсү, каалоо-тилеги да өз максатына ылайык, баш-аламан таасир этет да, натыйжада күтүүсүздүк пайда болот. Чындыгында, ал экинчи тарап үчүн атайын ойлонуштурулуп жасалган иш аракеттердин натыйжасы күтүүсүздүк эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8